Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Үч депутаттын кол тийбестиги: Чечимди парламент кабыл алат


Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков жана Бакытбек Жетигенов. Коллаж.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин караган депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамы, ким жетектей турганы азырынча белгисиз. Комиссия муну маселени талкуулаган биринчи жыйында чече турганы айтылды.

Комиссия бир айдын ичинде эл өкүлдөрүн жазага тартууга уруксат берер-бербесин иликтеп, корутундусун жалпы палатага алып чыгат. Депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев берген.

Мөөнөтү аяктап жаткан парламанттин кворум түйшүгү

"Кумтөр ишине" шектүү катары камакта жаткан Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы кезексиз жыйынында каралмак. Бирок кворум чогулган эмес. 1-декабрда дагы кворум жок парламент жыйыны бир сааттан ашык башталбай турду.

Жыйындын башталышында сапары карып бараткан парламентте "комиссия түзүүнүн зарылдыгы барбы" деген маселе жаралды. Бирок, төраганын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева кандай болбосун башкы прокурордун сунушу мыйзам чегинде аткарылышы керектигин белгиледи.

КСДПнын таасирдүү эки депутаты

Айрым эл өкүлдөрү экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана аны менен жакын санаалаш Төрөбай Зулпукаров убагында КСДП партиясынын таасирдүү депуттары болгонун белгилеп, азыр алардын кол тийбестик маселесинде эч ким ачык пикир айталбай жатканын сындашты. Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады.

Аккулу Бердиев.
Аккулу Бердиев.

"Мурда Жээнбековдун эшигин каккылап, бир кирип чыккандар өзүн бактылуу сезет эле. Азыр эми башына иш түшүп турганда бири да жок. Ошондуктан бул маселени жаңы депутаттарга калтыралы", - деди Бердиев.

Дагы бир депутат Акыл Кемелов Жээнбеков менен Зулпукаровдун фракциялаштарын ачык пикирин билдирүүгө чакырды.

"КСДПнын негизги депутаттары ушул жерде туруш керек эле. Азыр жок болуп жатканы күмөн жаратууда. Убагында эшигин каккылап, сагалап жүрүп көп маселесин чечип алышчу. Азыр бири дагы жок", - деди депутат.

Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигеновдун кол тийбестиги боюнча комиссия түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Үч депутаттын тагдырын парламент чечет

Ал эми "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кандай болгон күндө дагы Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигенов ириде парламент депутаты экенин эске салып, ар кандай себептерге карабай чечим чыгаруу керек деп эсептейт.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

"Кандай болбосун комиссия ыкчам чечим чыгарып, кворум чогулуп үч депутаттын тагдырын чечип беришибиз керек. Чыгара турган болсок чыгарып, каршы десе, каршы добуш берели. Ар кимибиздин башыбызга түшүп калышы мүмкүн. 5-6 жыл ошол депутаттар менен чогуу отурдук. Жолугабыз деп кезек күтүп турчусуңар. Кана ошол КСДПнын депутаттары жана лидери? Ошолор чыгарып алалы деп үндөшү керек болчу", - деди Сулайманов.

Ошентип, кайчы пикирлерден кийин жети кишиден турган комиссия түзүлдү. Ага КСДПдан Евгения Строкова, "Республика-Ата Журттан" Авазбек Абдугапаров, "Кыргызстандан" Канат Исаев жана Алмазбек Токторов, "Өнүгүү-Прогресстен" Тазабек Икрамов, "Бир Болдон" Мамасадык Бакиров, "Ата Мекен" фракциясынан Эмил Токтошев кирди. Комиссия камактагы депутаттардын кылмыш ишин карап чыгып, кол тийбестигин алууга уруксат берер-бербеси жөнүндө корутундуну палатага алып чыгат. Комиссиянын мүчөсү, депутат Канат Исаев буларга токтолду.

Канат Исаев.
Канат Исаев.

"Күнөөсү барбы, жокпу жана иш кандай козголуп, тергелип жатканына өзүбүздүн баабызды берели. Комиссия иштин жыйынтыгын жалпы палатага алып чыгат. Ал жыйынтыкты кабыл албайбы же жокпу, аны палата чечет", - деди Исаев.

Баш мыйзамдын 78-беренесинде парламент депутаты кылмыш жасоо маалында кармалган учурдан тышкары Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын макулдугу менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган.

Жогорку Кеңештин үч депутатын кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин караган депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү, депутат Тазабек Икрамовдин пикиринде, Жээнбеков менен Зулпукаровдын күнөөсү жок.

"Так жазылып турат. Депутат айткан сөзүнө куугунтукка алынбайт деп. Алардын эч кандай күнөөсү жок. Ошондой чечим чыгат го деп ойлойм. Күнөөсү болсо ушул кезге чейин айып коюлмак", - деди Икрамов.

Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып камалган. 25-ноябрда Биринчи май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узартты. УКМКнын маалыматына ылайык, аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Кумтөрдөгү экология маселесин көтөрүп жүргөн активист Нарис Калчаев Жээнбеков менен Зулпукаровдун иши сөзсүз тергелиши керек деген пикирде.

“Мурунку төрага болгон учурдагы стенограмманы караса болот. Ошол кездеги жыйындарды үзгүлтүккө учуратканга аракет кылган. Зулпукаров таасирдүү депутат катары иликтениши керек. Экөөнүн тең моралдык жоопкерчилиги бар. Таза болгон адам эч кандай кол тийбестикке таянбашы керек”, - деди Калчаев.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

Ал эми үчүнчү депутат Бакытбек Жетигенов "Бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармалып, 27-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-январга чейин камалды. Ал ортодо 1-декабрда Бишкекте камактагы депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары маалымат жыйын өткөрүп, анын күнөөсү жок экенин, үй камагына чыгарууну бийликтен суранышты.

Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген. УКМК кармалган адамдарга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын кабарлап, иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG