Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Теледебат: Оппозиция, диний салык жана Кумтөр


Данияр Астаров, Мирбек Мияров, Өмүрбек Текебаев жана Нуржигит Кадырбеков.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу дебаттардын үчүнчү күнүндө дагы төрт партиянын лидерлери таймашты.

Алар “Күчтүү регион”, “Ордо”, “Ата Мекен”, “Ыйман Нуру” саясий топтору. Бул жолку беттеш негизинен суроо-жоопторго жооп берүү жана бири-бирин алкоо менен гана коштолду. Ошентсе да азыркы бийликтин дарегине анча-мынча сын-пикирлер жаңырды.

Оппозиция жана мыйзамдардын аткарылышы

Алдыңкы эки күнкү таймаштардан айырмаланып 24-ноябрдын кечиндеги дебатка жалаң партия жетекчилери келди. Тагыраагы “Күчтүү регион” партиясынын лидери Данияр Астаров, “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана “Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков катышты.

Алгачкы кайрылууда Астаров алар жергиликтүү бийликтерди өнүктүрүүгө басым жасай турган топ экенин айтса, Мияров алар мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, экс-бажычы Райымбек Матраимов артында турган партияларга каршы чыккан күч экенин билдирди. Кадырбеков болсо өз партиясын “ыймандуу жана таза партия” деп баалады.

Текебаев ал жетектеген партия азыркы бийликке оппозиция экенин маалымдап, президент Садыр Жапаровдун бир нече күн мурун айткан сөзүн сынга алды:

“Бүгүн да Кыргызстанда жеке бийлик, өзүм билемдик саясий системасы орноп жатат. Бул жол менен туңгуюкка барабыз. Бул туура эмес жол. Биз башка жолду сунуштайбыз. Ошон үчүн биз өзүбүздү бүгүнкү бийликке альтернативабыз деп жарыяладык. Ооба, биз Садыр Жапаровго оппозициябыз. Бирок, анын душманы эмеспиз. Кыргызда “дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” дейт. Бүгүн сүйдүрүп айткандар президенттин жанында. Чындыкты айткандар душман деп жарыяланды. Садыр Жапаров саясий оппоненттерин эле эмес, кыштын суугуна үшүгөнүнөн, кымбат баалардын азабынан бүгүнкү кырдаалга нааразы болгон жөнөкөй адамдарды да өзүнүн душманы деп жарыялады. Президент – Конституциянын, элдин биримдигинин гаранты. Элди бөлүп-жарган президенттин статусуна туура келбейт. Президент ар бир жаран үчүн бирдей кам көрүп, бирдей мамиле жасаш керек”, - деди Өмүрбек Текебаев.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 22-ноябрда Бишкекте жаңы конуштардын тургундары менен жолугушуп жатып, “саясатчылардын арасында эле эмес, эл арасында да душмандары бар” экенин айткан. Ал муну көмүр рыногундагы спекуляцияга байланыштуу кеп кылган. Жапаровдун бул сөзү тууралуу Текебаевдин билдирүүсү боюнча президенттик аппарат үн ката элек.

Бир күн мурдагы дебатка катышкандарга берилген суроо бул жолку беттешке келген талапкерлерге да жолдонду. Ал мыйзамдарды инвентаризациялоо жөнүндө болчу.

“Күчтүү регион” партиясынын лидери Данияр Астаров “бул өнөктүктү колдоого алыш керектигин, карама-каршы мыйзамдар шайкеш келтирилиши керектигин” кеп кылса, “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров “эгер мыйзамдарды азыркы парламент караса, аны андан бешбетер чалкеш кыларын” айтты. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыр “айтып, бирок кайта берген бийлик азыр айрым мыйзамдарды жойсо, кийин кайра кабыл алышы мүмкүн” деген пикир келтирди.

“Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков “кеп мыйзамдарды аткарууда” экенин ортого салды:

“Юридикалык жактан караганда, жаңы Конституция кабыл алынды, калган мыйзамдар да ошого шайкеш келтирилиши керек. Бул жагы да бар. Анан инвентаризациялоо - бул электен өткөрүү деген эле сөз. Мени ойлондурганы башка, инвентаризация кыласыңбы же жаңы жазасыңбы мыйзам аткарылбаса, мамлекеттин кадыры кете берет. Ошону үчүн аткарыла тургандай кылалычы. Мисалы, “көчөдө түкүрсөң 5 миң сом төлөйсүң” деген мыйзам, “сөгүнгөндө айып төлөйсүң” деген мыйзам аткарылдыбы? Жок. Ошону үчүн мыйзамдар татынакай үйдү элестетет, бирок кирерге эшиги жок. Аткарылганын калтыралы, аткарылбай турганын жоюп салыш керек”, - деди ал.

Парламенттин аброю, диний салык жана Кумтөр

Кийинки кезекте “Парламенттин аброюн кантип көтөрүш керек?” деген суроо берилди. Кадырбеков мунун баары шайлоого байланарын, добуш сатып алгандар депутат болсо, ал көтөрүлбөйт” деди. Текебаев да ушул өңүттө ойлору менен бөлүшүп, “парламент жетекчилери менен фракция лидерлери тажрыйбалуу болушу керек” деп пикир айтты. Мияров буга “олигархтар күнөөлүү” десе, Астаров “шайлоочулар жөн эле сындагандарды эмес, тажрыйбалууларды тандаш керек” деп жооп берди.

Үчүнчү суроо үй-бүлө институту тууралуу болду. Алып баруучулар ажырашкандардын саны көбөйүп жатканын белгилешип, мунун алдын алуу жолдорун сурашты. Мында да төрт партиянын лидерлери түрдүү сунуштарын жарыялашты.

Журналисттер мындан кийин “Диний мекемелерди каржылоо үчүн атайын салыктын кереги барбы-жокпу?” деп сурашты.

“Ыйман Нуру” партиясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Европа өлкөлөрүндө өкмөттүк эмес уюмдардын катарында диний мекемелерге да каражат бөлүнүп турарын белгилеп, Кыргызстандагы диний уюмдар араб өлкөлөрүнөн каржы алып жатканын айтты. “Ал бул мекемелерге мамлекет жардам бериши керек” деди.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мурда парламентте депутат болуп турган учурда “диний салык” деген түшүнүктү сунуштаганын, бирок ал Конституциянын беренелерине карама-каршы келгени үчүн өтпөй калганын маалымдады. Анын пикиринче, зекетти салык сыяктуу кылып, аны мамлекет жыйнап, мечиттерге берип туруш керек экен.

24-ноябрдын кечиндеги теледебат.
24-ноябрдын кечиндеги теледебат.

“Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров “Кыргызстан светтик өлкө экенин айтып, мечиттерди же имамдарды мамлекеттин каржылоосу туура эмес” деди. “Күчтүү регион” партиясынын лидери Данияр Астаров да ушул мааниде үн кошту:

"Сиздин сурооңуздун өзү чагымчыл болуп жатат. Анткени сиз дин менен светтик түшүнүктү бири-бирине карама-каршы коюп жатасыз. Алгач баалуулуктарды аныктап алышыбыз шарт. Кыргызстан көп улуттуу, көп конфессиялуу өлкө. Биз эгер диний салыкты киргизсек, аны бир эле ишенимге байлап койгон болуп калбайбызбы. Анда биз аны башка да диний ишенимдерге байлашыбыз керек болуп калат. Ошондуктан мен бул маселени көтөрүү өтө эрте деп эсептейм. Ошол эле мечиттер жана чиркөөлөр азыр зекеттердин негизинде иш алып барышууда. Азыр андан башка да маанилүү көйгөйлөр толтура”, - деди ал.

Теледебаттын экинчи раунду талапкерлердин бири-бирине суроо берүүсүнө арналган. Бул бөлүктө партия лидерлери төртөө тең дээрлик ар бир атаандашына собол узатып, жооп алууга үлгүрүштү. Анын ичинде энергетикалык кризис, газ системасы, административдик-аймактык реформа, шайлоо системасы, үгүт иштериндеги алешемдиктер, туризм, уулуу калдыктарды сактоочу жайлар жана башка темалар талкууланды. Бул бөлүктө Кумтөр кенине байланыштуу алым-сабак бир топ кызыды.

Мирбек Мияров Өмүрбек Текебаевге кайрылып, “2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөр кенин Кыргызстанга кайтаруу тууралуу маселе көтөргөндө эмне үчүн колдобой койгонсуз?” деп суроо берди. Текебаев ага минтип жооп узатты:

“Садыр Жапаровдун 2012-жылы Жогорку Кеңешке сунуштаган токтомун колдосо Кумтөр мамлекетке өтүп калат экен деген жаңылыш түшүнүк бар. Ал токтомду биз колдогон эмеспиз, анткени “2003-жылкы, 2009-жылкы элге каршы келишимдерге кол койгон чиновниктер жазалансын” деген сунушубуз ага кирбей калган. Биз чыккынчыларды, коррупционерлерди эл билиш керек деп талап кылган элек. Бүгүн баары “Кумтөрдү биз алдык” деп айтып жатышат. Мен ачык айтып коёюн, биз “Центерранын” бир дагы акциясын алганыбыз жок, “Кумтөр Голд Компанинин” бир мыгын алган жокпуз. Алыш үчүн кызыл китеп дегендей эле документ кылып, өзүбүзгө өткөрүшүбүз керек. Биз антип өткөрбөй эле, Кумтөрдү жөн эле басып жатабыз. “Гаишник” машинени алып, айып короосуна токтотуп койгондой эле болуп жатат. “Ээси качан келет экен, канча берет экен” деп күтүп олтурабыз. Эгер мен туура эмес айтсам, президенттин пресс-кызматы эртең “Текебаев туура эмес айтып жатат” деп чыксын. “Ата Мекен” партиясы 2010-жылдан бери Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндө эки мыйзам киргизген. Аны кабыл алсак, кен толугу менен мамлекетке өтмөк. Бирок Садыр Жапаровдун бийлиги келгенден бери да ал мыйзамдар ордунан жылган жок”, - деди.

2012-жылы Садыр Жапаров депутаттык комиссиянын төрагасы катары Кумтөр кенине Кыргызстандын атынан оперативдик башкаруу киргизүүнү сунуштаган. Ал муну “Кумтөр Алтын Компани” аттуу мамлекеттик ишкана түзүп, ошол аркылуу ишке ашырууга болорун айткан. Ал өзү муну ал кезде “улутташтыруу эмес” деп баа берген. Бирок анда парламент бул чечимди колдобой койгон, кийин өзү ушул боюнча митингдерден кийин камалган.

Жапаров быйыл президент болуп шайлангандан кийин, май айынын ортолорунда Кыргызстан “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкаруу киргизген. Бул боюнча ишканага ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен соттошуу да, сүйлөшүү да уланып келет.

Аймактарды өнүктүрүү жана Чүйдөгү көйгөй

Талапкерлердин атаандаштарга суроо берүү бөлүгүндө мындан сырткары Баткендеги чатак, чек ара окуялары, үйсүз жарандар, ипотекалык саясат, экономика, миграция, айыл чарбасы жана башка маселелер козголду.

Аймактарды өнүктүрүү жөнүндө жалпы талкуудан сырткары Кыргызстандын Чүй облусундагы жагдайга басым жасалды. Текебаев аталган облусту жетектеп калган Мирбек Мияровго кайрылып, “Ички миграциянын эсебинен Чүйдө эл көбөйүп, абдан оор абал болуп жатат. Мындан чыгуунун кандай жолдорун көрөсүз?” деп сурады. Былтыр октябрдагы окуялардан кийин кыска мөөнөткө аймакты башкарган Мирбек Мияров ага мындайча жооп кылды:

“Чүй облусунун бир топ конуштарын Бишкекке өткөрүш керек. Себеби, облустун аймагындагы жерлерди трансформациялоо абдан татаал, аны шаарга кошсок жеңилдемек. Биз 350 миң киши жашаган 5 миң гектарлык жерди мэрияга берели дегенбиз. Аны мэрия шаардык кеңештин чечими менен, саясий эрк менен өзүнүн балансына ала турган болсо шаардын калкы да, жери да, бюджети да өсмөк. Элдин турмуш шарты да оңолмок. Чүй облусу Кыргызстандын 48% өнөр жайын, 26% айыл чарбасын берет. Бирок бюджетке келгенде облуска эмнегедир өтө аз бөлүнөт. Союз убагынан бери белгилүү Чүй өнүксө Нарынды, башка облустарды дотация кылып турчу. Азыр Чүйдө 125 объект салынбай турат, 600 орундуу мектепте 1500дөй бала окуйт. Айыл чарбасында, сууда, жолдо көйгөйлөр көп. Чүй экономиканын авангарды, ошон үчүн ага көңүл бөлүш керек”, - деди ал.

24-ноябрдын кечиндеги теледебат.
24-ноябрдын кечиндеги теледебат.

Ушул эле сөздөрдөн кийин Данияр Астаров сөз алып, мурда айыл өкмөттү жетектеген киши катары аймактарды өнүктүрүү темасына кайрылды.

“Жалпак тил менен республикалык бюджетти 100 сом десек, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга 15 сом бөлүнөт. Борбор Бишкек менен Ош шаарына дагы 5 сом кетет. Анан ошол каражат 882 өзүн-өзү башкаруу органдарына жетеби? Быйыл бюджет 182 млрд. сом менен жабылганы жатпайбы, жергиликтүү бийликтерге мурдагы эсептерди алсак 20 млрд. сомдой гана акча берилет. Болбосо 452 айыл өкмөттүн 80% дотацияда отурат. Ошондуктан бүгүнкү күнү аймактарды өнүктүрүү үчүн аларга каражаттарды көбүрөөк бөлүш керек”, - деди ал.

Кадр саясаты, бийликчил партиялар жана “Ыйман” фондунун каражаттары

Дебаттын экинчи бөлүгүндө айыл өкмөттөрдү дайындоо укугу жергиликтүү кеңештин депутаттарынан алынып акимдерге берилгени, парламенттик башкаруу жана борборду жылдыруу сыяктуу темалар да сөз болду.

Суроолорго жооп берип жатып “Ордо” саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров азыркы бийликтин кадр саясатын сынга алды:

“Албетте, биз Жогорку Кеңешке келе элекпиз. Демек, парламенттин сыртында жүргөндөр оппозиция деп эсептелинет. Биз бүгүнкү күндө бийликтин кадр саясатына каршыбыз. 2010-жылы бийликтен кеткен канкор Бакиев менен чогуу кеткен кадрлардын кайрадан келип жатканын колдобойбуз. “Саясий коррупцияны” пайдалануу менен мурдагы бийликтин тушунда үч партия 120 мандатты бөлүштүрүп алган эле. Бүгүнкү күндө да президент “таза шайлоо болот” деп айтып жатат, бирок анын сөзүн жанындагы жан-жөкөрлөрү укпай калса керек. Анткени азыр кайра эле бийликчил партиялар, болгондо да алты партияны сүрөп, алып келе жатышат”, - деди ал.

Үчүнчү раундда адаттагыдай эле талапкерлерге шайлоочулардан келген суроолор берилип жатты. Астаровго парламенттик башкаруу, тоолуу аймактар, партиясы, жумушсуздук жана башка темада суроолор жолдонду. Мияровдон болсо кызматка барганы, онкологиялык ооруга чалдыккан балдар, партиялардын биригүүсү сыяктуу нерселерди, Текебаевден партиясындагы мурдагы талапкерлердин чачырашы, каражаты, калкты насыялоо сыяктуу маселелерди сурашты.

“Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбековдон алты суроонун ичинде "Сиздердин партияда динчилдер көппү?" деген суроо берилди. Ал өзү жетектеген саясий уюмда бир эле диний ишмер бар экенин, өзү болсо чет өлкөлөрдө светтик билим алып келгенин айтты.

Дагы бир суроо Кадырбеков президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген “Ыйман” фондунун каражаттары тууралуу болду. Аталган уюмга Түркиядан берилген 5 млн. доллардын отчёту коомчулукка берилбей калганына байланыштуу буга чейин бир топ нааразылыктар чыккан эле.

“Бул суроо бизди анча жактыра бербеген адамдар тарабынан даярдалганы көрүнүп турат. Бизден стипендия катары маяна алган, окуулардан, тренингдерден өткөн имамдар, мечиттердин кызматкерлери тирүү, алар дале иштеп жатат. Биз кантип иштегенибизди, ошолордон сурасаңыздар болот. Биз адепке үйрөтүүчү фильмдерди, китептерди чыгарганбыз. Имамдарды окутканбыз, 3 миңдей имам төрт-беш жолудан окуудан өткөн”, - деп жооп берди Нуржигит Кадырбеков.

22-ноябрь күнү башталган дебаттын биринчи таймашына “Аруузат – Эл Куту”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Альянс” партияларынын өкүлдөрү, 23-ноябрдагы экинчи беттешине “Жашасын Кыргызстан”, “Кыргызстан Жашылдар партиясы”, “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Азаттык” партиясынын өкүлдөрү катышкан. Дебат дагы эки күн уланат, аларда калган тогуз партия таймашат. Жарышта жалпы 21 партия бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG