Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Каатчылыктын шайлоого таасири


Бишкектеги базарлардын бири.

Кыргызстанда ушул апта аягында Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Бул саясий жарыш азык-түлүк жана күйүүчү май кыйла кымбаттаган учурга туш келди. Экономикада өсүш анча эмес, экспорт кыскарууда, мамлекеттик карыз көбөйүүдө. Ага кошул-ташыл энергетика да оор абалда турат.

Каатчылык жарандардын депутаттарды тандоосунда кандай роль ойнойт? Парламенттин жаңы курамынын алдында кандай чакырыктар турат? “Элдик экономика” берүүсүндө мына ушул маселени талдайбыз.

ИДӨ, инфляция жана тышкы соода

Парламенттик шайлоо он биринчи айдын аягында өтүп жатканы менен көп көрсөткүчтөрдүн тогуз-он айлык эсептери гана чыкты. Ага карабай жагдайды талдоого аракет кылып көрөлү.

Анда сөзүбүздү адаттагыдай эле ички дүң продукт, же ички дүң өнүм (ИДӨ) менен баштайлы.

ИДӨ – бул кадимки жашылча, мөмө-жемиштерден баштап, кен байлыктарга чейин, өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана транспорт, туризм, соода сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү.

Улуттук статистика комитетинин Улуттук эсептер тутуму жана экономикалык теңдемдер бөлүмүнүн башчысы Рыскелди Өмүралиев он айга карата мекеменин баштапкы эсеби менен тааныштырды:

Рыскелди Өмүралиев
Рыскелди Өмүралиев

“Алдын ала баалоо боюнча 2021-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукт 556 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2020-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 1,6% жогорулады. “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, быйылкы январь-октябрь айларында ИДӨнүн көлөмү 506 миллиарддан ашык сомду түздү жана 4,1% жогорулады”, - деди ал.

Деген менен 2020-жылы бул маалдарда пандемия күч алып турган жана анда бардык көрсөткүчтөр артка кеткен эле. Ошондуктан былтыркыга салыштырылган быйылкы сандарды өсүү деп айтуу орунсуз болуп калчудай.

Маселен, 2020-жылы бул аралыктагы ички дүң өнүмдүн көрсөткүчү 2019-жылга караганда такталган эсепте 7,3% артка кеткен.

Демек, 2021-жылдын январь-октябрынын эсеби так ошол төмөндөгөн сан менен тең келе жатат десек болчудай. Башкача айтканда өсүш жок.

Кыргызстандын 10 айлык ички дүң өнүмдөрүн салыштыруу. 2019-жыл, 2020-жыл жана 2021-жыл.
Кыргызстандын 10 айлык ички дүң өнүмдөрүн салыштыруу. 2019-жыл, 2020-жыл жана 2021-жыл.

Арийне, бийлик быйыл экономика кеминде 5%, болбосо 10% чейин өсөт деп пландаган. Бирок кийин секирик 3,8% болору такталган. Жыл жыйынтыгында темп ушуга да жетери күмөн болуп турат.

Өлкөдөгү баанын өсүшү же инфляцияга келсек, анда да кубантарлык жагдайлар аз.

Улуттук статистика комитетинин Жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева жыл башынан берки инфляция тууралуу буларды маалымдады:

Чынара Турдубаева
Чынара Турдубаева

“Ушул жылдын январь-октябрында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 7,9% түздү. Ушул эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 10,3%, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 9,4%, азык-түлүк эмес товарларга 8,2%, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 1,9% өсүүлөрү байкалды”, - деди ал.

Ооба, он айдын жыйынтыгында Кыргызстанда инфляция 7,9% түзүп, башка товарларга карата баа 15% чейин өскөнү маалымдалып жатат.

Бирок эгер өткөн жылдын башындагы бааларга салыштырсак, кээ бир товарлар 20-30%, айрымдары 50-60% чейин кымбаттады. Муну өзгөчө бензиндин, көмүрдүн, эттин, өсүмдүк майынын, шекердин жана башка нерселердин бааларынан көрүп жатабыз.

Тышкы соода жүгүртүү жөнүндө сөз кылсак, анын акыркы эсептеринде жылыштар байкалат.

Кыргызстандын 2021-жылдын 9 айындагы тышкы соода жүгүртүүсү.
Кыргызстандын 2021-жылдын 9 айындагы тышкы соода жүгүртүүсү.

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү тогуз айда 5 млрд. долларды түзүп, мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 19,6% көбөйдү. Бирок анын ичинде экспорт 22,5% азайганы көрүнөт. Ал эми импорт тескерисинче 43,6% өсүп жатат. Бул жагынан алатоолуктардын чет жактан буюм-тайым сатып алуусу арбып жатат десек болот. Сатчу нерселерибиз кемип баратат.

Инвестиция, мамкарыз жана бюджет

Экономиканын дагы бир маанилүү көрсөткүчү бул – түз инвестиция. Анын санагы кыйла кечигип чыгат, ошондуктан жарым жылдыкын гана баяндайбыз.

2021-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанга келген тикелей инвестиция 321 млн. долларды түздү. Бул былтыркыга караганда эки эсеге көп, бирок мурдагы жылкыга караганда баары бир аздык кылат.

Ал эми чыгып кеткен инвестиция быйыл январь-июнда жарым миллиард доллардан ашты. Бул былтыркыдан азайган. Бирок “капиталдын качышы” ага чейинки көрсөткүчкө салыштырмалуу баары бир көптүк кылат.

Дагы бир каржылык көрсөткүч – Кыргызстандын мамлекеттик карызы. Соңку эсепте анын көлөмү дээрлик 4 млрд. 874 млн. долларга жакындады. Бул сумманын 85% тышкы карыз, 15% ички карыз. Албетте, мамлекеттин бересесин кечтирүү же жылдырып төлөө аракеттери уланып жатат. Бирок сиз көрүп жаткан сандар азыркы реалдуулук.

Экономикадагы жагдайлардан көз каранды болгон башкы нерсе бул – бюджет. Жергиликтүү бюджеттерди коё туруп, республикалык бюджеттин өзүн алсак ал быйыл аз-маз өстү.

Кыргызстандын 2021-жылга карата республикалык бюджети.
Кыргызстандын 2021-жылга карата республикалык бюджети.

Тагыраагы жыл башында бекитилген бюджетке салыштырмалуу такталган бюджетте мамлекеттик казынанын кирешеси 172 млрд. сомдон 188 млрд. сомго көбөйдү. Аны менен бирге чыгаша да арбыды – мурдагы 181 млрд. сом кийин 207 млрд. сом болду. Натыйжада ортодогу айырмачылык эки эсе өстү. Башкача айтканда, дефицит 8 млрд. сомдон 19 млрд. сомго көтөрүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте бюджетти коргоп жатып, кирешени көбөйтүүнүн эки булагын мындайча атаган эле:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Мурда өзүм финансы министри болгон Министрлер кабинетинин учурунда киргизилген бюджетке салыштырмалуу бажы инспекциясына 50 млрд. сомдон ашык, салык инспекциясына 50 млрд. сомдон ашык акча кошуп жатабыз. Мындан сырткары атайын каражаттар жана салыктык эмес кирешелер менен жалпы жонунан 2 млрд. долларга жакын каражат табабыз деп жатабыз. “Бажыдан бирөөлөр 1 млрд. долларды чөнтөгүнө алып жатат” деп көп эле айтчу элек. Мына ошону бюджетке кайтаралы деген тапшырманы алдык, ошол милдет менен Министрлер кабинетинин төрагалыгына келдим”,-деген ал октябрдын аягында.

Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик келерки жылдардын бюджетин бириктирип сунуштады. Аны расмийлер “Консолидацияланган бюджет” деп атап жатат.

Анда республикалык бюджет менен Бишкек, Ош шаарлары баштаган калаалардын бюджети да кошулуп эсептелүүдө. Жалпы бюджетте мындан сырткары Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кирешелери жана активдер менен милдеттенмелер да чогуу каралууда.

Аткаруу бийлиги “Консолидацияланган бюджетти" 2022-жылы 400 млрд. сомго, 2023-жылы 500 млрд. сомго, 2024-жылы 600 млрд. сомго жеткирерин убада кылууда.

Кыргызстандын 2022-жылга карата “Консолидацияланган бюджети".
Кыргызстандын 2022-жылга карата “Консолидацияланган бюджети".

Айрымдар мындан күмөн санап чыгышса, кээлери өкмөт шаарлардын бюджеттерин, соцфондду жана башка нерселерди жалпы бюджетке кошуп, коомчулукту манипуляциялап жатат деп айыпташкан.

Канткен күндө да Жогорку Кеңештин келерки чакырылышы так мына ушул сандарды карап, анын аткарылышын көзөмөлдөшү керек болот. Парламент өз чечимдери менен жалпы эле экономикага да таасир эте алары, айтпаса да түшүнүктүү. Ошол себептүү да жаңы шайланчу депутаттар экономикалык жактан сабаттуу болгону максатка ылайыктуу.

Шайлоо боюнча адис Атай Бейшенбек уулу мындай үн кошту:

“Министрлер кабинетинин азыркы төрагасы партиялардын баарын аттап өттү. Бир да партия андай көрсөткүчтөрдү убада кыла алган жок, себеби программалары жетиштүү эмес болуп жатат. Жадагалса коюлуп жаткан миллиарддык пландарга комментарий да кыла алышпай атышпайбы. Болбосо биз үчүн так ошол бюджетти түшүнгөн, анын аткарылышын көзөмөлдөгөн депутаттар керек эле да. “Ал каражаттар каяктан? Аны мамлекеттик мүлктөрдү сатып жиберип көбөйтүшпөйбү?” деген сыяктуу да суроолорду коё албай жатышат. Калк дагы мына ушул темаларды түшүнгөн, кризистерде жол тапкан кишилерге эмес, “өз бала, жердеш, ун тараткан, май тараткан” деген критерийлер менен карап жатат. “Мобу мыйзамды өзгөртүп, жашоо-турмушту оңдо” деген талаптар коюлган жок”.

Кризистер жана шайлоо

Адистер белгилегендей, мурдагы шайлоолордо экономикадагы терс көрсөткүчтөрдү, кымбатчылыкты жана башка жагдайларды көбүнчө талапкерлер пайдаланып кетчү. Алар бул үчүн аткаруу бийлигин айыптап, өздөрү сунуштарды айтып турчу. Азыркы шайлоодо бул көрүнүш кыйла пассивдүү экени байкалат.

Атай Бейшенбек уулу
Атай Бейшенбек уулу

“Ар бир жарышта кризисти бетке кармашып, же кымбатчылыкты ортого коюп, “мына бул бийлик ушундай кылып жатат, баарын кымбаттатып жиберди” деп упай топтошчу. Бирок азыр айрым партиялар менен айрым талапкерлерди эле эске албаганда, буга байланыштуу бийликке кескин сын айткандар жокко эсе. Эмне үчүн? Анткени көбү бийликтен коркот. Экинчиден, сындагандан кийин “ал маселени кантип чечүү керек?” деген суроого өздөрү жооп берип, программа, сунуш бериш керек да. Андай сунуштар да байкалбайт. Көбүнчө талапкерлер жалпы эле убадалар, эл билген лозунгдар менен эле чектелип калышууда. Үчүнчүдөн, өздөрү сунуштаган программада мына ушуларды камтыйм дешсе, анда аны аткаруу механизми болуш керек. Негизи эле азыркы талапкерлердин көбү парламентте ыйгарым укуктарын билбеген абалда шайлоого баратат. Жаңы Конституцияга ылайык, парламенттин мүмкүнчүлүктөрү алынган. Өкмөттү же курай албаса, же кетире албаса, анын ишин кантип көзөмөлдөйт? Өз программаларын кантип ишке ашырат? Мына ушуларды билбей, өз ыйгарым укуктарын түшүнбөй эле кайдагы бир убадаларды берип жаткандар көп”, - деди Атай Бейшенбек уулу.

Көмүрдүн тоннасы 10 миң сомго чейин сатылып жатышы, күйүүчү майдын наркы литрине 60-70 сомго чейин жеткени жана электр энергиясынын улам-улам үзгүлтүккө учураганы азыр шайлоочулардын көңүл борборунда турган чак. Өлкөнүн башкы гидроэлектрстанциясы – “Токтогулда” суу аздыгынан электр энергиясы тартыш, күн алыс өчүрүүлөр колдонуучуларды түйшөлтүүдө.

Саясий талдоочу Адил Турдукулов ушундай шартта өтүп жаткан саясий өнөктүккө мындай мүнөздөмө берди:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Негизи шайлоону кышты утурлап өткөрүшкөнү да саясий жана экономикалык себептен болчу. Анткени, кандайдыр бир нааразылыктар болсо суукта эч ким көчөгө чыкпайт деп пландашкан. Бирок бир жагынан качса, экинчи жагына кептелишти. Көмүргө баа өтө кымбат, суу жоктугунун айынан электр энергиясы тынбай өчүп жатат. Бийлик ошол үчүн аталган маселелер менен көп алпурушуп жатат. Себеби шайлоодон кийин жарандар мына ушул нерсеге нааразы болуп чыга калбасын деген аракет. Өзгөчө кымбатчылык элдин бийликке болгон терс маанайын күчөтүүдө. IRI уюму өткөргөн сурамжылоодо да кыргызстандыктардын көбү негизги үч көйгөйдүн бири катары – кымбатчылыкты көрсөткөнү муну ырастап турат. Бирок бийлик азыр ошол эле күйүүчү майдын же көмүрдүн баасын кармап туруу үчүн жасаган аракеттери аны чечүүгө эмес, убактылуу артка жылдыруу гана максатын көздөйт. Кымбаттаса кымбаттасын, бирок шайлоодон соң бир топ убакыт өткөндөн кийинки мезгилге алып келсе экен дегени көрүнүп жатат”.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышын шайлоо былтыркы жылы үзгүлтүккө учурап, ал соңунда бийлик алмашууга, башкаруу системасынын өзгөрүшүнө алып келген. Депутаттардын жаңы курамы бир жыл кечигүү менен шайланууда. Добуш берүү 28-ноябрда өтөт.

Кымбатчылык коштогон шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:07 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG