Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Алымкулов: Сууну берип жарыксыз отурган болбойт


КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Карыпбек Алымкулов.
КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Карыпбек Алымкулов.

Өкмөт кошуна өлкөлөрдөн көз каранды болбой тургандай энергетикалык система курууга умтулушу зарыл. Мындай көз карашын "Азаттыкка" Эл аралык инженерлик академиянын академиги, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Карыпбек Алымкулов билдирди. Ал бийликтин кышкысын электр энергиясына чектөө киргизүү, көмүрдү арзандатылган баада сатуу сыяктуу чараларына пикирин билдирди.

- Карыпбек мырза, суук түшкөнү көмүр негизги маселеге айланып, өкмөт электр энергиясын үнөмдөө боюнча чара көрө баштады. Кыштан чыгуубуз кандай болчудай?

- Кыштан чыгыш кичине кыйыныраак боло турган болуп калды. Анткени Казакстан менен Өзбекстан биз менен мурда түзгөн келишими боюнча бере турган электр энергиясын бербей жатышат.

Казакстан 700 миллион кВт/саат, Өзбекстан 1 миллиарддан ашык кВт/саат электр энергиясын бермек. Алар азыр эмнегедир бербей калышты "Бизге өзүбүзгө жетпей жатат" деп.

Бирок аларда энергия Жылуулук электр станциясынан чыгат, гидроэлектр станциялары энергиянын 10% эле берет. Жылуулук станциялары аларда көмүр менен иштейт. Эмне үчүн жетпей жатканы түшүнүксүз.

Ошондуктан бизге ойлонуш керек. Азыр мына 11,4 миллиард куб метр суу бар. Ошону үнөмдөп кетирип, энергияны Токтогул ГЭСинен төмөнкү жактагы Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтеринен көбүрөөк алыш керек, Токтогулдан бир-эки генераторду гана иштетип.

Эмки жайда кыргыздар дагы ойлонушу керек, сууну берип эле алардын жерин сугарып, анан өзүбүз кышында ушинтип кыйналып отурабызбы же жокпу деп.

- Азыр айрым жерлерде электр жылыткычтарын пломбалап кетип жатышканын көрдүк, үч фазалуу абоненттерге да чектөө коюлууда, булар канчалык натыйжалуу чара үнөмдөө үчүн?

- Бул эми туура эмес чара. Ар бир абонент менен техникалык шарттар боюнча келишим түзүлгөн. Анан азыр келип эле үч фазаны алып, жеке үйлөрдү, ишкерлерди 5 киловатт чектөө коюу туура эмес. Элге мындай дүрбөлөң кылбаш керек азыр.

- Анын натыйжалуулугу канчалык? Чынында эле электр энергиясын үнөмдөөгө жардам береби?

- Жардам береби, жокпу, ким билет, бирок бул жерде коррупция күчөшү мүмкүн. Ошол эле текшерип келген балдарга керектөөчүлөр акча берип коет да, мурункудай колдоно берет. Коррупцияны токтотобуз деп кыйналып жатабыз, бирок "кесип таштадык", "тигиндей же мындай кылдык" дегенди кылбаш керек. Эл акчасын берет да, электрди пайдаланууну уланта берет.

- Анда өкмөткө кандай кеңешиңиз бар?

- Элге чектөө коюп, "ашып кетсе өчүрүп салабыз" дегенди токтотуш керек. Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүү абзел. Алар менен түзүлгөн келишимдин негизинде энергияны алыш керек. Түркмөндөрдөн алыш керек. Эгер болбой баратса, Орусиядан алуу зарыл. Элди чектеп, кыйнабаш керек.

- Көмүрдү арзандатылган баада сатуу жагы уюштурулду. Бишкекте бир нече кампа ачылды, аймактарда да ачыларын бийлик убада кылууда. Бирок мында көмүр ташыган жеке ишканалардын кызыкчылыгы тебеленип жатканын айткандар да, ошол эле учурда 10 миң сомго чыгып кеткен шартта көмүрдү 3 миң сомдон саттыруу эл үчүн туура жардам дегендер да бар…

- Базар шартында атаандаштык деген бар да. Мында өкмөт өзүнө алды окшойт, ташып келген көмүрдү арзандатып, өзүнүн машинелерин жиберип, жеке ташуучулар менен атаандаштык болуп жатат. Алар атаандаштыкка туруштук бере алса алсын, болбосо, өкмөт бааны демпинг принциби менен төмөн түшүргөнү – жакшы ыкма.

- Өкмөттүн мындайга чамасы канчага жетиши мүмкүн?

- Муну айтыш кыйын. Бирок азыркы болуп жатканы баары туура.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG