Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Бийликти сынаган энергетикалык кризис


Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризис тууралуу удаа-удаа билдирүү жасап, бул тармак карызга батканын дагы бир жолу кайталады. Өлкө башчы абал үч-төрт жылда жөнгө салынарын айтып, ага чейин элди чыдап турууга чакырды. Мунун алдында “Түндүк электр” ишканасы электр энергиясын колдонууга чектөө киргизип, аны Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жатканы менен түшүндүргөн.

“Сууну жутуп алган жокмун”

Президент Садыр Жапаров 9-ноябрда "Фейсбуктагы" баракчасына энергетикадагы кризис боюнча түшүндүрмө берип, тармактагы каатчылыкты акыркы он жылда өлкөдө бир да ГЭС курулбаганы менен байланыштырды.

Президенттин жазганына караганда, Кыргызстан буга чейин кошуна өлкөлөрдөн кышкысын электр энергиянын бир киловаттын 5 сомдон алып, элге 77 тыйындан сатып турган. Бул системаны банкротко алып келип, энергетика тармагы 140 миллиард сомго жакын карызга баткан. Ушул тапта кошуна мамлекеттерден электр жарыгы 2 сомдон импорттолуп жатат.

“140 миллиард сом карызды көбөйтпөстөн четинен кутула баштадык. Кичи жана орто ГЭСтерди салып жатабыз. Кудай буюрса 2024-2025-жылдарга барып, энергетика системасын кризистен алып чыгабыз. Импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “куурдак” кылып жесеңер да бул система кризистен чыкпайт. Анча-мынча мүчүлүштүктөр сөзсүз болот. Айла жок чыдайбыз”, - деп жазды Садыр Жапаров.

Өлкө башчы ушуну менен акыркы аптада энергетикадагы кризиске байланыштуу экинчи жолу билдирүү жасады. Ал 6-ноябрда Чүй облусунун Кемин районунда диагностикалык мобилдүү клиниканын ачылышында да ушул маселени көтөргөн.

“Айрыкча акыркы он жылдан бери чирип калган системалар бар – бул энергетика тармагы. Мен келе калып эле Токтогул суу сактагычындагы сууну жутуп алган жокмун да. Биздин маселебиз азыр суу, электр энергиясы. Ошого карабастан светти өчүрбөгүлө деген талапты коюп жатам. Тарифти элге 77 тыйын бойдон калтырдык”.

Бийлик Токтогул, Ат-Башы ГЭСтерин реабилитациялоо, Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын орнотуу, Үч-Коргон ГЭСин модернизация кылуу менен жакынкы жылдары кошумча кубаттуулукту иштеп чыгууну пландап жатат. Андан тышкары чакан ГЭСтерге үмүт артууда.

Электр энергиясына чектөө

Кыргызстанда суук түшкөн сайын электр жарыгынын маселеси курчуп баратат. Жакында эле “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизди. Мекеме Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз экенин билдирип, кардарларды бул аргасыздык чечимди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

"Түндүк электрдин” тармактарды иштетүү, оңдоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Манапбаев 10-ноябрда “Замана студиясында” сүйлөп жатып, электр жарыгын колдонуу лимиттен ашып кетип жатканын айтты.

“Тилекке каршы, электр энергиясын пайдалануу чектен ашып кетүүдө. Мисалы, “Түндүк электр” ишканасына ноябрь айында бир сутка үчүн 19 миллион 300 кВт/саат электр энергиясы бөлүнгөн. Бирок азыр бир күндө 24 миллион 700 кВт/саатка чыгып кетип атабыз. Анын ичинен Бишкекте бир суткада 9 миллион 134 кВт/саат болсо 12 миллион 390 кВт/саатка жетип жатат”.

Энергетика министрлиги жөнөкөй абоненттерге эки же андан ашык тиричилик техникасын бир эле учурда иштетүүгө уруксат берилбей турганын эскертүүдө. Андан тышкары энергетиктер соода түйүндөр менен ишканаларды кыдырып, электр жарыгын ашыкча колдонгондорго чектөө коюуда.

Көмүрдүн өзү да, баасы да маселе

Бийлик кандай болгон күндө да калкка электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип, өчүрүүлөр болбойт деп убада берип келет. Бирок айыл-аймактарда бир нече сааттап свет өчүрүлүп жатканын айтып арыздангандар бар.

Бул маселени 10-ноябрда депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.

Айсулуу Мамашова.
Айсулуу Мамашова.

“Кээ бир ишканалар көмүрдүн баасын түшүрбөй жатат. Электр энергияны болсо толук бере албай үч фазалуу абоненттерди кыркып бир фаза кылып коюшту. Эл чай кайнатып иче албай калды. Үйлөрдөн жылыткычтарды текшерип алып кетип жатышат. Мындай болбойт. Биз жарандарды эң эле жөнөкөй жылуулук менен камсыздай албай атабыз. Көмүр болсо түндүктө да, түштүктө да кымбат”.

Көмүр демекчи, Улуттук статистика комитетинин эсебинде кара отундун орточо баасы октябрь айына салыштырмалуу 10,4% кымбаттады. 4-ноябрга карата бир тонна көмүр 5 720 сом болду. Эң кымбат көмүр Ноокатта - 9 874 сом, Баткенде - 9 718 сом, Исфана шаарында бир тонна көмүр 8746 сом болууда. Бул расмий мекеме берген эле сандар.

Көмүрдүн асман чапчыган баасы өзүнчө маселе, анын таңкыстыгы экинчи көйгөй. Президент Садыр Жапаров быйыл көмүр казуу иштери кеч башталганын да моюнга алды. Ал муну “Кыргыз көмүр” ишканасындагы саботаж, коррупциялык иштерге байланыштырды.

“Мисалы, Кара-Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. “Баланча машина менен түкүнчө тонна көмүр келип түштү” деген. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. Тагыраак айтсам “воздух” келет. “Воздух” көмүрдүн ордун эмне менен толтурат экен дебейсиздерби? Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет экен. Мына ошентип, ЖЭБге алып келгенде бармак басты, көз кысты болуп эле өтүп кетип турган. Кара-Кечеден баштап, ЖЭБге чейинкилер менен кумдан түшкөн пайданы бөлүшүп турушкан. Ошентип ЖЭБ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн. Ошол үчүн ушул ишке аралашкан бир нече адамдар камалышты. Кум аралашкан көмүр жагууну токтоттук”.

Кара-Кече көмүр кени. 18-октябрь, 2021-жыл.
Кара-Кече көмүр кени. 18-октябрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин 10-ноябрдагы жыйынында депутат Бейшенаалы Нурдинов башка облустарды кой, Кара-Кече көмүр кенине карыш турган Нарын облусунда калк көмүр менен камсыз боло электигин айтып сындады. Ушундан улам эл өкүлү Кара-Кечеден Нарынга көмүр ташуучуларды кезексиз киргизүүнү сунуштады.

“Нарында эл 10% көмүр менен камсыз болду. Эң биринчи элди камсыз кылышыбыз керек. Өткөндө тоо кулады деп, кийин майрамдарда карьерлер иштеген жок. Элди кантип камсыз кылабыз? Кыш биринчи Нарынга түшөт. Нарындан келгендерди өзгөчө кезекке коюп, элге көмүр жеткиргенге шарт түзүп берсекпи дегем. Бул да аткарылган жок”.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. 10-ноябрга карата Токтогул ГЭСинде 11 миллиард 670 миллион куб метр суу бар. Энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев Кыргызстандын энергетикасындагы соңку кырдаалга байланыштуу пикири менен бөлүштү.

“Өлкө президенттик башкарууга өтүп, Садыр Жапаров бардык бийликти өзүнө баш ийдирип алды. Өкмөт да, президенттик администрация да анын колунда. Демек, жоопкерчилик күчөдү. Эми аракет кылыш керек. Актанууга себеп жок. 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөндөн кийин өлкөдө жалпы өчүрүүлөр башталат. Өчүрүүлөр болбосо Токтогул суу сактагычындагы суу февраль айынын аягына жетпей калат. Эгерде мындай кылбасак экономиканы токтууга туура келет. Абал ушундай”.

Энергетикадагы оор кырдаалдан улам Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен жыл сайын электр энергиясын алат. Быйыл Түркмөнстандан да импорттой баштады. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG