Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

Электр жарыгы: Бийликтин убадасы аткарылабы?


Күн нурунан электр жарыгын алган панелдер.
Күн нурунан электр жарыгын алган панелдер.

Кыргызстандын энергетика тармагынын жетекчилери 3-ноябрда күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу маалымат курду. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев кышында маал-маалы менен электр жарыгын өчүрүү болбойт деп убада берди.

Анткен менен Токтогул суу сактагычындагы суу 12 млрд. куб.метрден азайганы белгилүү болду. Айрым эксперттер бийликтин убадасын шайлоо менен байланыштырып, ал саясий жараян өткөндөн кийин жарык маал-маалы менен өчүрүлөрүн, мындай чара азыр деле колдонулуп жатканын билдиришүүдө.

Кыргызстандын энергетика тармагынын жетекчилери электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү болбой турганын билдирүүдө. 1-ноябрга чейин пландалган оңдоп-түзөө иштери толук аяктаганын айткан "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев мындан ары авария гана болбосо жарык өчпөйт деп айтты.

Таалайбек Байгазиев
Таалайбек Байгазиев

"Электр жарыгын үнөмдөп колдонсок, кыштан чыгып кетебиз. Маал-маалы менен өчүрүү болбойт. 1-ноябрга чейин пландалган оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Эми өчүрүүлөр болбойт, айрым жерлерде гана авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Былтыркыга караганда быйыл 2-3 млн. кВт саатка көп электр энергиясы коротулуп жатат”.

Байгазиев ошол эле мезгилде электр жарыгы ашыкча колдонулуп, коюлган лимит өзгөчө Бишкек шаарында ашып кеткенин маалымдады. Ашыкча лимит учурда 2.3 млн. КВт саатты түзүп жатат. Андыктан маал-маалы менен өчүрүүдөн үнөмдөө гана сактай ала турганы айтылды.

Ал учурда акылдуу эсептегич коюлган үйлөргө электрди колдонууга чек коюлганын, айрым колдонуучуларга техникалык шарттар киргизилип, мыйзамсыз туташкандар өчүрүлүп жатканын билдирди.

Буга чейин "Улуттук энергохолдинг" компаниясы электр энергиясын үнөмдөө үчүн кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун тышкы жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарып, кийин кайра аны жокко чыгарган. Бул буйрук коомдо бир топ сын-пикирди жараткан.

Токтогулдагы суу сактагычы бөксөрдү

Маалымат жыйында Кыргызстандын дээрлик 40% электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 3-ноябрга карата 12 млрд. кубометрден төмөндөгөнү айтылды.

Бир жыл мурун суу сактагычта 15,2 млрд. куб суу топтолгон. Жылытуу сезонунда ГЭСтин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн суунун деңгээли 16-17 миллиард куб метр болушу керек.

Мындан улам Кыргызстан абалдан чыгуу үчүн кошуна мамлекеттерден электр энергиясын алып жатат. Түркмөнстандан коммерциялык негизде, Казакстан менен Өзбекстандан жайында Токтогул суу сактагычынан агызылган суунун эсебинен 1 млрд. 650 млн. кВт саат электр энергиясы алынышы керек.

"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Байгазиев Өзбекстан берчү электр толук алынып жатканын, ал эми Казакстандан алынчу электр-энергиясы коңшулардын өзүндөгү тартыштыктан улам создугуп кетиши мүмкүн экенин айтууда.

Ал тапта Кыргызстан кошуна мамлекеттерге энергетикалык кризис кирип келгени жөнүндө коңгуроо кагып, алар жардам бербесе, 2022-жылы сугат мезгилинде суу тартыш болушу жана үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп эскертүүдө.

2-ноябрда Бишкекте өткөн Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасынын координациялык кеңешмесинде энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев буларга токтолду.

“Мындай абал кийинки жылы сугат мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү Кыргызстанга да, дарыя кесип өткөн кошуна мамлекеттерге да терс таасирин тийгизет”.

"Чынында жарык өчүрүлүп жатат"

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков күз-кыш мезгилине даярдык “критикалык чекте” экенин эске салды. Анын баамында, бийлик баарыбир жарыкты маал-маалы менен өчүрүүгө барышы ыктымал. Эксперт бийликтин убадасын шайлоо менен байланыштырды:

Эрнест Карыбеков
Эрнест Карыбеков

“Маал-маалы менен электр-энергиясын өчүрмөйүн кыштан чыга алышпайт. 1 млрд. 650 млн. кВт саат электр энергиясын импорттосо, Бишкек ЖЭБи 450 мегаватты көтөрөт, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. кубометрден түшүп кетти. Жазга Токтогул суу сактагычын 7 млрд. кубометр көтөрүш үчүн өлкөнүн 25% өчүрүш керек. Энергетика министрлиги өчүрбөйбүз деген менен чынында өчүрүп эле жатат. Азыр шайлоо болуп өчүрбөшү мүмкүн, бирок башка жолу жок”.

Быйыл электр энергиясынын тартыштыгынан тышкары элди көмүр менен камсыздоо да мөөнөтүнөн кеч башталды. Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 18,8% кымбаттады.

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген. Ага ылайык өндүрүш үчүн баалар кымбаттады.

Ал эми калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин жогорулады.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG