Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:10

Министрлик жарыкты үнөмдөөнү жарнактардан баштайт


Бишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясы электр энергиясын үнөмдөө үчүн кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун тышкы жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды. Аларды көзөмөлдөө үчүн эртең менен кечинде рейд өткөрүлмөй болду.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөп, көмүр жагып, газ колдонууга чакырууда. Адистер бул убактылуу эле иштер экенин, энергетикалык оор абалдан чыгыш үчүн узак мөөнөттүү саясат керектигин айтып жатышат.

Жарнактардын жарыгы өчүрүлөт

Назгүл Сатыбалдиева беш жылдан бери Талас шаарында жашайт. Анын “Азаттык” радиосуна айткандарына караганда, акыркы күндөрү шаарда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатат.

“Свет өчкөндө жумуш да токтойт. Андан сырткары көчөдө да жарыктар өчүп жатат. Ошондуктан үй-бүлөбүз менен кечкисин сейилдей албай калдык”, - деди Сатыбалдиева.

Электр энергиясын үнөмдөө боюнча мындай жаңы тартип Таласта эле эмес жалпы өлкө боюнча киргизилип жатканы белгилүү болду.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасы буга байланыштуу көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн, мончо жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактарындагы жарыктарды өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды.

Компаниянын басма сөз катчысы Азамат Курамаев буйрукка мекеменин башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов 27-сентябрда кол койгонун айтып, мындай деди.

"Кышкы жылуулук сезонуна карата электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча энергия талап кылган жарнактык жарыктарды өчүрүү тууралуу буйрук бөлүштүрүүчү компанияларга жиберилди. Анда парктардагы жарыктарды өчүрүү тууралуу айтылган эмес".

Электр энергиясын үнөмдөө үчүн ашыкча жарыктандырууга жол бербөө тууралуу буйрук “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалал-Абадэлектр” ишканаларына жиберилди. Аны менен аймактардагы электр жарыгын бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди.

Азамат Курамаев өлкөдө электр энергиясын чектөө киргизилбегенин, жарык кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүүгө байланыштуу эле өчүрүлүп жатканын билдирди.

Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандан алынган электр энергиясы кышка жетпей калды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болуп, Кыргызстан колу-коңшулардан электр жарыгын сатып алып жатканда бул окуя кыргыз энергетикасынын азыркы портретин чагылдыргандай болду.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев жакында эле кышка даярдык тууралуу суроолорго жооп берген. Министрликтин “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланган интервьюда ал кышка даярдык көрүүгө акча толук бөлүнгөнүн, тендерлер өткөрүлүп бардык материалдар сатылып алынганын айткан. Бирок Токтогул суу сактагычында суу дагы деле аз экенин айтып, элди жарыкты үнөмдөөгө чакырган.

“Биз быйыл электр энергиясын үнөмдөйлү деп атабыз. Быйыл баарын колдоно берсек кийинки жылы кыйналып калабыз. Суу көп келип калса жакшы. Бирок быйылкыдай эле суу аз болсочу? Азыр таңкы саат алтыда деле көчөдө жарыктын баары күйүп турат. Анын эмне кереги бар эле? Ага акча кетип атат да. Кээ бир курулуш жүрүп жаткан аймактарда кечинде жарыкты күйгүзүп коюшат. Кароолчусу уктап калат да жарык керээлди-кечке күйүп турат. Ошондуктан энергетиктер үнөмдөгүлө, суу аз болуп жатканда көмүр жагып, газ колдонгула деп суранып атабыз. Биз жыл сайын 1 миллиард кВт/саат электр энергиясын көп колдонуп жатабыз. Бир жылда 15 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүп, 16 миллиард кВт/саат колдонобуз. Ошондуктан 1 миллиард кВт/саат электр жарыгын кошуна мамлекеттерден алып келиш керек болуп атат”.

Суу тартыштыгы жаралганда кыргыз өкмөтү Казакстан жана Өзбекстан менен сууну электр энергиясына алмашууну макулдашкан. Келишимге ылайык, 2021-жылдын мартынан ноябрга чейин Казакстан Кыргызстанга 900 миллион кВт/саат, Өзбекстан 2022-жылдын апрелине чейин 750 миллион кВт/саат электр энергиясын жеткирет. Электр жарыгы алына баштаган. Кыргызстан коңшуларынан алган 1 миллиард 650 миллион кВт/саат электр энергиясын 2023-жылга чейин жай мезгилинде этабы менен кайтарып берет.

Кыргызстан мындан тышкары Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан да электр жарыгын импорттой баштаган. Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев быйыл августтан декабрга чейин сатып алынат делген 501 миллион кВт/саат электр энергиясын Кыргызстан кышка жеткирбей эле түгөтүп койгонун айтты.

“Түркмөнстандан 500 миллион кВт/саат электр энергиясын жаңы жылга чейин алабыз деп сүйлөшкөнбүз. Аны биз жарыкты лимиттен ашык колдонуп атып жеп койдук. Түркмөнстандан алып келген электр энергиябыз жөн эле текке кетип калды. Мунун баары жөнөкөй эле өзүбүздүн шалаакылыгыбыздан. Күндүз жарыкты өчүрбөйбүз. Кышында оор болуп калбаш үчүн үнөмдөшүбүз керек”.

Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. (Фото архивден)
Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. (Фото архивден)

“Токтогулдагы” суу, маселени чечүү жолу

Быйыл кургакчылык болуп Токтогул суу сактагычына суу аз топтолду. 30-сентябрга карата анда 12,3 миллиард куб суу бар. Өткөн жылы (2020-жыл) 1-октябрда өлкөнүн негизги суу сактагычына 15,2 миллиард куб суу чогулган.

Өкмөт кыштан чыгуунун бир жолу катары коңшу өлкөлөрдөн электр жарыгын карызга алды. Экинчиси - Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кубаттуулугун көтөргөнү жатат. ЖЭБ былтыр 1 миллиард 200 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрсө, быйыл анын көлөмүн 2 миллиард 500 кВт/саатка жеткирүү пландалууда.

Энергетик Карыпбек Алымкулов көчөлөрдө жарыкты өчүрүп, коңшулардан электр жарыгын сатып алуу менен энергетикадагы кризис чечилбей турганын айтып, буларга токтолду.

“30 жылдан бери Кыргызстанда жаңы генерация курулган жок. Болгону эскилерди оңдоп келатабыз. Албетте, анан жыл сайын электр энергиясын колдонуу көбөйөт. Себеби, жаңы өндүрүштүк ишканалар салынып атат. Болгону 2010-жылы 120 мВт/саатка эсептелген Камбар-Ата-2 ишке берилген. Ал да 60 мВт/саат эле электр энергиясын берүүдө. Буга чейин генерация маселесин жолго коё алган жокпуз, эми мындан аркысын ойлонушубуз керек. Ал эми жанагы өчүрүү менен анча-мынча гана жарык үнөмдөлөт. Бирок маселе чечилбейт да. Ошентсе деле эл жарыкты колдонуу маданиятын үйрөнүш керек”.

Президент Садыр Жапаров жыл башында президенттик кызматка расмий киришкенден кийин биринчи билдирүүсүндө Кыргызстандын энергетика системасын катастрофалык деп баалап, бул тармактын 137 миллиард сом (1,5 млрд. доллар) карызы бар экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG