Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Электр баасы: бийлик ким канча төлөрүн аныктады


Электр тарифи: Бийлик ким канча төлөрүн аныктады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

Электр тарифи: Бийлик ким канча төлөрүн аныктады

Кыргыз бийлиги электр энергиясы жаатында сунуштап жаткан жаңы тариф саясатын августка чейин коомдук талкууга коюп, чечим кабыл алат. Ал тарифте аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр жарыгынын баасы азыркыдан эки эсе кымбаттайт.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилүүдө. Эми сунушталган жаңы тарифтик саясат боюнча калк 3 категорияга бөлүнөт.

1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 1 кВт саат – 74 тыйын

2. Тоолуу аймактардын жашоочуларына 1 кВт саат – 1 сом 4 тыйын

3. Жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөргө 1 кВт саат – 1 сом 48 тыйын

Бирок, кыш мезгилинде жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөр 1000 кВт сааттан ашып кетсе, алар 2 сом 29 тыйындан төлөп калат. Калган эки категорияга мурунку 700 кВт саат чектөө алынат. Учурда 700 кВт/сааттан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйын төлөшөт.

Жалпак тил менен түшүндүрүп берели:

Маселен, 1 айда бир үй-бүлө эгерде 300 кВт саат электр жарыгын колдонсо азыркы тариф (77 тыйын) менен 231 сом төлөйт.

Ал эми сунушталган тарифке салсак, 300 кВт саат электр кубаты үчүн аз камсыз болгон үй-бүлө (74 тыйын) 222 сом төлөйт. Демек, азыркы электр наркына салыштырмалуу 9 сомго арзандайт.

Тоолуу аймактын жашоочулары 300 кВт саат электр кубаты үчүн (1 сом 4 тыйын) 312 сом төлөп, 81 сомго кымбаттайт.

Жашоо шарты жакшы үй-бүлө 300 кВт саат электр энергиясы үчүн (1 сом 48 тыйын) 444 сом төлөйт. Мында тариф 213 сомго кымбаттайт.

Жакыр үй-бүлө жана тоолуу аймактардын жашоочуларына кимдер кирет жана алардын саны канча?

Энергетика жана өнөр жай министрлиги Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянып, 110 миң колу жука үй-бүлө бар экенин билдирди. Расмий маалыматка ылайык, тоолуу аймакта жашаган 187 миң абонент бар. Жалпы Кыргызстан боюнча 1 млн. 462 миң болсо анын ичинен калктын электр энергиясын керектөө үлүшү 90% ашат (өнөр жай 119 миңден ашык абонент)

Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелерге өзүнчө тариф каралган. Учурда коммерциялык багыттагыларга 2 сом 24 тыйын болсо, азыр 2 сом 38 тыйынга көтөрүү сунушталды.

Жаңы тарифтердеги электр энергиясынын наркы кантип эсептелгенин энергетика министри Кубанычбек Турдубаев 22-апрелде Бишкектеги басма сөз жыйынында мындайча түшүндүрдү:

“1 сом 48 тыйын энергокомпаниялардын 2020-жылдагы чыгымдарынан эсептелген тариф. Бирок, буга сырттан алып келген электр эске алынган жок. 2 сом 29 тыйын 2022-жылдын чыгымдары. Бул суммага бардык чыгымдарды киргиздик. 74 тыйын бул 1 сом 48 тыйындын жарымы. Аз камсыз үй-бүлөгө жардам берүү үчүн 50% арзан болот. Тоолуу аймактар үчүн 1 сом 4 тыйында Бишкек, Ош ЖЭБдеринин чыгымдары жок”, - деди Турдубаев.

Кыргызстанда ГЭСтен чыгып, колдонууга жеткенге чейинки электр жарыгынын наркы расмий 2 сом 29 тыйын деп эсептелген. Министр буга чейин электр тарифи экономикалык эмес, саясий маселеге айланып, учурда бул тармак кризиске кептелип турганын белгилеп, “тарифти көтөрүү – андан чыгуунун жолдорунун бири” деди.

Кыргызстандагы Чакан ГЭСтердин консорциумунун жетекчиси Рахатбек Ирсалиев бийликтин тарифти көтөрүү саясатын кубаттады. Бирок Ирсалиев отун-кубат каатчылыгынан чыгуу үчүн башка дагы чаралар керектигин айтты.

“Бул тармакка оптимизация керек. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү бардык ишканалардын директорлор кеңеши сыяктуу чыгымдарын кыскартуу зарыл. Борборлоштурулган санарип эсептөөгө өтсө болот. Андан сырткары чакан ГЭСтерди куруу менен бир топ жеңилдик болот. Куруучу жеке ишканаларга шарт түзүп, алардын электр кубатын алууга мамлекет милдеттенме алса жакшы болот”, -деди Ирсалиев.

"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапар Аргынбаев электр жарыгынын тарифин көтөрүү дайыма саясий толкундоолорго алып келгенин эскертип, наркын жогорулатуу менен бирге ошол тармактагы коррупцияга көңүл бурат.

“Убагында Ширшовдун буйругун аткаргандар эми ардагер болуп президентке кеңеш бергенин кечээ көрдүм. Тарифти көтөргөнү менен энергетикалык тармактагы коррупция жоюлбаса пайда жок. 15 жылдан бери ушул абалга алып келгендер дагы деле ошол тармакта жүрөт. Министрдин сөзү жүйөлүү, бирок коррупцияны жоё алабы?”,- деди Аргынбаев.

Өлкө жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда кыргыз өкмөтү Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт\саат алып жатат. Аны Кыргызстан үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

Кубанычбек Турдубаев: Тариф көтөрүлбөсө энергетика кыйрайт

Турдубаев: “Тариф көтөрүлбөсө энергетика кыйрайт”
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:41 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG