Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

"Энергетиканы жаңы тариф сактап кала алат"


Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. (Фото архивден)
Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. (Фото архивден)

Кыргызстандын энергетика тармагындагы азыркы кырдаалдын, тариф саясатынын айрым өңүттөрү “Азаттык” радиосунда “Арай көз чарай” рубрикасында талкууланды. Анын тарифке байланышкан бөлүгүн текст түрүндө сунуштайбыз.

Талкууга “Улуттук энергохолдингдин” төрагасынын орун басары Жолдошбек Ачикеев, Өкмөттүн алдындагы отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Бектеналы Эгемберди уулу жана көз карандысыз эксперт Жаныбек Оморов катышты.

- Энергетика министринин 24-мартта парламентте билдиргенине караганда Кыргызстандагы башкы ГЭС - Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү ушу тапта нормадан 3 млрд. кубга төмөн болуп турат. Кыргызстан марттан бери Казакстандан импорттолгон энергияны жагып жатат. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө кандай жагдайлар себеп болду?

Жолдошбек Ачикеев: Токтогул суу сактагычында бүгүн 8 млрд. 774 млн. куб суу бар. Былтыркыга салыштырмалуу 3млрд. кубга аз. Буга эки чоң себеп бар. Биринчиси, быйыл үчүнчү жылга кетти, жаан-чачын аз, Нарын өрөөнүнө кар аз түшүп жатат. Экинчиси, элибиздин саны, ага жараша суроо-талаптары өсүүдө.

Мисалы, былтыр ушул убакта күнүмдүк колдонуу 40 млн. 897 миң киловатт саат болсо, быйыл 47 млн. 959 миңге чыгып, 7 миллион айырма болду. Былтыр бир эле “Түндүкэлектро” аркылуу 30 миң абонент жаңы кошулду. 5 киловаттан санаганда эле бул 150 меговатты түзөт. Муну жалпы Кыргызстан боюнча 4-5 эсе көбөйтсөк болот. Ошондуктан, президент Жапаров жалпы энергетикадагы кризистик кырдаалдан чыгуу тапшырмасын берди, министрлик тарабынан да "Энергохолдингге" чоң милдеттер коюлуп атат.

Жаныбек Оморов: Энергетикада көп маселелер топтолду. Комплекстүү чечилбей келатат. Ошондуктан, кризис барган сайын тереңдеп атат. Подстанцияларга ашыкча күч келип, кыйын абалда. Энергияны пайдалануу орто эсеп менен 5 пайыздан өсүп жатат. Реабилитацияны эске албаганда өндүрүш көбөйгөн жок. Анча-мынча, орто, жеке менчик ГЭСтер бар, чоң ГЭСтер курулган жок. Азыр негизги маселе - менеджментте. Эл аралык стандарттарды алып келип, каржылык башкарууга катуу тартип болушу керек. Энергетика дүйнөдө экономиканы алдыга тартып кете турган сектор. Бизде өкмөттүн бюджетин карызга отургузуп атат. Бул жагынан көп маселелер чечилбей келатат. Анын арасында тариф, карыздар, өндүрүштү кеңейтүү маселелери бар. Ошон үчүн менин сунушум: энергетика секторуна эл аралык деңгээлде менеджер керек. Ошону алып келип, ага мүмкүндүк бермейинче көп жылдан бери талкуулап келаткандай иш жай жылат.

- Энергетика министри Турдубаев жаңы тариф иштелип жатканын, ал жакында сунушталаарын парламентте айтты. Тарифте кандай өзгөрүү болушу мүмкүн?

Бектеналы Эгемберди уулу: - Азыркы колдонуп жаткан тарифтерибиз Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен калк үчүн, башка колдонуучулар үчүн бекитилген. 700 кв/саатка чейин колдонгон калк 77 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Тиричиликке тиешеси жок, өндүрүш үчүн колдонгондор 2 сом 24 тыйындан берип жатышат. Бул орто мөөнөттүк тарифтик саясат 2020-жылдан 2022-жылга карата өкмөттүн токтому менен 2020-жылы 24-мартта бекитилген.

Бүгүнкү күндө жаңы тарифтик саясатты кароо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Толугу менен бүтө элек. Болжолдоп айтыш кыйын. Канча электр энергиясы өндүрүлөт, компаниялардын каржылык каражаттары кандай болот? Ал тууралуу стратегия түзүлүп, изилдөө, анализдөө жасалгандан кийин айтылат. Өзүңөргө белгилүү болгондой азыр кредитти кайтаруу маселелери каралып жатат. Төлөмдөр 2023-жылдан башталат. Аларды да эске алыш керек. Ошондон кийин орто мөөнөттөгү жаңы тарифтик саясатты киргизебиз.

Биз негизи орто, жаңы тариф боюнча 3-4 вариантты жасайбыз. Анан концепцияны аныктайбыз. Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, тариф саясаты – орчундуу маселе. Светке баа көтөрүлөт дегенди укканда эле туура эмес пикирлер жаралат. Ошондуктан, муну өтө дыкаттык менен карап, чечкиндүү жыйынтыкка келишибиз керек.

Жолдошбек Ачикеев: - Улуттук энергохолдинг дагы өз сунуштарын даярдап атат. Азыркы тарифтер өзүн-өзү актабай атат. Биз 5-6 жыл мурунку тариф менен отурабыз. 2014-жылдан бери тарифтер көтөрүлө элек. Жабдуулар, кызматтар кымбаттап атат. Бүгүн 1 киловатт сааттын өздүк наркы - 1 сом 48 тыйын, ГЭСтики - 15 тыйын, ТЭЦтен чыккан энергияныкы - 3 сом 59 тыйын. Эсептелип чыккан орто тариф 1 сом 39 тыйын. Ошондо тарифтин тартыштыгы 1 киловатт саатка 40 тыйын болот. Ошону толтура албай атабыз. Ошондуктан, кесиптешим айткандай, энергетика экономиканын флагманы боло албай атат. Өндүрүш бизден мынча киловатт көбөйтүп бергиле, шарт түзгүлө деп сурап, биз аны жасай албай жатабыз. 2010-жылдан бери бир да жаңы агрегат иштетиле элек. Жаңы генерация керек, ГЭС салып, линия кошушубуз зарыл. Ошон үчүн биз жаңы тарифке муктажбыз.

Кризис деп атабыз, каржылык абалыбыз да оор. “Датка-Кеминди”, Датка подстанцияны салдык, түштүк боюнча электр жабдууну жакшырттык. Бүгүн энергосектор боюнча 107 миллиард сом карызыбыз бар. Анын максималдуу төлөмү 2024-жылга туура келет. Ошондуктан, биз тарифти өйдөлөтүү боюнча министрликтен, өкмөттөн суранабыз.

Жаныбек Оморов: - Энергетика тармагын башкаруу жана тариф боюнча эл аралык жакшы практиканы пайдалансак болот. Жогоруда айтылгандай, электр энергиясынын аныкталган баасы бар. Аны төлөш керек. Колдонуучулар төлөй албаса аны өкмөт бюджеттин эсебинен же башка жолдор аркылуу төлөйт. Мисалы, төлөй ала турган коммерциялык структуралар, кен иштеткен заводдор, сырттан келген коммерциялык структуралар, кардарлар жана башкалар бар. Биз бардыгын субсидияга отургузуп койдук. Эмне үчүн баары тең субсидияда, өкмөттүн бюджетинде отурушу керек?

Болжолдоп көрсөм төлөй албаган үй-бүлөлөр электр энергиянын 12 пайызын эле пайдаланат экен. Калган 88 пайызы төлөй ала турган кардарлар. Ошол 12 пайыздын эсебинен саясатташып, чыр-чатакка барып атабыз. Экономикалык оптималдуу жолго түшсөк жакшы болмок. Ошол төлөй албаган кардарларга түз жардам берип, калгандарын төлөтүш керек. Антпегенде эки чөнтөктөн тең акча кетип атат.

(Талкуунун толук вариантын бул жерден көрүңүздөр)

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG