Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:32

Энергетиканын эртеңи суроо жаратты


Токтогул ГЭСи.

«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Бакыт Сыдыков Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин түшүп кетип, өлкөдө энергетикалык таңкыстык коркунучу бар экенин билдирди. 24-февралда Токтогул суу сактагычында 9,8 млрд куб метр суу бар экени маалымдалды. Кыргызстан суу аз топтолгон мезгилди баштан кечирүүдө. Бул 5-6 жылда кайталанып турган көрүнүш.

«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Бакыт Сыдыков суу сактагычтагы суунун чеги ченден ылдый түшүп кетсе, каскаддын иштөө тартиби бузулушу мүмкүн экенин, ошондуктан алдын-алуу үчүн Бишкек ЖЭБинен 1 млрд. кВт саат электр энергиясын кошумча иштеп чыгууга туура келерин айтты.

Парламент депутаттары энергетикалык кризистин алдын алуу үчүн токтоосуз чараларды көрүүнү сунушташты.

Бишкек ЖЭБине түшчү жүк

«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков быйыл 2021-жылдын апрель айына карата Токтогул суу сактагычындагы топтолгон суунун көлөмү 8,5 млрд. куб метрге чейин түшүп кетиши болжолдонуп жатканын билдирди. Буга электр энергиясына керектөөнүн өскөнү жана суу сактагычка суунун керектүү өлчөмдө топтолбой жатканы себеп болгон.

Бакыт Сыдыков 2022-жылдын жазына карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 5,5 млрд. куб метрге чейин түшүп кетиши мүмкүн экенин айтты.

Бакыт Сыдыков абалдан чыгуу үчүн электр энергиясын иштеп чыгууда негизги жүк эми Бишкек ЖЭБине түшө турганын белгиледи:

"Кыйынчылыктар болуп жатат. Суунун көлөмү өтө эле аз. Эгерде биз ушул бойдон эч кандай кадамдарга барабасак, анда эмдиги жылы апрель айында суунун көлөмү 5,5 млрд. куб метрге чейин түшүп кетүү коркунучу бар. Буга чейин биз Бишкек ЖЭБинен 1 млрд. 200 млн. кВт саат электр энергиясын өндүрүп келсек, эмдиги жылы кошумча 2 млрд. 100 млн. кВт саат электр энергиясын иштеп чыгышыбыз керек. Ошондой эле быйыл жай мезгилинен баштап жаңы режим менен Бишкек ЖЭБин 155 мВт кубаттуулукта иштетишибиз зарыл".

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновдун айтымында, суу сактагычтагы суунун деңгээли энергетиктердин парламентте берген маалыматынан дагы кооптуу болушу мүмкүн. Анткени ал энергетиктер суу сактагычтын түбүнө топтолгон балчыктын көлөмүн суунун жалпы көлөмүнө кошуп чыгарып жатканын белгиледи:

"Суу сактагычтын түбүн балчык басып жатат. Ошону эсептен чыгарып туруп, анан керектүү гана суунун көлөмүн аныктап чыгарып жатасыңарбы? Ошонун көлөмүн чыгарып салгандан кийин канча көлөмдө суу калып жатканын айтпай жатасыңар. Силер суунун жалпы көлөмүн экиге бөлүп санайсыңар. Анда суунун толук жана пайдалуу сыйымдуулугу 19,5 млрд. жана 14 млрд. куб метр деп айтылат. Силер 9 млрд. куб метр суу калганын кайсынысынан чыгарып, эсептеп жатасыңар?".

Бакыт Сыдыковдун айтымында, суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 млрд. куб метрден ылдый түшсө, анда бул авариялык кырдаал деп табылып, каскад ишин токтотууга туура келет.

Ыш менен чыгымды көбөйткөн көйгөй

Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев электр энергиясын Бишкек ЖЭБинен өндүрүү кошумча чыгымдарды талап кылып, көмүрдүн ышы экологияга таасир этерин билдирди:

"Эмне үчүн буга чейин чакан ГЭСтер боюнча долбоорлорду ишке киргизген эмессиңер? "Камбар-Ата-1", "Камбар-Ата-2" ГЭСтеринин курулушун аягына чыгарган жоксуңар. Ушундай абалга келгенге чейин асманды карап отура бериш керек беле? Быйыл Бишкек ЖЭБ кошумча электр энергиясын ири көлөмдө өндүрсө, анда ага кошумча акча талап кылынат. Таңкыстыкты жабуу үчүн ири көлөмдө көмүр жагылат. Көмүрдүн андай көлөмү канчалаган зыяндуу ышты иштеп чыгарат. Анда ыш көйгөйү дагы көтөрүлөт турбайбы".

Энергетиктер Бишкек ЖЭБинен негизги электр энергиясын өндүрүү көмүрдүн ышын пайда кылып, шаарда экологиялык көйгөйдү көбөйтүшү мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт. Ошол эле кезде электр энергиясын иштеп чыгуунун өздүк наркы дагы өсөрү белгиленди.

Бакыт Сыдыков азыр электр энергиясы өздүк наркынан да ылдый баада сатылып жатканын кошумчалады:

"Бишкек ЖЭБинен электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмүн эки эсе көбөйтүү милдети турат. Бирок өндүрүүнү ченемсиз көбөйтүүгө болбойт. Анткени анын көлөмү канчалык көбөйгөн сайын "Электр станциялары" ишканасы ошончолук чыгым болот. Ар бир өндүрүлгөн кВт саат электр энергиясынын баасы өсүп отурат. Бүгүнкү күндө бир кВт саат электр энергиясынын баасы 3,88 тыйынга чыкты. Жайкысын жаңы режимде иштете баштасак, бул көрсөткүч дагы жогору көтөрүлөт. Азыр биз 3,88 тыйындан өндүрүлгөн электр энергиясын катардагы керектөөчүлөргө 77 тыйындан, ал эми өндүрүштүк абоненттерге 2 сом 24 тыйындан сатып жатабыз".

Анткен менен жергиликтүү ишкерлер таңкыстык бар болсо да чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар сатып алуудан баш тартып келгенин айтышууда.

Жеке ишкер Рахатбек Ирсалиев өкмөттүн баа саясаты түшүнүксүз экенин белгиледи:

"Бүгүнкү күндө менден азыр мамлекет мурда бекитилген тариф боюнча 2 сом 91 тыйындан эмес, 2 сом 13 тыйындан да сатып албай жатат. Ошон үчүн мен азыр башка кардарларга сатууга аргасыз болдум. Кезинде "Чыгыш электр" акционердик коому бизге техникалык шарттарды иштеп чыгып берип, ошонун негизинде бизге тариф коюлган. Анын негизинде "Айыл банкынан" 300 млн. сом насыя алгамын. Бирок кийин электр энергиясын сатып алуудан баш тартып коюшуп, менин банктан алган насыямдын үстөк пайыздары топтолуп кеткен. Ал эми мыйзам боюнча жана келишимге ылайык, менден алар аталган тариф боюнча электр энергиясын сатып алууга тийиш эле".

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков энергетикалык саясат башынан туура эмес коюлган деп эсептейт. Анын айтымында, электр энергиясын Бишкек ЖЭБинен иштеп чыгуу кымбатка түшөт.

Эрнест Карыбеков ЖЭБди Кара-Кечеде куруп, электр энергиясын жеринде өндүрсө болорун айтып, бирок өкмөт бул долбоорду четке кагып келгенин белгиледи:

"Бишкек ЖЭБинде көбүрөөк электр энергиясын чыгарабыз деген негизде Казакстандан 7 миң чакырым алыстан көмүр тартып келип жагып жатышат. Кара Кече көмүр кенинен дагы бир топ чакырымды басып өтүп, көмүр ташып келишүүдө. Бул өтө эле кымбатка түшөт. Бул логикага жатпайт. Ошол жакка эле куруп, электр энергиясын ошол көмүр кенинин жанынан иштеп чыгарышса болмок. Ошондо анын өздүк наркы бир топ арзан болот эле".

2007-2008-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөөлөр киргизилген болчу. Ошондо жана андан кийинки суу аз топтолгон мезгилде Кыргызстан кошумча электр энергиясын Казакстандан кымбат баада импорттоп турган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG