Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

ГЭС долбоору: Бишкек эми Ташкент менен макулдашты


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкентте. Өзбекстан. 2021-жылдын 11-марты.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкентте. Өзбекстан. 2021-жылдын 11-марты.

Кыргызстан менен Өзбекстан Нарын дарыясына курулчу «Камбар-Ата-1» гидроэлектрстанциясына байланыштуу биргелешкен аракеттерин баштады.

Эки өлкө лидерлери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ГЭСти чогуу куруу боюнча келишимге кыргыз президенти Ташкентке барган учурда жетишкен.

Бул жагдай коомчулукта түрдүүчө талкууланып жатат. «Камбар-Ата-1» электростанциясы «Токтогул» ГЭСине караганда электрди көп чыгара турган долбоор болору айтылган.

Эки коңшунун изги тилеги

Масштабдуу курулушка байланыштуу соңку маалыматты президент Садыр Жапаров өзү «Азаттык» радиосуна берген маегинде билдирип, кызматташуунун айрым деталдары менен бөлүштү.

Ал Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында Бишкек менен Ташкент Кыргызстанда «Камбар-Ата-1» ГЭСин чогуу куруу тууралуу келишим түзүшкөнүн айтты.

«Биз «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен бирге куруу жөнүндө келишим түздүк. Азыр иш башталды. Кудай буюрса, «Камбар-Ата-1» ГЭСин үч жылдын ичинде куруп бүтүү боюнча максат койдук. Толук ишке ашат. 30 жылдан бери кура албай келатабыз. Үч жылда куруп бүтөбүз деп турабыз», - деди 15-мартта Садыр Жапаров.

Кыргыз мамлекет башчысы Ташкент шаарында 11-12-мартта болду. Анын иш сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу 22 документке кол коюлган.

Анын экөө энергетикага байланыштуу эле. Бири - «Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу», экинчиси - «Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин, Өзбекстан Республикасынын суу чарба министринин жана Өзбекстан Республикасынын энергетика министринин электр энергиясын бири-бирине берүү боюнча протокол».

Эки өлкөнүн президенттик аппараттары бул документтердин аталыштарын жарыялаганы болбосо, анын мазмуну жөнүндө такташкан эмес. Анын ичинде ГЭС куруу жөнүндө сөз болгону да маалымдалган жок.

Бирок мамлекет башчылардын биргелешкен басма сөз жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул жөнүндө учкай кеп салган:

«Суу пайдалануу жана энергетика тармактарында өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн эки тарап тең даяр экени дагы да ырасталды. Биздин компаниялар Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилерди куруу жана чогуу иштетүү жөнүндө долбоорлорду бирге иштеп жатышат. Бул өтө олуттуу, ири долбоорлор болот. Биз бул жөнүндө меморандумга эмес, биринчи жолу макулдашууга бардык. Бул биздин келишимдердин реалдуу далили болуп саналат. Эми биз бул иштер боюнча элибиздин алдында отчёт берип турушубуз керек», - деген Ташкентте өзбек лидери.

Ошентип Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтары менен Өзбекстандын энергетика министри Алишер Султанов жоон топ делегация менен Бишкекке келип кетти.

13-мартта ал Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев менен жолугушту. Министрлер анда «Камбар-Ата-1» долбоорун ишке ашыруу иш-аракеттеринин комплекстүү программасын иштеп чыгуу үчүн биргелешкен координациялык комитет түзүү боюнча протоколдук чечимге кол коюшту.

Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Курамаев «Азаттыкка» буларды билдирди:

Алишер Султанов менен Кубанычбек Турдубаевдин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан. 13-март, 2021-жыл.
Алишер Султанов менен Кубанычбек Турдубаевдин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан. 13-март, 2021-жыл.

«Эми эки тараптуу координациялык кеңеш түзүлүп, алар июнь айына чейин өздөрүнүн сунуштарын беришет. Кызматташуунун форматы кандай болот, инвестиция кандай тартылат, ортодогу акциялар кандай бөлүнөт, Өзбекстандын катышуусу кандай болот, мына ушулар боюнча сунуштарды иштеп чыгышат. Сунуштар даяр болгондон кийин өкмөт аралык комиссия атайын токтом чыгарат. Ошол токтомдун негизинде долбоор бекитилет. Азырынча Өзбекстан тарап «Камбар-Ата-1» долбооруна кандайча катыша турганы тууралуу так маалымат жок».

Маалым болгондой, коңшу өлкөнү Ислам Каримов башкарып турган учурда Өзбекстан Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга караманча каршы чыгып келгени белгилүү. Ташкенттин позициясы бийлик башына 2016-жылы Шавкат Мирзиёев келгенден кийин өзгөргөн.

Мирзиёев 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекке келип, Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учурда, тараптар биринчи жолу электр станциясын чогуу куруу жөнүндө сүйлөшкөн. Мирзиёев «Камбар-Ата-1» ГЭСин эки мамлекет чогуу курарын жарыялап, Атамбаев «Кыргызстанда бир да ГЭС Өзбекстандын катышуусуз курулбай турганы» тууралуу сөз бергенин айткан.

Буга байланыштуу сүйлөшүүлөр 2017-жылдын 5-октябрында президент Алмазбек Атамбаев Ташкентке барган учурда да, 2017-жылдын 13-декабрында президент Сооронбай Жээнбеков Ташкентке барган учурда да бекемделген. Бирок кыргыз жергесиндеги саясий кризистерден улам бул жааттагы кызматташуулардын аягы көрүнбөй келген эле.

Багы ачылбаган долбоордун баяны

Курамы үч гидроэлектрстанциядан турган «Камбар-Ата» гидроэнергетикалык комплекси СССР учурунда, «Гидропроект» институтунун Ташкенттеги бөлүмүндө 1980-жылы долбоорлонгон. 1982-жылы техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, 1988-жылы башкы документациясы бекитилген.

Комплексте 1900 мегаватт кубаттуулуктагы «Камбар-Ата-1», 360 мегаватт кубаттуулуктагы «Камбар-Ата-2» жана 170 мегаватт кубаттуулуктагы «Камбар-Ата-3» ГЭСтери бар эле.

Мунун биринчи-экинчиси алгач Нарын дарыясынын эки тарабын жардыруу аркылуу куруу пландалган. Экөөнүн курулуш иштери 1986-жылы башталып, союз тараган учурда басаңдап калган. 1993-жылы таптакыр токтогон. Жумуштар 2003-жылы кайра жанданып, 2010-жылы «Камбар-Ата-2» ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген.

2012-жылы Кыргызстан менен Орусия «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти куруу тууралуу макулдашкан. Ага ылайык, долбоорду орусиялык «РусГидро» компаниясы ишке ашырмак. Бирок бул боюнча иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

«РусГидро» компаниясы Гаага сотуна кайрылган жана кыргыз өкмөтүнө соттошуу боюнча кат жөнөткөн. Эми келишимди үзгөнү үчүн Кыргызстан орус тарапка 37 млн. доллар төлөп бериши керек.

Ага карабай, 2020-жылы Кыргызстандын энергетика тармагын тейлеген мамлекеттик мекемелер долбоорду Бишкек өз алдынча курарын жарыялаган. Муну адистер «ишке ашпас кыял» деп аташкан. Ошол убакта долбоорго орусиялык менен ирандык компаниялар кызыгып жатканы маалымдалган.

Былтыр жыл ортологондо ошол учурдагы Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги долбоорду ишке ашыруу үчүн «Би энд Джи Корпорейшн» (B&J Corporation) аттуу кытай компания менен меморандум кабыл алганын маалымдаган. Өлкөдө бийлик алмашып кеткенден кийин андан да кабар чыккан жок. Эми ушул жагдайда Кыргызстан негизги ГЭСти Өзбекстан менен курарын жарыялап жатат.

Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев бул демилгени колдоого алып, бирок аны үч жылда бүткөрүү кыйын экендигине токтолду:

Мырзатай Султаналиев.
Мырзатай Султаналиев.

«Өзбекстан менен чогуу куруу нормалдуу эле нерсе. Анткени өзүбүздүн каражатыбыз жок. Бул долбоор Өзбекстанга да пайдалуу, ошон үчүн коңшулар буга киришип жатышат. Анткени «Токтогул» суу сактагычында суу азайып кетсе «Камбар-Ата-1» аны компенсациялап турат. Натыйжада суусу мол жыл болобу, суусуз жыл болобу, Өзбекстан дайыма суу менен камсыз болуп турат. Бул долбоор ишке ашып калса, эки тарап тең чоң пайда табат. Маселен, Кыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин иштетип, «Токтогулда» сууну топтой берсе болот. Бирок, менин оюмча, Кыргызстан Өзбекстан менен бириккен күндө да кура албайт, кийин баары бир башка өлкөдөн компанияларды кошууга аргасыз болушат. Анткени муну курууга каражаттын табылышы өтө кыйын. Ошол эле убакта «үч жылда куруп бүтөбүз» деген сөз да утопия. Үч жылда эч ким кура албайт, кеминде 10-15 жыл кетет».

Долбоордун соңку техникалык-экономикалык негиздемеси «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу укугу орусиялык компанияда турган учурда канадалык «СНС – Лавалин Интернэшнл Инк.» корпорациясы менен орусиялык «Южный инженерный центр энергетики» деп аталган компаниянын консорциуму тарабынан иштелип чыккан.

Ага ылайык, ГЭСтин курууга эң аз дегенде 2 млрд. 900 млн. доллар жумшалат. Бирок чыгым 3-4 млрд. долларга да жетиши мүмкүн.

Жаңы негиздемеде агрегаттардын саны мурдагы долбоордогудай эле төртөө деп каралган, алардын кубаттуулугу 1864 мегаватт деп мерчемделген. Бул Кыргызстандын азыркы эң ири – «Токтогул» ГЭСине караганда да көп, анын кубаттуулугу 1200 эле мегаватт.

Бирок «Токтогул» ГЭСи 19 млрд. кубга чейин суу чогулта алса, «Камбар-Ата-1» ГЭСине 5-6 миллиарддан 10 млрд. кубга чейин эле суу топтолот.

«Токтогул» жылына орточо 5-6 млрд. киловатт саат электр энергиясын өндүрсө, «Камбар-Ата-1» бир баштаганда эле ушул көлөмдү бере алат. Толук кандуу ишке кирсе 8 млрд. киловатт саатка чейин энергия чыгара алат.

Энергетика боюнча адис Мырзатай Султаналиев кайрадан кепке кошулду:

«Азыр Кыргызстанда жылына орточо 14-15 млрд. киловатт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Кайра керектөө да болжолдуу ушунча, бирок жылдан жылга өсүп да жатат. Эгер «Камбар-Ата-1» ГЭСи 8 млрд. чыгарып калса, жалпы өндүрүм 22 млрд. киловатт саатка жетип калат. Муну менен биз өзүбүздө көбөйгөн керектөөнү жабабыз, кааласак сыртка да сатсак болот».

Кызыкчылыктардын кагылышы

Планга ылайык «Камбар-Ата» ГЭСтер каскады Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «Токтогул» ГЭСинен жогору жакка түшөт. Анын ичинде «Камбар-Ата-1» ГЭСи Нарын дарыясында азыркы курулуп жаткан «Камбар-Ата-2» ГЭСинен 14,5 чакырым өйдөрөөк жерге курулат.

Бирок маселе эки коңшу мамлекет долбоорду кандай шартта ишке ашыра турганы жөнүндө болуп жатат. Учурда саясий чөйрөдө жана жарандар арасында буга байланыштуу талкуулар күчөдү.

Дипломатия боюнча эксперт Аскар Бешимов бийлик келишимдин шарттарын коомчулукка ачык кабарлап, иш алып барышы керек деп эсептейт:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Кыргызстан Өзбекстан менен «чек араны үч айда чечебиз, Сохко коридор ачабыз» деген сыяктуу да нерселерди макулдашканы маалымдалбадыбы. Эми ошонун ичинде «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча келишим болду деп маалымдап жатышат. Бирок азыр эч кандай документти көрө элекпиз да. "Өзбекстандын катышуусу кандай болот? Үлүш кандай бөлүштүрүлөт?" деген суроолорго жооп жок. Документтерди көргөнгө чейин бирдеме деп айтуу кыйын. Бирок эгерде ГЭСти толугу менен же 50% берип жиберсек, бул сөзсүз түрдө коңшу өлкөгө көз карандылыкка алып барат. Геосаясий, дипломатиялык мааниде Кыргызстан үчүн коркунучтарды туудурат. Азыркы Конституцияга ылайык, бул документтердин баары Жогорку Кеңешке алып келинип, ратификацияланууга тийиш. Алар парламентке келгенден кийин шарттары да ачык айтылышы керек. Мисалы, чек ара боюнча маселелер да жергиликтүү калктын арасында, коомчулукта талкуу жаратып жатпайбы. Эгер «Камбар-Ата-1» боюнча келишимди да сыр кылып, жашырып алып барышса бул да эл ичинде нааразылыктарды жаратат».

Кантсе да, «Камбар-Ата-1» ГЭСине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Өзбекстан менен сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда бул долбоорду айрым саясатчылар кескин сындап чыгышкан. Анын ичинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да муну айыптаган.

Текебаевдин ал билдирүүсүн аталган партиянын «Фейсбуктагы» баракчасы ушул күндөрү да кайрадан жарыялады:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Бул жаңылыш жол. Биринчиден, биздин сууга көз арткан, суудан көз каранды болгон өлкөнү биздин сууну көзөмөлдөп башкарууга жакын жолотпошубуз керек. Экинчиден, Өзбекстан биздин түгөнгүс ресурсубузду бекер алып жатат. Кыргызстан ГЭСтерди куруш үчүн биргелешкен ишканага өзүнүн географиялык орду менен, Кудай берген түгөнбөгөн гидроресурсу менен кирет. Өзбекстан эмнеси менен кирет? Эч нерсеси менен кирбейт, бекер кирет. Демек, биздин үлүшүбүз баа жеткис. Анан ошол ишкана 5-10-млрд. доллар карыз алып, ГЭСтерди куруп, андан чыккан электр энергиясын сатып, түшкөн акчанын эсебинен карыздан кутулат экен. Өзүбүздүн топубузду өзүбүзгө кийгизип, биздин ресурстан түшкөн акчанын эсебинен карыздардан кутулгандан кийин, ГЭСтердин жарымы биздики, жарымы Өзбекстандыкы болуп калат. Бул кандай улуттук саясат болсун?! Бул улуттук кызыкчылыкты коргоо эмес, тескерисинче, улуттук кызыкчылыкты сатуу, чыккынчылык болот».

Кыргызстанда ушул тапта иштеп жаткан жети ири гидроэлектрстанциясы бар. Алар «Токтогул» (1200 мегаватт), «Күрп-Сай» (800 мегаватт), «Таш-Көмүр» (450 мегаватт), «Шамалды-Сай» (240 мегаватт), «Үч-Коргон» (180 мегаватт), «Камбар-Ата-2» (120 мегаватт) жана «Ат-Башы» (40 мегаватт) ГЭСтери.

Мындан сырткары электр энергиясын өндүргөн дагы эки ири жылуулук электр борбору (ЖЭБ - ТЭЦ) Бишкекте жана Ошто иш алып барат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG