Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Аралдын көйгөйү, Бишкектин таарынычы


Арал деңизи
Арал деңизи

Түркмөнстанда Арал деңизинин көйгөйүн чечүүгө арналган жыйын өттү. Ага Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери катышты.

Түркмөнстандын “Аваза” туристтик жайында 24-августта өткөн саммит Арал деңизин сактоо маселесине арналды. Анда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тиешелүү эл аралык фондду реформалоо боюнча демилге көтөрдү.

- 2016-жылы Кыргызстан Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишине катышууну токтоткон. Бул аны терең реформалоо зарылдыгына байланыштуу эле. Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары 2009-жылы эле фонддун түзүмүн, келишимдик-укуктук базасын жакшыртуу жөнүндө чечим кабыл алышкан. Бирок, тилекке каршы биз бул маселеде жылышты байкаган жокпуз. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы суу-энергетика чөйрөсү боюнча бардык макулдашуу-келишимдерин аткарууда, - деди Жээнбеков.

Ал Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишмердигинде сууну ирригациядан бөлөк максатта, анын ичинде энергия иштеп чыгыш үчүн колдонуу жагы эске алынбай калганын белгилеп, фондду реформалоо боюнча Кыргызстандын жети сунушун ортого салды.

Аралды сактоого арналган саммит. Түркмөнстан.
Аралды сактоого арналган саммит. Түркмөнстан.

Арал кризиси – бул сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдүн аянтын ыксыз көбөйтүп, анын натыйжасында сугат үчүн сууну өтө көп пайдалануудан улам келип чыкканын эскертти.

- Фонддун алкагында кыргыз тарап сунуш кылган бир дагы гидроэнергетикалык долбоор колдоого ээ болгон эмес. Ошол эле учурда гидроэнергетика суу ресурстарын коромжуга учуратпасы жалпыга белгилүү. Андан калса, ушул жылдар ичинде Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында Кыргызстандын территориясында бир дагы ирригациялык долбоор ишке ашырылган жок. Бул көп нерседен кабар берет. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин Аралды сактоо эл аралык фондуна мүчөлүк акы төлөө шкаласын да кайра карап чыгуу зарыл, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал жогору жакта жайгашкан өлкөлөрдүн кошуналардын муктаждыктары үчүн сугат сууларын топтогону боюнча Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында компенсациялык механизмдер каралбаганын белгиледи.

Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап суу жана энергетикалык ресурстарды пайдалануунун компенсациялык механизми каралган 1998-жылдын 17-мартындагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин алкагында кызматташууну жандандырууну жактай турганын билдирди.

Кыргызстан 2016-жылы Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонддун жана анын органдарынын ишине катышуусун убактылуу токтотконун жарыялаган.

Ал эми Арал деңизин сактоо фондунун директорунун орун басары Марат Нарбаев "Азаттыктын" казак кызматы менен маегинде Кыргызстандын фонддогу ролу тууралуу мындай деген.

- Кыргызстан 25 жыл ичинде Аралды сактоо боюнча эл аралык фондго төрагалык кылган жок. 2016-жылы фонддогу ишмердигин таптакыр токтотуп койгон. Алар муну фонд Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске албай жатат деп негиздешкен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги активдүү болуп, төрагалыкты колго алып, кызыкчылыктарын алдыга түртсө болмок. Ошол себептүү кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков бул саммитте ардактуу конок катары катышып жатса керек. Кыргызстанда Токтогул жана “Камбар-Ата” суу сактагычы бар, алар Аралды сактоодо маанилүү ролду ойнойт.

Cоолуп бараткан Арал деңизи Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан.

Борбор Азия мамлекеттери Аралды сактоо боюнча эл аралык фондду 1993-жылы негиздешкен. Анын максаты Арал деңизинин бассейниндеги социалдык-экономикалык жана экологиялык абалды жакшыртуу болгон. Фондду эл аралык уюмдар каржылайт.

Ал эми Өзбекстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тараткан кабарга ылайык, Арал деңизинин кургап калган аймагындагы 700 миң гектар жерге чөлдө өсө турган өсүмдүктөр тигилген.

Ошондой эле өлкө Арал деңизинин айланасындагы аймакты өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 2,6 миллиард доллар сарптоону көздөп жатат. Президент Шавкат Мирзиёев кол койгон тиешелүү токтом 2017-жылдын 30-январында күчүнө кирген.

Түркмөнстан бул фондго 2017-2019-жылдар үчүн төрагалык кылууда. Арал боюнча буга чейинки акыркы саммит 2009-жылы Алматыда өткөн.

Суу стресси

Эл аралык The Nature Conservancy уюмундагы адистердин эсептөөсү боюнча дүйнөнүн суу тартыш аймактарында суу керектөөнүн 90% ашууну айыл чарбасынын ирригациясы үчүн сарпталат.

Уюмдун суу боюнча башкы иликтөөчүсү Брайэн Рихтер (Brian Richter) буга чейин “Азаттыкка” мындай деген эле:

- Биздин иликтөөбүз ушул тапта дүйнөнүн дарыялары менен көлдөрүнүн, башка суу булактарынын кеминде үчтөн биринде суунун кору түгөнүүгө жакындаганын ишара кылууда. Суу булактарынын үчтөн бири дүйнө калкынын жарымына жакынынын турмуш-тиричилигин колдойт. Мындан да маанилүүсү - ал дүйнөнүн ирригация пайдаланылган айыл чарбасынын төрттөн үч бөлүгүн жабат. Бул олуттуу тынчсыздануу жараткан маселе. Мындай тынчсыздануу Швейцариянын Давос шаарында өткөн дүйнөлүк экономикалык форумда көтөрүлүп, суу таңсыктыгы кризисинин карааны глобалдык экономика үчүн эң чоң коркунучтардын бири деп айтылган.

Арал деңизи мурда жана кийин.
Арал деңизи мурда жана кийин.

Жалпы глобалдык деңгээлде да айыл чарбасынын ирригациясы үчүн башка керектөөлөрдүн баарын кошкондогудан он эседен көп суу коротулат. Андыктан эл аралык иликтөөлөрдө азыр өзгөчө суу жетишпеген аймактарда сугат суу проблемасын чечүүдө камсыздоонун жаңы булактары менен ыкмаларына эле басым жасай берүү узак мөөнөттөн алганда кырдаалды оңдобойт, тескерисинче, мунун ордуна сууну үнөмдөө механизмин киргизүү керек деген сунуштар айтылууда:

​- Биз бул маселеде фундаменталдык өзгөрүү жасап, керектөөнү башкаруу тарабына көбүрөөк көңүл бурушубуз, суу керектөөчүлөр арасында аны бөлүштүрүүнүн жакшыраак жолдорун үйрөнө баштообуз абзел. Башкача айтканда, биз сууну колдонуу укугун сатууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратышыбыз керек. Муну ишке ашыруунун бир жолу - суу базары. Суу базары сууну колдонуу укугу сатылышына жол ачат. Бул системанын реалдуу пайдасы эмне болот? Ал сууну сактоого, сууну коргоого чоң стимул жаратат. Инвестицияга, сууну колдонуунун эффективдүүлүгүн арттырууга жол ачат. Мисалы, эгер сиз суу колдонуучу - фермер болсоңуз, суунун сиз сактап калган бөлүгү башка муктаж керектөөчүгө сатыларын, ал компенсация төлөй турганын күн мурунтан билүү менен сууну үнөмдүү, азыраак колдонуунун жолун табасыз. Мунун экинчи чоң пайдасы - эгер сиз ошол иштеп жаткан ирригациялык системанын ичинде эле сууну көп коромжу кылбасаңыз, экономикалык чыгымды азайтып, инфраструктурага ири инвестицияларды алдын аласыз. Суу үнөмдөлүп, сууну колдонуу укугун сатуу механизми киргизилсе, жаңы суу сактагычтарды, түтүктөрдү, каналдарды такай куруу муктаждыгы жаралбайт, бери дегенде бул инвестиция келечек үчүн калат, - дейт The Nature Conservancy уюмунун суу боюнча башкы иликтөөчүсү Брайэн Рихтер (Brian Richter)

Эксперттердин айтымында, 2012-жылы Борбор Азиянын калкынын саны 50 миллион болсо учурда ал 70 миллионго жеткен.

Дүйнөнүн ресурстары институту деген иликтөө уюму 2040-жылга барып, “суу стрессине” кабылуучу 33 мамлекеттин катарына Борбор Азиянын Тажикстандан башка төрт өлкөсүн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанды жана ага коңшу Ооганстанды да киргизген.

Жергиликтүү адистер суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ресурстары сарамжал башкарылбай жатканын, маал-маалы менен сугат сууну сатуу демилгеси көтөрүлгөнү менен, аймактык деңгээлде аны чогуу пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн узак мөөнөткө эсептелген эффективдүү системасы жоктугун айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG