Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:08

Ташкент Аралга туристтик зона курат


Арал деңизинин суусу жылдан жылга тартылууда

Астана күйүүчү май менен өзүн өзү камсыздоого умтулууда, Ташкент Арал деңизин туристтик эс алуучу жайга айлантат, ал эми Дүйшөмбү Москванын Тажикстанда орус тилдүү мектеп куруусуна макул болду.

Казакстан Орусиядан күйүүчү май албайт

"КоммерсантЪ" басылмасы Астана 2019-жылга чейин Орусиянын күйүүчү майынан баш тартарын жазды. Макалада Казакстандын мунайды кайра иштетүүчү заводдорун модернизациялап, күйүүчү май менен өзүн өзү камсыздоо пландары жөнүндө баяндалат. Бул иштер аяктаса, Казакстан мунайды иштетүүнү 14 миллион тоннадан 17 миллион тоннага чейин көтөрөт. Муну менен өлкөнүн күйүүчү майга муктаждыгы жоголот.

Макалада Казакстан жылына Орусиядан 2 миллион тоннадан ашык мунай импорттоп алары айтылып, Астананын пландары ишке ашса, орусиялык кара майга көз карандылык жоюлары белгиленет. “Аналитика товарных рынков” агенттигинин адиси Михаил Турукалов мындай абал орус базарындагы мунай ишканаларынын кирешесин азайтарын ырастаган.

Тажикстанда орус мектептери ачылат

EurAsia Daily басылмасы Тажикистанда орус тилдүү мектептердин тармагы ачыларын кабарлады. Өлкөдө балдарды орусча окуткан жыйырма чакты мектепти куруп берүүнү Орусия убада кылган, курулушка кетчү тиешелүү каражаттарды Москва Дүйшөмбүгө кийинки жылы бөлүп берет. Ал эми тажик өкмөтү мектептердин андан ары иштеп кетүүсүн толук өз моюнуна алмакчы. Макалада Орусия менен Тажикстан билим берүү тармагында кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүп жатканы айтылат. Учурда Орусияда тажикстандык 21 миң студент билим алса, алардын 10 миңи бюджеттик негизде окуйт.

Кыргызстан мүмкүнчүлүгүн пайдалана албады

Регнум маалымат агенттиги Кыргызстанга Европа Биримдигинин базары ачылганы менен сатканга товары жоктугун кабарлады. Макалада Кыргызстан Европага 7 миң түрдүү товарды сатууга мүмкүнчүлүк алганы айтылат. Алардын жарымына бажы салыктары толугу менен алынса, калганына төмөндөтүлгөн. Былтыр Европага көбүнесе төөбуурчак, улуттук кийимдер, бал, жаңгак жана кургатылган жемиштер сатылып, экспорттун көлөмү 68 миллион долларды түзгөн. Бул мурунку жылга карата экспорттун 53 пайызга көтөрүлгөнүн билдирет.

Басылма ушул эле маалда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиги менен товар жүгүртүүсү 16 пайызга кыскарганын, ал эми Кытай менен товар алмашуу 45 пайызга көбөйгөнүн маалымдайт. "Кыргызстан көп жылдар бою Кытайдын товарларын реэкспорттоп жүрүп, айыл чарба жана өндүрүш тармагы кескин кыйрап калган" деп айтылат макалада. Ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга ички факторлор тоскоолдук жаратып, Кыргызстан Европа базарында ачылган мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдоно албай келатканы да жазылган.

Аралдын жээгине "жан" кирет

Регнум Ташкент соолуп бара жаткан Арал деңизинин боюнда эл аралык деңгээлдеги туристтик зона курарын кабарлады. Аймакта ден соолукту чыңдоочу мекемелер менен бирге көңүл ачуучу жана соода-сатык борборлору курулмакчы. Президент Шавкат Мирзиёев туристтик зона эки жыл ичинде ишке кириши керек деп буйруган, керектүү каражат өкмөт тарабынан бөлүнмөкчү. Кумга чөгүп кеткен кемелер оңдолуп, Арал деңизинин заманбап музейи уюштурулуп, курула турган комплексте этно жана экофестивалдар дагы өткөрүлөрү маалымдалган. 1960-жылдардан бери Арал деңизи 90 пайызга тайыздап, суусу тартылып кеткен. Анын себептеринин бири Амударыя менен Сырдарыянын СССР убагында сугатка пайдалануусу болгон. Аралдын соолушу айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG