Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Pink Floyd Аралдын көйгөйүн көтөрдү


Ушул жумада жарык көргөн топтун The Endless River альбому анын соңку 20 жылдагы биринчи эмгеги.
Ушул жумада жарык көргөн топтун The Endless River альбому анын соңку 20 жылдагы биринчи эмгеги.

Дүйнөгө дээрлик жарым кылымдай мурда таанылган британиялык Pink Floyd рок тобу жаңы чыккан Louder Than Words ("Сөздөн да күчтүү") деп аталган ырына Казакстандын Аральск шаарында клип тартты.

​Louder Than Words, же “Сөздөн да күчтүү” деп аталган жаңы ыры атактуу топтун ушул аптада жарык көргөн соңку The Endless River ("Соолубас дарыя") альбомунда видеосу менен чыккан жалгыз чыгарма.

Ырдын мазмунунда Арал деңизи тууралуу бир да сөз жок, мааниси деле экологиялык темадан кыйла алыс. Бирок ырдын клипи Казакстандагы соолуп калган Арал деңизинин жээгиндеги Аральск шаарында тартылган. Беш мүнөткө созулган клипте чөлгө айланган мурдагы деңиздин орду, кемелердин калдыктары, эскилиги жеткен үйлөр менен айылдагы улгайган адамдар жана балдар көрсөтүлөт.

Бир кезде балыкчылыктын борборуна айланган гүлдөгөн шаар өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери экологиялык катастрофанын аймагына кирет.

- Louder Than Words деп аталган ырдын мааниси - көп сөздөн көрө бир иш аткарган жакшы дегенди билдирет. Мындан улам биз экологиялык кырдаалды чагылдырган видео тартууну чечтик. Анан дароо эле оюбузга соолуп бараткан Арал деңизи келип, көз алдыбызга анын ордунда пайда болгон чөл менен дат баскан кемелер түштү”, - дейт өз тапкычтыгынын ачкычы менен бөлүшкөн клиптин режиссеру жана рок топтун жетекчиси Обри Пауэлл “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде.

Ошол эле маалда клиптин режиссеру жаңы чыгарма экологиялык гана көйгөйдү гана чагылдырбастан, адамдын колу менен жасалган андай алааматтын жергиликтүү калкка жана келечек муунга тийгизчү таасирин көрсөтүүнү көздөгөнүн кошумчалады. Бир кезде деңиз менен күн көргөн жергиликтүү тургундар учурда жакырчылыкка кептелгенин айткан режиссер буларды билдирди:

- Аральсктагы балдар деңиз мурда кандай болгонун билишпейт. Бирок алар улуу муундун каталарын кайталабаш үчүн эмне болгонун билиши керек. Ошол себептен клиптин аягында кырсыктын кесепеттерин чагылдырган сүрөттөр кошо көрсөтүлгөн.

Обри Пауэлл мурдагы кеме калдыктарын Арал деңизине эстелик катары сактап калууга чакырат. Анткени Pink Floyd тобу Казакстанга клип тартууга келгенде мурдагы Арал портунун ордунда калган кемелердин калдыктарын жергиликтүүлөр талкалап салганын көрүп ичтери ачышкан.

"Бул абдан кайгылуу көрүнүш, себеби чөлдө калган кемелер деңиздин мурдагы абалы менен азыркысынын ортосундагы жалгыз байланыш эмеспи" деген Обри Пауэлл жаңы чыккан видеоклип бир кезде дүйнөдө көлөмү боюнча төртүнчү орунда турган деңизди калыбына келтирүү маселесине дүйнөлүк коомчулуктун көңүл бурдурат деген ишеничте.

- Казакстанда Арал деңизинин көйгөйүн жашырышпайт, ал жакта Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча дарыялардын суусун кайрадан Аралга бурууну көздөп жатышыптыр жана бул жаатта өнүгүү бар экен. Акырындап болсо да деңиздин түндүк тарабы кайрадан калыбына келип жатыптыр. Ал эми Өзбекстандын аймагында жайгашкан деңиздин түштүк тарабында андай аракеттер жок окшойт. Ал жакта бул көйгөйгө акча бөлүүнү ойлогон киши бар экенине ишене албайм.

Пауэлл байкагандай, 2005-жылы Көк-Арал плотинасы ишке кирген соң, Арал деңизинин түндүгүндөгү суунун деңгээли акырындан көтөрүлө баштаган. Соңку эки жылдын ичинде деңиздеги суунун деңгээли Аральскка чейин жеткен. Айланадагы климат кескин жакшырып, атургай өткөн жылы Аралда балык да пайда болду.

Pink Floyd тобу, 1968-жыл
Pink Floyd тобу, 1968-жыл

Pink Floyd тобу өз клипине Арал деңизинин Өзбекстандагы тарабын тартууга да ниеттенгени менен ал ишке ашкан эмес. Өзбекстанга виза алуу бир аз татаал болгондуктан, британиялык музыканттар визасыз каттам киргизилген Казакстанга барып, клипти толугу менен ошол жактан тартууну чечишкен.

Обри Пауэлл Pink Floyd тобу менен 1967-жылдан бери иштейт. Рок музыка дүйнөсүндөгү эң популярдуу топтун жараткан чыгармалары дээрлик жарым кылымдан бери жаңырып келет. Атактуу топтун дүйнөнү дүңгүрөткөн The Wall ("Дубал") деген альбому 23 жолу платиналык макамга ээ болгон жана АКШда эң көп сатылган музыкалык альбомдордун тарыхында үчүнчү орунда турат.

Ушул жумада жарык көргөн топтун The Endless River альбому анын соңку 20 жылдагы биринчи эмгеги. Pink Floyd тобунун солисти Дэвид Гилмор октябрда Твиттердеги баракчасына бул альбом 2008-жылы дүйнө салган топтун мүчөсү Рики Райттын элесине арналганын айтып, “бул биздин акыркы эмгегибиз... Канчалык өкүнсөк да баары бүттү” деп жазды.

XS
SM
MD
LG