Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Кыргызстан Арал деңизи боюнча фонддун ишине катышуусун токтотту


Кыргызстан Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонддун жана анын органдарынын ишине катышуусун убактылуу токтотту. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Брюсеелде өткөн "Евробиримдик – Борбор Азия" жыйынында билдирди.

Кемелованын белгилешинче, аталган фонд "аймактагы айрым мамлекеттердин суу пайдалануудагы гидроэнергетикалык аспектилерин жана муктаждыктарын" эске албай жатат. Ошондой эле, анын айтуусунда, буга чейин кыргыз тараптын уюмду реформалоо боюнча сунуштары көңүлгө алынбай калган.

Арал фонду 1993-жылы негизделген. Аны ачуу келишимине Борбор Азиянын беш мамлекети кол койгон. Катастрофалык масштабда солуп бараткан Арал деңизи Казактсан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан. Фондду эл аралык уюмдар каржылайт. (RK)

XS
SM
MD
LG