Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

«Бир алкак - бир жол»: колдонулбаган мүмкүнчүлүк


Бээжин. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын лидери Си Цзинпин кол алышууда. 26-апрель, 2019-жыл.
Бээжин. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын лидери Си Цзинпин кол алышууда. 26-апрель, 2019-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 27-апрелде Бээжинде «Бир алкак – бир жол» форумунун биринчи сессиясында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы форумда Кыргызстанда транзиттик автожолдорду реконструкциялоону 2022-жылга карата аяктоо болжолдонуп жатканын белгиледи.

«Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор ишке ашырылды. Биз бул жардамды жогору баалайбыз. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоорун ишке ашыруу да чоң салым болот деп ишенем. Бул баарыбыз үчүн өтө зарыл долбоор жана ал демилгенин концепциясына толугу менен дал келет», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзинпин бул демилгенин алкагында Жибек жолунун боюнда өнүгүп келаткан өлкөлөргө миллиарддаган доллар жардам берилерин айткан.

Бир катар байкоочулар, адистер Кыргызстан «Бир алкак - бир жол» долбоорунун мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай жатат дешет.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак - бир жол» тууралуу ушул жуманын башында, 22-апрелде Ош шаарында өткөн өлкөнү санариптештирүү боюнча жыйында сөз кылган.

Анда бул долбоор өлкөнүн санарип экономикасын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири деп атаган.

«Өнөктөш өлкөлөрдүн санарип экономиканы өнүктүрүү боюнча стратегияларын пайдалануу, Евразиялык экономикалык биримдиктин 2025 санарип күн тартибин колдонуу, «Бир алкак — бир жол» программасы аркылуу санарип Жибек жолун кайра жандандыруу жана регионалдык санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча эл аралык дагы башка демилгелерди колдоо - артыкчылыктуу багыттардын бири», - деген президент.

Былтыр июнь айында Сооронбай Жээнбеков Кытайга мамлекеттик сапар менен барганда расмий Бээжинге электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен завод ачууну сунуш кылган жана аны «Бир алкак - бир жол» демилгеси менен байланыштырган:

«Биздин өлкөбүз кытай электромобилдерин чыгаруу жана Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бермек. Сиздин «Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багытын келечектүү деп эсептейм».

Ошондо расмий Бээжин Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлөрү айтылган. Биз бул макала жазылып жаткан чакта «Бир алкак - бир жол» долбоорунун негизинде жалпысынан канча каражат берилгени, кандай иштер жасалганы тууралуу расмий бийликтен комментарий ала алган жокпуз.

«Кытайдан коркпой кызматташуу керек»
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:00 0:00
Түз линк

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров кыргыз өкмөтү долбоорлорду ыкчам даярдашы керек экенин айтты:

«Бир алкак - бир жол» долбооруна жалпысынан 3 триллион долларга жакын акча бөлүнгөнү турат. Анын алкагында Инфраструктуралык Азия банкы ачылды. Кыргызстан азыр өзүнүн долбоорлорун даярдап жатат. Биз ушул демилгенин алкагында каражат алганга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгер бизнес долбоорлорубуз даяр болсо, айрыкча гидроэнергетика тармагына каражат алганга толук мүмкүнчүлүк бар. Өнүктүрүү ассоциациясынын шарттарында 0,75 пайыз менен 40 жылга чейин алсак болот. Экинчиден, кытай өкмөтү эгер бизнес долбоорлор өзүн өзү актай турган болсо, өкмөттүн кепилдиги жок эле каражат берели деп жатат. Бирок кыргыз мамлекети, кыргыз бизнеси эл аралык деңгээлдеги бизнес долбоорлорду, банктардын техникалык-экономикалык негиздемелерин даярдаганды үйрөнүшү керек. 26 жылдан бери ушундай бир да институтубуз жок болуп жатат».

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 25-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жатканда кыргыз өкмөтүн Кытай ачкан мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатканын сынга алган:​ ​

«Эмдиги жылы Кытай Жибек жолу долбооруна 60 өлкөгө бир триллион доллар бөлүп жатат. Жакынкы беш жылда сегиз триллион акча бөлүнөт. Ага Кыргызстандан бир дагы долбоор кирген жок. Себеби биздин чабал өкмөт долбоор даярдай албады. Ишенген жок. Жаныбызда триллион доллар агып жатса, биз ошону кармап, өндүрүшчүлөргө бере албай жатабыз. Бул чоң трагедия».

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев дагы ушундай пикирге кошулду:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Өкмөт бул долбоорду колдоно албай жатат. Анын алкагында деле каражат бөлдүрүп, темир жолду баштап алсак болот. Биз Европа менен Азиянын ортосунда жайгашканбыз да. Атайын соода түйүндөрдү, атайын логистикалык борборлорду түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Башкаларга караганда бизде мүмкүнчүлүк көбүрөөк, анткени биз Кытай менен чектешип турабыз, жакын кошунабыз. Азыр эки өлкөнүн президенттеринин деле мамилелери жакшы, андай деле проблема жок. Муну биз сөзсүз колдонушубуз керек. Анткени чоң каражат бөлүнүп жатат».

2017-жылы май айындагы «Бир алкак - бир жол» форумуна ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Анда расмий Бишкек бул концепцияны өзүнүн «Таза коом» долбоору менен байланыштырууга кызыкылыгы бар экенин айткан:

«Бир алкак – бир жол» биздин бардыгыбыздын алдыбызда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана чоң болочокту ачууда, - деген эле Атамбаев. - Биринчиси - Кытайдан Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Европага өтүүчү жибек була-оптикалык обого берүү линиясын (ВОЛС) кеңейтүү. Эгерде ВОЛС Кыргызстан аркылуу өтсө, Гонконгдон жана Шанхайдан Бернге жана Римге, Будапештке жана Брюсселге, Прагага жана Мадридге чейинки берүүлөрдүн ылдамдыгы ондогон эсе өсөт. Экинчиси - жогорку технологиялык логистикалык борборлорду куруу жана биргелешкен электрондук сооданы өнүктүрүү. «Aлибаба», «Taobao» сыяктуу интернет-алптардын өсүү шартында Кыргызстан чоң Евразия өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрү үчүн, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путин айткандай, бүтүндөй биздин Евразия континентин эске алганда, Интернет буйрутмаларды аткарууну тездетүү максатында логистикалык борборлорду курууга эң эле ыңгайлуу өлкө боло алат».

Кытай тышкы жана эл аралык саясаттагы дымагын көрсөткөн «Бир алкак – бир жол” деп аталган экономикалык демилгесин 2013-жылы эле жарыяланган. Анын башкы максаты - Жибек жолунун боюндагы мамлекеттер менен экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, чыгыштан батышты көздөй тоскоолдуксуз карым-катнаш түзүү болгон.

Расмий Бээжин долбоордун алкагында автожол, темир жол, порт салууга, электростанцияларды курууга ири инвестиция, каражат бөлүүгө убада берген.

Кытай карызды оңой бербейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:04 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG