Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

"Камбарата-1": багы ачылбаган долбоор


Кыргызстан – "Камбарата – 2" ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан – "Камбарата – 2" ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Мындан бир нече жыл мурда Камбарата-1 ГЭСин куруу планы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиленин салкындашына алып келсе, ушу тапта экин өлкөнүн биргелешкен долбооруна айланууда.

"Камбарата-1" ГЭСи тууралуу кептин башталганына 30 жылдан ашуун убакыт болсо да долбоор азырынча кагазда гана калып келет. «Ири ГЭС» деп чоң сөзгө арзыган долбоордун өзү кандай?

Эң ири ГЭС

Адистер "Камбарата-1" курулуп калса, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болорун белгилешет. Кубаттуулугу –1860 МВт, жыл сайын 5 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрүп турат. Салыштырып көрөлү: Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт, жылына 4 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрөт.

Долбоор боюнча "Камбарата-1" ГЭСинин тосмосунун бийиктиги 275 метр («Токтогулдуку» – 215 метр). Кууш капчыгайга курулган станциянын төрт гидроагрегаты электр энергиясын өндүрөт.

Токтогул ГЭСи

Анткен менен суу сактагычынын көлөмү боюнча Токтогул ГЭСине республикадагы башка бир да станция тең келе албайт – анын жасалма көлүндө 19 млрд. куб метр суу топтолот. "Камбарата – 1" ГЭСинин суу сактагычынын сыйымдуулугу - 6 млрд. куб метр.

Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Бийликтегилердин эсеби боюнча, "Камбарата - 1" ГЭСи курулуп калса, Кыргызстан суу азайганда электр энергиясын сырттан сатып албай, тескерисинче аны четке экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.

2014-жылы өкмөт "Камбарата – 1" ГЭСинин курулушуна 2,7 миллиард доллардан 3 миллиард долларга чейинки каражат сарпталарын эсептеп чыккан. Эгер "Камбарата-1" долбоору жүзөгө ашып калса, өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң кымбат курулуш болот.

Өзбекстандын өктөсү

Алгач "Камбарата-1" ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле ойлонулган. Курулуштун техникалык-экономикалык негиздемесин «Гидродолбоор» институтунун Ташкенттеги бөлүмү иштеп чыккан, кийинчерээк бул жагдайды Өзбекстандын нааразылыгына жооп кылып Кыргызстан эске салган.

Союз таркаган соң долбоор унутулган. "Камбарата–1" ГЭСи Нарын дарыясынын жогорку жагында Жалал-Абад облусунун аймагында курулмак.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, бул иштин өтөөсүнө чыкчу инвесторду Орусиядан тапкан. Бишкектин мындай планы Өзбекстанга жакпай, анын катуу сынына кабылган.

Нааразылыктын чыныгы себеп-жөнүн 2012-жылы ал кездеги Өзбекстандын президенти ыраматылык Ислам Каримов Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу учурунда ачык айткан. Каримовдун сөзүнө караганда, Казакстан менен Өзбекстандын суу керектөөсүнүн жылдык орточо өлчөмү 70–75% гана канааттандырылат.

«Непадам тосмолор курулуп калса, биз канча пайыз суу бизге агып келерин билбей калабыз. Биз жөнөкөй эле нерсени: ири дарыяларда тосмолор туруп калса, суу агымы кантип каларын, биз азыр канча суу алабызды, эртең канча суу аларыбызды билгибиз келет», - деп айткан Каримов.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов (солдо) менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов (солдо) менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.

Ошондо эле Каримов Кыргызстан менен Тажикстан ГЭС курулуштарын коңшулары менен макулдашууга тийиш болорун, андай болбосо ортодон уруш чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирген.

Нарын дарыясы Өзбекстанга агып киргенде Кара-Дарыя менен кошулуп Сыр дарыя болуп кетет. Эксперттердин баамында "Камбарата - 1" ГЭСи - экономикага караганда саясатка көбүрөөк ыктаган долбоор, Өзбекстан менен өз ара карым-катышта Бишкекке таасир этүүгө мүмкүндүк берчү курулуш.

2012-жылы Бишкек орусиялык «РусГидро» компаниясы менен "Камбарата – 1" ГЭСин жана Нарындын жогорку агымында төрт ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгон. Бирок төрт жыл илгери инвестордун ишти баштабай атканына нааразы болгон Кыргызстан келишимди жокко чыгарган. Ушу тапта тараптар эл аралык арбитражга даярданышууда. «РусГидро» долбоорго сарпталган 37 млн. долларды кайтарып алууну көздөп турат. Бишкек болсо каражаттар өтө эле кымбат көрсөтүлүп калган деп эсептейт.

Азыр эмне?

"Камбарата - 1" ГЭСин курууга кызыккан инвестор буга чейин чыга элек, ага карабай Бишкек Ташкенттин макулдугун алууга жетишти. Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан кийин долбоорду ишке ашырууга катыша турганын ырастады.

2017-жылдын 6-октябрында «Узбекгидроэнерго» менен Кыргызстандын «Улуттук энергохолдинги» долбоор боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Камбарата – 1 ГЭС курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташтык тууралуу Кыргызстандын «Улуттук энергохолдинг» менен «Узбекгидроэнерго» компаниясынын өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюу учуру. Ташкен, 2017-жылдын 6-октябры.
Камбарата – 1 ГЭС курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташтык тууралуу Кыргызстандын «Улуттук энергохолдинг» менен «Узбекгидроэнерго» компаниясынын өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюу учуру. Ташкен, 2017-жылдын 6-октябры.

​Андан бери бир жарым жыл өтсө да маселе ордунан жылбай турат. 20-февралда Өнөр жай, энергетика жана жерди пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев жакын арада Ташкентте долбоордун келечеги жөнүндө жумушчу топтордун ортосунда сүйлөшүү болорун билдирди.

Анткен менен, «Азаттыкка» белгилүү болгондой, азырынча тараптардын бири-бирине сунуш кыла турган эч нерсеси жок.

«Конкреттүү сунуштар азырынча биз тараптан иштелип чыга элек, өзбек тараптан деле сунуштар келип түшө элек. Аларды угуп, ошого жараша андан аркы аракеттер аныкталат», - деп Өнөр жай, энергетика жана жерди пайдалануу мамлекеттик комитетинин долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Эрмек Нуржанов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жумушчу топтордун жолугушчу күнү да азырынча тактала элек.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG