Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

Жапаров менен Мирзиёев чек араны 3 айда чечмей болду


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкентте. Өзбекстан. 2021-жылдын 11-марты.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкентте. Өзбекстан. 2021-жылдын 11-марты.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев чек ара маселесиндеги негизги маселелерди 3 айлык мөөнөттө чечүүнү макулдашты. Муну кошо эки мамлекет ортосунан өтүү жеңилдетилери, аткезчилик менен биргелешип күрөшүү да сүйлөшүлдү.

Жапаровдун эки күндүн иш-сапарында мындан башка тармактарда да кызматташууга сөз бекиди. Жаңы саясий диалогдон үмүттөнгөндөр да, күмөн санагандар да арбын.

Макулдашуулардын жаңы топтому

Кыргыз мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы 11-12-марттагы иш-сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелишкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу 22 документке кол коюлду.

Мунун ичинде өкмөттөр тышкы иштер, саламаттык сактоо, энергетика, маданият, спорт, коргоо, экономика жана финансы министрликтеринин, экотехинспекциялардын кызматташуу, маалымат алмашуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө протокол, план, макулдашуулары бар.

Монополияга каршы кызмат менен президенттерге караштуу Мамлекеттик башкаруу академиялары иштешүү жөнүндө меморандум кабыл алышты.

Өзбекстандын Фергана облусу менен Кыргызстандын Нарын жана Баткен облустары өз-өзүнчө, Жалал-Абад менен Наманган, Ош менен Анжиян кызматташуу жол карталарын бекитишсе, өкмөттөр Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө бир пикирге келишти.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. Өзбекстан. Ташкент шаары. 2021-жылдын 11-марты.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. Өзбекстан. Ташкент шаары. 2021-жылдын 11-марты.

Мындан сырткары тараптар чек араларда аткезчиликти биргелешип жоюу, бажы мыйзамдарын бузуу менен чогуу күрөшүү, электр энергиясын бири-бирине берүү, аскердик-техникалык жактан кызматташууну өнүктүрүүнү да макулдашты. Кыргыз-өзбек айыл-чарба жана өнөр жай кооперациясы боюнча иш-чаралардын жол картасы да бекитилди.

Расмий жолугушуудан кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында үй ээси катары Мирзиёев алгач өзү сөз алып, кызматташуу жөнүндө узун кеп салды. Анын башкысы катары чек ара маселесин белгилеп, бул көйгөйдү ыкчам чечүүгө кадам ташталганын ортого салды:

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

«Өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасын укуктук каттоону ылдам бүткөрүү үчүн практикалык кадамдарга өтүү жана чек арадан өтүүнү толук кандуу камсыздоо боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду. Биздин карым-катышыбыздын тарыхында биринчи жолу чек ара боюнча өтө катуу, конкреттүү нерселерди макулдаштык. Ким эмне кылыш керек, качан кылыш керек деген маселелерди бүт такташтык. Анткени бул биздин калктарыбыз күтүп жаткан эң сезимтал көйгөй. Биз Садыр Нургожоевич экөөбүз керек болсо, так 3 айлык мөөнөт койдук. Албетте, бул биздин эң перспективдүү убактыбыз болот, балким айрым маселелер андан да кыска убакытты алышы мүмкүн. Ошентсе да биздин жарандарга ыңгайлуу жана жеңил болушу үчүн эки тарап тең бюрократиясыз, конкреттүү түрдө маселе чечели деп олуттуу жоопкерчилик алдык».

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% мындан 4 жыл мурда - 2017-жылы такталып, ратификацияланганын мурдараак кабарлаганбыз. Дагы 10%га жакыны макулдашылган, 5%дан ашыгыраагы таптакыр чечиле элек. Азырынча буга байланыштуу делимитация жана демаркация комиссиялары иштеп жатат.

Садыр Жапаров да өз билдирүүсүндө чек ара маселесине өзүнчө токтолбой, жалпы кызматташуунун спектри жөнүндө баяндады:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Жалпысынан, мен кыргыз тараптын Өзбекстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн ырааттуу мүнөзүн белгилеп айта кетейин. Ошону менен катар эле биздин астыбызда жасай турган көп иштер турат. Ага бизде каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар. Бир тууган Өзбекстан менен бардык багыттар боюнча натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даярбыз»,-деди кыргыз мамлекет башчысы.

Өзбекстанда 2016-жылы президенттикке Шавкат Мирзиёев келгенден бери кыргыз-өзбек мамилеси кайра жанданган. Алгач президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 5-октябрда - кызматтан кетээр алдында мамлекеттик сапар менен Ташкентке барып келген. Ушул эле жылы 13-декабрда жаңыдан бийликке келген президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий сапар менен барган.

Атамбаев барганда 12, Жээнбеков барганда 6 документке кол коюлган. Бирок алардын натыйжасында бул макулдашуулардан жана келишимдерден ортодогу маселелер шыр чечилип кеткен жок. Ошол эле чек ара маселеси ортодо турду.

Ошондон улам жаңы 22 келишимден да күмөн санагандар арбын. Бир даары болсо Кыргызстанда да Мирзиёевге тең келген чечкиндүү президент келгенин айтып, жаңы даилогдон үмүт кылышат.

Экономист Эркин Абдразаков кепке кошулду:

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Чек ара маселесин эми чечпесе болбой калды. Кыргызстан деле тырышып жата бербей, кээ бир жерлерден аларга эпке келип, айрым жерлерден алардан алып, эртерээк бүтүрүш керек. Эки бир тууган элди кайраштыргандын ордуна мамлекеттик жетекчилердин эрки өтө зарыл болуп турат. Менимче ушул жолу эки тарапта тең эрк болот, жакын арада чечилип калат деген ишенимге келип калдым. Чек арадагы талаш-тартыш эки элдин мамилесине терс таасир этип, жөнөкөй кишилерди зыянга учуратып келет. Өзбекстан менен Кыргызстан мындан сырткары энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү, маданият, туризм жана башка багыттарда кызматташуусун чыңдашы зарыл».

Ири долбоордун тагдыры

Албетте, коңшу мамлекеттин лидери Шавкат Мирзиёев Атамбаев менен жолукканда да, Жээнбеков менен кездешкенде да эки өлкө ортосундагы эң талылуу темаларда курч билдирүүлөрдү жасап келген. Анын ичинде суу-энергетикалык кызматташуу багытында жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна байланыштуу да ишенимдүү ойлорду айтчу.

Мирзиёев бул жолу да ушул темаларды өзүнчө эске салды:

«Ортодо биздин экономикалар үчүн чечүүчү ролду ойногон эффективдүү жана ишенимдүү долбоорлорду өнүктүрүү маселеси турат. Биринчи кезекте кеп Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жөнүндө болуп жатат. Мындан сырткары Ташкент-Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар мултимодалдык коридор жөнүндө кеп болду. Биз бул долбоорлорду жылдыруу үчүн биргелешкен чара көрүүнү шартташтык. Суу пайдалануу жана энергетика тармактарында өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн эки тарап тең даяр экени дагы да ырасталды. Биздин компаниялар Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилерди куруу жана чогуу иштетүү жөнүндө долбоорлорду бирге иштеп жатышат. Бул өтө олуттуу, ири долбоорлор болот. Биз бул жөнүндө меморандумга эмес, биринчи жолу макулдашууга бардык. Бул биздин келишимдердин реалдуу далили болуп саналат. Эми биз бул иштер боюнча элибиздин алдында отчёт берип турушубуз керек»,- деди өзбек лидери.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору бул 1990-жылдары сунушталып, 2000-жылдардан бери талкууланып келе жаткан план. Бул аталган үч өлкөнү эле эмес, Европа менен Азияны бириктирген транзит болору маалымдалган. Алгач Кытай өзү каржылоо сунушун берип, кийин Орусия да аралашары кабарланган. Бирок ал ушул кезге чейин баштала элек.

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов муну Кыргызстан өзү жеке компания түзүп курушу керек деп эсептейт:

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

«Биз бул темир жолду курганга эмнеге Өзбекстандан уруксат сурап жатабыз? Анын тагдырын биз өзүзүбүз эле чечишибиз керек. Анткени негизги линия Кыргызстан аркылуу өтөт, Өзбекстан кайсы жактан болсо да андан ары улантып кеткенге мурдатан кызыкдар. Негизи Ташкент темир жолду Кыргызстандын түштүгүнөн түз, Эркечтам аркылуу өткөрүүнү каалайт. Бирок биз темир жолдун линиясын түндүк тарапты да кошуп, Торугарт аркылуу алып өтүүбүз кажет. Өзбекстан кайсы маршрут болсо да макул болушат. Себеби алар Кытай аркылуу Тынч окандын жээгине чыгышы керек, өз пахтасын жана башка нерселерин сатыш керек. Мурдагы президент Каримов «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруп алсам, менин Өзбекстанды өнүктүрүү боюнча башка кыялым болбойт эле» айтканы бар. Кытайлар болсо бул долбоорго макул, алар өздөрү сунушташкан. 2001-жылы Бакиев Алматыда Кытайдын мамлекеттик кеңешинин төрагасы менен жолуккан учурда, алар «темир жолду бирге салалы, биз насыя беребиз» деп сунушташкан. Бакиев тендерге шылтап созгон, анын жыйынтыгы чыкканда кытайлар кайра «ал компания сунуштаган суммадан эки эсе аз кылып куруп беребиз», деп айтышкан. Ортодо Орусия да кызыкчылыгын билдирип келет. Бул жерде биз Кыргызстан демилгени өз колубузга алып, орус-кыргыз биргелешкен компания түзүп, ошонун атынан Орусия өкмөтүнөн насыя алып, курдурушубуз керек. Эгер аны өзүбүз курсак, курулушта 100 миңдеген кыргызстандыктар иштеп калмак, аларды ар кандай нерселер менен камсыз кыла турган 20-30 завод ачылмак. А кытайлар өздөрү курса цементти дагы, шагылын дагы, темирин дагы, бетонун дагы бүт Кытайдан алып келишет. Ошондуктан өзүбүз курушубуз керек».

Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга сапары үчүнчү чет элдик визити болуп калды.

Эки күндүк мамлекеттик сапардын алкагында ал Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министр Абдулла Арипов менен да жолугушту. Бул кездешүүлөрдө да кызматташуунун түрдүү багыттары кеп болду.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG