Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

"Eurasianet": Кытай долбоору Борбор Азияда суу талашты күчөтүшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.

Узап бараткан аптада бир катар чет өлкөлүк басылмалар Кыргызстанда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 миң доллар айыппул менен соттон бошотулганын жазышты. Кытайдын “Бир алкак - бир жол” демилгеси Борбор Азияда суу талашын күчөтүшү мүмкүн деген мазмундагы макала да жарыяланды.

"Eurasianet" иликтөөчү журналисттер Райымбек Матраимов мамлекетке 700 миллион доллар чыгым алып келгенин аныкташкан деп, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков эч кандай чара көрбөгөнүн белгилейт.

“Соттун өкүмү күнөөсүн моюнга алган Матраимов келечекте эч нерседен коркпой өз бизнесин уланта бериши мүмкүн дегенди билдирет. Ошондой эле бул өкүм паракорлукка малынган адамдардын жетиштүү саясий таасири болсо жана башкаруудагы режим аны колдоп турса, оңой эле кутулуп кетишет дегенди туюндурат”, - деп жыйынтыкталат бул макала.

"The Diplomat" да Матраимовдун сотуна кеңири кайрылды. Макалада иштин чоо-жайы баяндалып, Садыр Жапаров паракор аткаминерлерден акчаны казынага кайтартуу үчүн “экономикалык мунапыс” жарыялаганы, айрымдар муну “үстүртөн жазалоо” катары баалашары айтылат. Матраимовдун процесси тез аяктаганын, өкүм көптөрдү иренжиткенин баса белгилеген автор АКШ “кара тизмесине” киргизген адамдын сот жообунан жеңил кутулганы “Жапаровго чет өлкөлөрдү коррупция менен чын дилинен күрөшүп жаткандыгына ынындырууга жардам бербейт” деген оюн ортого салат.

Коррупцияга каршы күрөш жана Матраимов иши
please wait

No media source currently available

0:00 1:03:36 0:00

"Eurasianet" Кытайдын “Бир алкак - бир жол” демилгеси Борбор Азиядагы суу талашын күчөтүшү мүмкүн деген мазмундагы макала чыгарды. Анда Лондондогу Падышалык коллеждин жана Квинсленд университетинин кызматкерлери Натаниэл Мэтью менен Мелинда Дэвистин изилдөөсү тууралуу сөз болот.

Авторлор аймактын суу маселесине сереп салып, советтик доордогу дамбалар, кендер менен жалаң пахта айдоо саясаты сыңары эле бул ири долбоор суу бөлүштүрүүдө талаш-тартыштарга алып келиши ыктымал деп боолгошот.

Алар Кытай инвестиция салган башка жерлерде сууну башкаруу маселесине кандай көңүл бурарын, өнөр жай, гидроэнергетика, айыл чарба, суу менен камсыз кылууга, кызматташтыкка кандай таасир этерин талдап, регионалдык эксперттерди сөзгө тартышкан.

Аймактагы өлкөлөр бир кездери Москва башкарып турган суу ресурстарынын айынан талашып-тартышып келгенин белгилеген авторлор, 2016-жылы Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин эң курч чатактар тынчыганы менен суу тартыштыгы маселесин координациялап чечүүдө беш жумурият прогресске жетишкен жок деп жазышат.

"Чектеш аймактын бейстабилдүү болушун каалабаган Кытай конструктивдүү жана бириктирүүчү роль ойноруна үмүттөнөбүз", - деп улантышат Мэтью менен Дэвис.

Ошол эле маалда изилдөөчүлөр белгилегендей, долбоорго катышкан подрядчылар ортосунда координация жок, анын үстүнө кытайлык компаниялар көп учурда коррупциялашкан бийлик менен түзгөн келишимдердин шарттары коомчулукка жарыяланбайт.

Авторлор "Кытай суу маселесинде мунаса табууга анча аракеттенбейт көрүнөт" деген жыйынтыкка келишкен. Мисал катары суунун башында жайгашкан өлкөлөр цемент жасоого суу керектегенде, ылдый жактагы өлкөлөрдө, айталы помидор өстүрүүгө суу жетпей каларын келтиришет. Алар “Бир алкак - бир жол” демилгесиндеги сунуштарда чектеш жерлердеги суу кызматташтыгы каралбаганын жазышат.

Андан тышкары Кытай жашыл экономикага өтүү аракетинде айлана-чөйрөнү булгаган өнөр жайын экспорттоп жатканына да көңүл бурулат.

Алсак, Тажикстанда цемент чыгаруу акыркы беш жылда Кытайдын жардамы менен он эсе көбөйгөн. Былтыркы жылдын тогуз айында кошуна өлкө дээрлик бир миллион тонна цемент экспорттоптур. Бирок тажик бийлиги бул тармакты тескөөгө же жарандык коомдун өкүлдөрүнө өз пикирин айттууга мүмкүнчүлүк бергиси келбегендей, - дешет изилдөөчүлөр.

Долбоор көбүнчө жол түйүндөрүнө басым жасаганы менен акыркы кездерде айыл чарбасына да көңүл бурулууда. Себеби Кытай айыл чарба продукциясынын ири импортёруна айланган.

Бул өз кезегинде кайра эле суу маселесине такалат. Мындай көз карашы менен бөлүшкөн авторлор экономикалык гигант борбор азиялык өлкөлөр менен советтик чабал инфраструктураны оңдоо, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жаатында тажрыйбасы менен бөлүшөбү? - деген собол салышат.

Эмне дегенде аймакка коңшу жайгашкан Шинжаң провинциясында ирригациялык система, сууну шордон тазалоо техникалары жакшы өнүккөн, тиешелүү тажрыйбасы жана технологиялары бар.

Макаласын жыйынтыктап жатып изилдөөчүлөр Арал деңизинин кайгылуу мисалын унутпоо керектигин эске салышат.

"Фергана" кабар агенттиги Өзбекстан бийлиги латын арибине өтүүнүн «жол картасын» бекиткенин жазат. Ага ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып бардык мекемелерде латын жазмасына негизделген өзбек арибинде иш жүргүзүү киргизилмекчи. Ал эми эмки жылдын декабрынан баштап бардык маалымат каражаттары, сайттар жана басма үйлөрү толугу менен латин арибине өтүшү керек.

Ошол эле жылы расмий сайттар, жарандардын жеке документтери, ID карталары, көчөлөрдүн аталыштары, жарнамалар жалаң латын графикасында жазылат. Агенттик маалымдагандай, Өзбекстан латын графикасына өтүүнү 1993-жылы чечкен.

Анда жараян 2000-жылы аяктайт деп айтылып, негиз катары түрк алфавити алынган. Бирок Түркия менен мамилелер начарлагандыктан, кирилл жазмасынан баш тартуу мөөнөтү улам жылдырылып келди. Бул аралыкта эки арип тең колдонулуп жүрөт. Ошентип мындан эки жыл мурун эле латын жазмасына негизделген өзбек арибинин акыркы варианты иштелип чыкты.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG