Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

"Жашыл экономикага өтүүдө саясий эрк керек"


Улук Кыдырбаев.
Улук Кыдырбаев.

Кыргызстанда Жашыл экономика жумалыгы башталууда. Анын алкагында 15-октябрдан 21-октябрга чейин Кыргызстандын жашыл экономикага өтүшүнө байланышкан талкуулар, иш-чаралар уюштурулат.

Жумалыкты уюштурууга катышкандардын бири, «Биз эксперт» талдоо борборунун жетекчиси, экономист Улук Кыдырбаев жашыл экономикага өтүүнүн оош-кыйыштары тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": "Жашыл экономикага өтүш керек" деген маселе көтөрүлгөнүнө көп жыл болду. Бирок ишке киргизиле элек. Буга эмне тоскоол болууда?

Улук Кыдырбаев: Бул жерде саясий декларация болгону менен накта жашыл экономикага алып бара турган иш-чаралар жетиштүү болбой жатат. Мунун себептери көп. Балким жашыл экономика эмне экени тууралуу коомчулукта, ишкерлер арасында жана өкмөттүн ичинде толук түшүнүк жок. Экинчиден, экономисттер арасында адистер аз.

Үчүнчүдөн, өкмөттүн мыйзамга тиешелүү чечимдери болушу керек. Себеби, жашыл, таза экономиканы өнүктүрүш үчүн бизге технология керек. Мындай технологиялар көбүнчө сырттан келет. Жабдууларды, технологияларды алып келиш үчүн бажы төлөмдөрү жок болушу керек же башкача болушу зарыл. Бул абдан маанилүү. Мисалы, Кыргызстанда электр автоунааларын чыгарууда же алып келүүдө, күн энергиясын колдонгон жабдууларды ташууда фискалдык саясат туура эмес болуп жатат.

"Азаттык": Кыргызстанга жашыл экономиканын кайсы тармагы көбүрөөк ыңгайлуу, кайсыны иштетип кете алат? Жашыл экономика Кыргызстанга эмне берет?

Суусамыр жайлоосу. Иллюстрациялык сүрөт.
Суусамыр жайлоосу. Иллюстрациялык сүрөт.

Улук Кыдырбаев: Бүгүнкү күндө ички дүң өнүмдө айыл чарбасынын үлүшү чоң. Жашыл экономика деген эмне? Жашыл экономика дегенде баары эле "жашыл" деген түшүнүк эмес. Айлана-чөйрөгө зыян алып келбей турган ишканалар болушу керек. Жаратылыш ресурстары, суу натыйжалуу колдонулушу керек. Мисалы, айыл чарбасында тамчылатып сугаруу ыкмасы жөнөкөй сугатка караганда аябай натыйжалуу. Ушул сыяктуу жаңы технологияларды колдонуп, ресурстарды дагы натыйжалуу пайдаланууга өтүүгө тийишпиз.

Таштанды маселесине келсек, ар бир мекеменин өзүнүн таштандысы болушу зарыл. Аны кайра иштетүүнүн жолун табуу да жашыл экономика. Автоунаалар боюнча, гибриддүү жана электр энергиясы менен жүргөн техникаларды колдонуу да жашыл экономика болуп эсептелет. Жалпылап айтканда, кайсы тармакта болбосун экономика менен экология бир иштеши керек.

"Азаттык": Учурда Кыргызстан жашыл экономиканын талаптарын канчалык деңгээлде аткарып жатат?

Улук Кыдырбаев: Эл аралык деңгээлде карасак, бизде экологияга зыян алып келе турган ишканалар аз. Дүйнөдө өнүккөн өлкөлөр парник газын көп чыгарат. Мындай 20 мамлекет бар. Ошолор абаны көп булгайт. Кыргызстанда андай өндүрүш, заводдор жок. Болгону чоң шаарларда автоунаалар көп жана жылуулук электр борборлору (ЖЭБ) болгондуктан, жер үйлөрдү көмүр, от менен жылыткандыктан аба булганган. Ал эми жалпысынан өлкөдө өтө чоң экологиялык зыян жок. Бирок таштандыны кайра иштетүү маселеси 20 жылдан бери чечилбей турат. Аны мамлекет өзү чече албайт же ишкерлерге жол бербейт. Бизде ошол көйгөй.

"Азаттык": Эми Кыргызстандын бул ыкмага өтүшүнө дагы канча убакыт керек?

Улук Кыдырбаев: Саясий эрк керек. Бизде муну же тигини "жасаш керек" дешет, бирок ал ишке ашпайт. Саясий чечим бар, анткен менен аткаруучулардын эрки жок же каалоосу жок. Ошондуктан кандай чечим болсо да аны саботаж кылып, ордунда калтырып коюшат. Анан кайра эле жыл сайын "жашыл экономиканы өнүктүрүш керек, ушул багыт менен барабыз" деп жүрөбүз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG