Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:59

Кыргызстан-Өзбекстан алакасынын жаңы барагы


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкентте. Өзбекстан. 2021-жылдын 11-марты.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкентте. Өзбекстан. 2021-жылдын 11-марты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, карым-катнаштын жаңы өңүттөрүн талкуулады. Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар макулдашуулар кабыл алынды.

Коңшу өлкөлөр экономика, суу-энергетика, чек ара, темир жол жана транспорт багыттарында кызматташат. Ушул эле тармактарда көйгөйлөр да бар.

Эки-күндүк иш-сапар

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 11-мартта Өзбекстанга министрлердин, депутаттардын жана өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн коштоосунда барды.

Кыргыз делегациясын Ташкент шаарындагы аэропорттон өзбек премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Аземде эки өлкөнүн желектери илинип, кызыл килем салынып, ардактуу кароол тизилди.

Андан кийин Ташкент шаарынын «Куксарой» резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болду. Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинди. Эки өлкөнүн гимндери жаңыргандан кийин мамлекет башчылары Ардактуу кароол ротасынын тизилген жоокерлерин бойлоп басышты.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Буга улай Ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев чакан жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Мамлекет башчылары анда кыргыз-өзбек эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, азыркы абалы менен келечегин, натыйжалуу өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. 2021-жылдын 11-марты
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. 2021-жылдын 11-марты


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан менен олуттуу жана толук масштабдуу кызматташтыкка, ошондой эле бул максаттар үчүн бардык ресурстарды колдонууга даяр экенин айтты.

Шавкат Мирзиёевдин белгилешинче, эки өлкөнүн эли реалдуу натыйжаларды сезип, мамлекет башчылары сөздөн ишке өтүп жатканын көрүшү керек.

Өзбекстандын президенти белгилегендей, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жана бардык тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен ишканалардын санын элүүгө жеткирүү менен ишканалардын жана бизнес объектилердин ортосундагы кооперацияларды күчтөндүрүү, Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу, суу пайдалануу жана энергетика жаатында кызматташуу, чек ара маселелери алдыда турат.

«Өзбек тарап эки бир тууган элдин өсүп-өнүгүшү үчүн биргелешкен жигердүү жана жемиштүү иштерди алып баруу ниетинде»,-деп белгиледи Шавкат Мирзиёев.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен эки тараптуу өз ара байланыштардын бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүктүрүү тышкы саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин айтты.

Эки мамлекеттин башчылары Куксарай резиденциясында. 2021-жыл. 11-март
Эки мамлекеттин башчылары Куксарай резиденциясында. 2021-жыл. 11-март


Түзүлгөн тыгыз жана ишенимдүү байланыштардын, мамлекеттер ортосундагы түз жана үзгүлтүксүз диалогдун аркасында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө олуттуу динамика бар экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштериндеги прогрессти канааттануу менен белгилеп, сүйлөшүүлөрдү улантып, активдештирүү зарылдыгына токтолду. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамдаштырууну жыйынтыктоо мындан аркы достук мамилелерге жаңы дем берип, чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдай тургандыгын кошумчалады.

«Кыргыз тараптын бардык көйгөйлүү маселелер боюнча конструктивдүү жана натыйжалуу диалогго даяр экендигине дагы бир жолу ишендирип өтөйүн. Биз биргеликте чек ара маселелеринде эки тарапка тең пайдалуу чечимге келе алабыз деп ишенем»,-деди Садыр Жапаров жолугушууда.

Жапаровдун мамлекеттик сапары 2 күнгө созулат. Анын жүрүшүндө Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министр Абдулла Арипов менен жолугушуулар белгиленген.

Мындан тышкары соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган кыргыз-өзбек бизнес форумуна да катышат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% 2017-жылы такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени кабарланган. Бирок, алар өкмөттөр жана парламенттер ортосунда бекитилип, ратификациядан өтүшү керек. Азыркы сүйлөшүүлөр так ошол 10% жана калган 5% тилкенин алкагында жүрүп жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыкка» буларды айтты:

Назирбек Бөрүбаев.
Назирбек Бөрүбаев.

«Президенттердин жолугушуусунда чек ара маселелерин тактоо иштерин улантуу сүйлөшүлүп жатат десек болот. Тагыраагы тездетүү жөнүндө кеп болууда. Ал эми деталдуу түрдө эки тараптуу комиссиянын деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал комиссия ишин улантууда. Былтыр декабрда коңшулар бизге келип кетишкен, эми алар чакырат, биз барабыз. Азыр таптакыр тактала элек 5-6%дын ичинде тогуз тилке калды. Алардын аталыштары азырынча айтылбайт».

Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын Сох, Чоң-Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө деген төрт анклавы бар. Өзбекстандын ичинде болсо Кыргызстандын Барак аттуу эксклавы бар.

Барак башка жерге алмаштырылганы айтылганы менен ал расмий маалымдала элек. Бирок кантса да чек араларда улам чыр чыккан сайын ар кайсы деңгээлдеги талкууларда бул анклавдарды башка жерлер менен алмаштыруу тууралуу сунуштар айтылып калат.

Экономика, транспорт, темир жол жана энергетика

Коңшу мамлекеттердин ымаласы Өзбекстанды Ислам Каримов башкарып турган акыркы жылдарда салкындап кеткен эле. 2016-жылы Каримов каза болгондон бир ай өткөндөн кийин Ташкент Кыргызстанга кучагын жайган. Ушул эле жылы премьер-министр Шавкат Мирзиёев президент болуп шайланары менен Өзбекстан Кыргызстанга аба жана жол каттамын жанданткан. Ташкент ошондой эле темир жол аркылуу жүк ташууга жеңилдик берди.

Андан бери кыргыз президенттери Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков ар кайсы форматтарда Ташкентке бир нече жолу барып келишти. Премьер-министр, вице-премьерлер баштаган делегация дагы байма-бай каттап жатты. Ортодо Шавкат Мирзиёев да Бишкекке келип кетти.

Бул жагдай эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катышты күчөттү. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2016-жылы 192 млн. долларды түзсө, 2020-жылы 341 млн. долларга жетти. Бирок мында негизинен коңшу өлкө утушта чыгып келатат.

4-5 жылда Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 125 млн. доллардан 152 млн. долларга чыкса, Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 67 млн. доллардан 200-300 млн. долларга өскөн.

Мирланбек Убайдуллаев.
Мирланбек Убайдуллаев.

Экономист Мирланбек Убайдуллаев мунун баарын коңшу өлкөнүн экономикасынын кубаттуулугу менен түшүндүрөт:

«Биздин Кыргызстандын статистикалык маалыматтар кыйла бурмаланган, так эмес маалыматтар. Анткени Өзбекстан берген маалыматтарда соода жүгүртүү мындан кыйла көп экенин көрсөтүүдө. Бирок ошондо да Өзбекстандын экспорту биздикине караганда кыйла өсүп жатканы көрүнүп жатат. Мунун себеби катары биз алардын экономикасы кыйла борбордоштурулганы менен түшүндүрсөк болот. Ишкерчиликтин, бизнестин өнүгүшү коңшуларда мамлекет тараптан дыкат көзөмөлдө турат. Бир дагы продукту мамлекеттин көзөмөлүсүз сыртка чыкпайт дегендей. Биз Өзбекстан менен соода алакада көлөм менен бере албайбыз. Ошол эле этти экспорттоодо мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок өзүбүздө жетпегенден улам тигинтип малды экспорттого чектөө киргизүүгө аргасызбыз. Ошондуктан биз экономикада аларга тең келишибиз кыйыныраак. Биз балким аларда жок, кайра иштетилген товарларды жөнөтүү менен балким кайсы бир деңгээлде экспортубузду өстүрсөк болот. Чийки зат менен жөнөткөндү азайтып, даяр азык сатууну колго алышыбыз керек».

Коңшулардын кызматташуусуна байланыштуу дагы ири маселе бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору. Анын курулушу боюнча өткөн кылымдын аягынан бери эле кеп козголуп жүрөт. Андан бери тараптар жолдун эни, каттамы боюнча бир пикирге келише элек.

Ташкент бул долбоорго Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда каршылык билдирип келсе, Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин иш ордунан жылган. Ортодо долбоорго Кытайдан сырткары Орусия да киришмек болгон. Айрым маалыматтарда курулуш иштери 2020-жылы башталмак болуп, кийин кайра белгисиз мөөнөткө калган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Өзбекстанга сапар алдында «АКИпресс» маалымат агенттигине курган маегинде ушул долбоор жөнүндө айткан эле:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору боюнча үч тараптуу эксперттик жолугушуулар тынымсыз түрдө өтүп жатат. Анда техникалык, финансылык жана башка маселелер талкууланып келет. Учурда тараптар бул долбоорго байланыштуу сүйлөшүүлөрдү улантууда. Өткөн жылдын июль айындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында долбоорду анализдөө үчүн Кыргызстандын тармактык министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрүнөн түзүлгөн финансы-экономикалык жумушчу топ түзүлгөн, алар бүгүнкү күндө өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү алып барышууда. Дагы бир жолу белгилеп коёюн, биз бул долбоорго өтө кызыкдарбыз. Биздин өлкөлөр аны ишке ашыруу үчүн өз ара пайдалуу жана өз ара натыйжалуу жолдорду таба алат деп үмүт кылабыз. Мындан бардык тараптар утуш алат».

Кыргызстан менен Өзбекстан негизинен суу жана энергетика тармагында да тыгыз байланышта. Буга Кыргызстандын көпчүлүк дарыялары Өзбекстанга куйганы негиз берет. Ал дарыялардын басымдуу бөлүгүндө кыргыз тарапта да, өзбек тарапта да суу сактагычтар курулган.

Мунун эң чоңу «Токтогул» ГЭСин суу менен камсыздаган Нарын дарыясындагы суу сактагыч. «Токтогулда» суу азайса бул Кыргызстанга да, Өзбекстанга да оорчулук жаратат. Азыр андагы суунун көлөмү 9 млрд. кубдук чекке жакындап калды. Запас 6-7 млрд. чекке түшүп калса, анда ГЭС ишин токтотууга аргасыз болот.

Ошол себептүү Кыргызстан алдыңкы жылдары Казакстандан жана Өзбекстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз. Расмий Нур-Султан буга макулдук берди, бирок, Ташкенттин позициясы так эмес.

Энергетика боюнча кызматташууда Өзбекстан Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга кол кабыш кылаарын ишаара кылган. Бирок, буга байланыштуу долбоордун өзүнөн кабар жок.

Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов мындайча кепке кошулду:

Жаныбек Оморов.
Жаныбек Оморов.

«Өзбекстан менен суу жана энергетика боюнча жалпы кызматташтык канча жылдан бери натыйжалуу болбой келет. Бул мамиле жакшы жолго коюлбагандыктан эки жак тең экономикалык чыгымдарга учурап жатат. «Токтогул» ГЭСинде суу азайганда Өзбекстанда жайында сууга талап чоң болуп калат, а бизге электр энергиясы зарыл, жетишпейт. Маселен, алар бизден суу ала албай, чек арадан ары улам суу сактагыч куруп, чыгымга учурап жатышат, биринде болсо кырсык да катталды. Мына ушуну өз ара пайда келтире турган келишимдерге жетип, эки тараптын кызыкчылыгы балансталган бир мунасага жетсек жакшы болмок. Эгер алар «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга аралашса, бул маселенин чечилишине дагы бир чоң өбөлгө жаратат. Анткени бул ГЭСте дагы 5 млрд. кубга чейин суу чогулмак, анда «Токтогулдан» аларга суу коё берүү бир аз жеңилдемек. Эми ага жеткиче, биз коңшулардан энергетикалык көз карандылыктан чыгуу үчүн Кыргызстандын өзүндө кубаттуулукту көбөйтүшүбүз керек. Бул деген сөз жаңы ГЭС же башка электр булактарын курушубуз шарт дегенди түшүндүрөт. Мындан сырткары тарифти көтөрүүгө барышыбызга туура келип калат. Мунун баары менеджментке жана финансыга келип такалат».

2021-жылдын 10-январындагы шайлоодо утуп чыккан жаңы президент Садыр Жапаров эл аралык мамилелерди калыбына келтирүү үчүн алгач февралдын аягында Орусияга иш сапар менен чыгып келди. Марттын башында Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып кайтты. Өзбекстандан кийин жаз же жай айларында кыргыз мамлекет башчысы Түркияга барууну мерчемдөөдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG