Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:35

Чечмедеги чыр анклав алмашууну эске салды


Сох менен чектешкен Чечме айылындагы чатак. 31-май, 2020-жыл.

Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш Кыргызстандын Чечме айылындагы чатак жер, жол, суу, жайыт темаларын кайрадан күн тартибине чыгарды. Өзбекстандын өкмөт башчысы бул маселелер боюнча Кыргызстанга талап койгонун билдирсе, кыргыз тарап макулдук бериле элек экенин кабарлоодо.

Адистер анклавдар алмаштырылбаса чек ара аймактарындагы мындай талаш-тартыштар улана берерин эскертишүүдө. Анклавдарда эл көбөйгөн сайын ал ресурстар алтынга тете болуп, аны талашуу чырга жеткирүүдө.

Коңшулардын эки талабы

Эки тараптын өкмөт жетекчилеринин Чечмедеги чыр боюнча сүйлөшүүсүндөгү сөздөрдү Өзбекстан тарап өзүнүн карамагына кирген Сох анклавынын жашоочулары менен жолугушууда жарыялады.

Сохтук интернет колдонуучулар «YouTube» порталына жайгаштырган видеодо көрүнүп тургандай, өзбек премьер-министри Абдулла Арипов 1-июнда Кыргызстандын бийлигине эки талап койгонун билдирди.

Абдулла Арипов Сох анклавында эл менен жолугушуп жаткан учуру. 1-июнь, 2020-жыл.
Абдулла Арипов Сох анклавында эл менен жолугушуп жаткан учуру. 1-июнь, 2020-жыл.

«Өткөн жылы Риштан менен Сохтун ортосундагы жолду ачуу маселесин койгон элек. Жол эки күн иштеп, кийин жабылды, туурабы? Мына азыр сүйлөшкөнүбүздө Кыргызстан делегациясынын жетекчиси ошондогу болгон окуя үчүн үзүр сурады. Алар ЕАЭБ уюмунда болгону үчүн аны жабууга мажбур болушту. Эми Өзбекстан да бул уюмга байкоочу катары кирип жатат. Күзөтүүчү, байкоочу дегени бардык укуктарга ээ болот. Ошондуктан бүгүн Кыргызстанга биринчи кезекте Риштан-Сох жолун кыска мөөнөттө ачуу жөнүндө талап койдук. Мындан башка Кыргызстандын жайыттарынан пайдалануу маселеси. Муну да койдук. Кыргызстан тарап аны кыска мөөнөттө калкка берүү боюнча убада берди. Бул боюнча дагы чалышабыз, сүйлөшөбүз, аны чечебиз», - деди Арипов Сохтун жашоочулары менен кездешкен кезде.

Дүйшөмбү күнкү жолугушууда ушул жана башка темалар талкууланганын Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бир күн мурун айтып берген эле.

Өзбекстан койгон эки маселе тууралуу 2-июнда кайра тактап сураганыбызда кыргыз өкмөтүнүн атынан вице-премьер-министр Акрам Мадумаров «Азаттыкка» маалымат берди. Ал чек арада чыр-чатактын келип чыгышына биринчи кезекте чек аранын такталбагандыгы жана жайыт, суу пайдалануу маселелери себеп болуп жатканын айтты.

Мадумаров да Сох-Риштан жолун ачыш үчүн эки тараптын макулдугу менен катар Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) эрежелерине туура келүү жөнүндө талап бар экенин белгиледи:

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

«Жайыт жана суу боюнча өкмөт өз чечими менен мыйзамдарга дал келтирип, белгиленген тартипте эки тараптуу жергиликтүү деңгээлге ыйгарым укуктарын берсек, бул, менин оюмча, туура болот. Бул эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында чечилет. Ал эми жолду ачуу маселеси эч убакта бир тараптуу чечилбейт. Сөзсүз түрдө экинчи тараптын макулдугу керек. Эгер Сохтун тургундары Өзбекстандын премьер-министрине маселе койсо, бул өкмөттүк деңгээлде чечилиши зарыл. Чечилгенде да экинчи тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керек. Ошондуктан бул маселе чечилди дегенден алыспыз. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартибине киргизилчү маселе. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ал эми Өзбекстан бул уюмга мүчө эмес. Ошондуктан чек ара аймактары, соода-сатык маселеси ЕАЭБ тартибинин жана эл аралык келишимдердин негизинде каралат. Бүгүнкү күндө талкуулана элек».

Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылы менен Кыргызстандын Чечме айылындагы чатак 31-майда булактын суусун талашуудан улам чыккан. Чек ара тилкесине жакын турган суунун көзүн кыргыз тарап тазалап жаткан учурда өзбекстандык тажиктер каршылык билдирип, тараптар таш ыргытыша кетишкен. Соңунда Кыргызстандын 30дай жараны жабыркаганы айтылса, Өзбекстандын бийлиги 187 жараны жаракат алганын кабарлады.

Мындан кийин эки өлкөнүн аткаминерлеринин делегациясы окуя болгон аймакта 1-июнда кездешти. Ошондон кийин эле Арипов Сохко жүрүп кеткен эле.

«Анклавдарды алмаштырбаса маселе чечилбейт»

Чек аралаш аймактарда жашаган кыргызстандыктар, ошол эле Чечме айылынын тургундары булакты чогуу пайдаланууга каршы деле эмес. Болгону алар өзбек жарандары ал айылдагы булакты толук Кыргызстандыкы деп таанышы керек экенин жана чек ара тилкеси такталып, тосулушун талап кылышат.

Кадамжай районунун Бирлик айылдык кеңешинин депутаты, Чечме айылынын тургуну Садыкбек Каламов буларга токтолду:

Чечме, 31-май, 2020-жыл.
Чечме, 31-май, 2020-жыл.

«Биз Сохтун жашоочулары менен душман болгон эмеспиз, урушуп-талашчу эмеспиз. Карым-катнашыбыз жакшы эле болчу. Бирок алар 2013-жылы кыргыздарды барымтага алып, үйлөрдү талкалашкан. Ошондон кийин эл бир ай талап коюп, бул жер өтмөк болбосун, Кадамжай аркылуу кетсин деп талап кылганбыз. Ошол учурда алар эмне үчүн мындай тополоң кылышканы иликтенип, аягына чыкпай калган. Азыр ачса ачышсын, бирок алар каттай баштаса дагы ушундай чыр чыгарышы мүмкүн. Кечээ күнү биздин айылда чыккан чыр ушуга мисал. Мурдатан бизге караган булакты талашып, чагым салышты. Суунун башы биздики экенин таанышсын, анан аягынан сууну иче беришсин. Анткени ал жер такталбаган жер эмес, кыргыздын жери. Ал эми жолду ача турган болушса биз ага каршы эмеспиз. Чек араны тактап, бардыгын бекитип, анан ачышсын. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Биз улутчул эмеспиз, илгертен келаткан мамилебиз кала бериш керек, бирок баарын чек араны чечип коюп, анан кылыш керек».

Өзбекстанга таандык Сох району - Кыргызстандын аймагында жайгашкан анклав. 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан кийин Сох-Риштан жолу жабылган. 2019-жылы кыска мөөнөткө ачылып, кайра тосулган. Азык-түлүккө Кыргызстанга кирип-чыкканы эле болбосо сохтуктар Өзбекстанга Кадамжай аркылуу айланып катташат.

Баткендин Сох менен чектеш Чарбак айылы. 2013-жыл.
Баткендин Сох менен чектеш Чарбак айылы. 2013-жыл.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жүздөгөн чыр-чатактар сыяктуу эле бул аймакта да талаш-тартыштар тынымсыз болуп турат. Башка жылдарды коё туруп, быйылкы жылды эле алсак, 31-майда чыр суудан улам чыкса, 2-июнда сохтуктар кайра Баткендин Апкан, Өтүкчү деген айылдарына кеткен сууну бууп коюп олтурат. Сохтун жакасында мамлекеттер ортосундагы жер талаш дайым маселе жаратат, себеби тилкелер толук такталып бүтө элек.

Адистер бир мамлекеттин ичинде экинчи өлкөнүн жери жайгашкан тейде мындай маселелер жылдап эмес, кылымдарга созуларын белгилеп, аны чечиш үчүн анклавдарды алмаштырууну сунуш кылышат. Тагыраагы Кыргызстан Сохту өзүнө алып, анын ордуна ошого тете жерди Өзбекстанга бериши керек дешет.

География илимдеринин доктору, чек ара маселелери боюнча адис Курманали Матикеев да ушундай пикирде. Сох боюнча илимий ишин жактаган окумуштуу мындай практика дүйнө мамлекеттеринде да бар экенин белгиледи:

Курманали Матикеев.
Курманали Матикеев.

«Негизи чыр-чатактардын баары жер, суу, жайыт же кен талашуудан келип чыгат. Бул маселе мындан ары да күчөйт. Себеби эл көбөйүп жатат. Өнөр жайы өсүп жатат, чийки зат керек, жайыт, айдоо аянты, тамак-аш керек. Ал дайыма тартыш боло баштайт. Анан ал үчүн эмне кылат? Ал үчүн алдуусу алсызына басым кыла берет. Ошон үчүн анклавдарды, жерлерди алмаштыруу менен буга чекит коюш керек. Болгону алмаштырган жерлерди жакшылап караш керек. Бизге окшогон географтар же башка окумуштуулар менен кеңешип чечишсе, кайсы жерди алмаштырса болот же болбойт дегенди айтып берет элек. Эгер алмашса ошол анклавдардан алар чыгып кетиши керек, берген жерди биз бошотуп беришибиз керек болот. Анан биздин үйлөргө алар, алардын үйлөрүнө биздин жарандар кирип жашап, отурукташып калышат. Бирок бул жерде сунуш көбүнчө коңшулар тараптан чыкканы оң. Эгер анклавдарды алмаштырбаса мындай чыр улана берет».

Албетте, анклавдарды коңшу мамлекеттердин башка жерлери менен алмаштыруу боюнча буга чейин да окумуштуулар жана чек ара боюнча адистер маселе көтөрүп келишчү. Кезинде үчүнчү президент Роза Отунбаева «анклавдар маселесин аларды алмаштыруу жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү бар» экенин мойнуна алган.

Төртүнчү президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бул маселе тар чөйрөдө кеп болгону болбосо, ачык айтылган эмес.

Ал эми азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда коңшу өлкөлөрдүн Кыргызстандын ичиндеги анклавдары тууралуу маселе так көтөрүлө элек. Бирок ошол эле учурда Өзбекстандын ичиндеги Барак эксклавы коңшу өлкөгө берилип, анын ордуна расмий Ташкент башка жер бергени маалымдалды. Бул да жергиликтүү деңгээлде кабарланганы менен, жогорку деңгээлде расмий ырастала элек.

Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын Сох, Чоң Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө деген төрт анклавы бар. Кыргыз жергесинде ошондой эле Тажикстандын Ворух жана Кайраган аттуу эки анклавы бар. Аталган эки өлкө тең маал-маалы менен өз анклавдарына жол ачуу маселесин көтөрүп келет. Расмий Бишкек андай өтүнүчтөргө бир жактуу жооп кайтарбаганга аракет кылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (27)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG