Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Барак эксклавы Өзбекстандын башка жерине алмаштырылышы мүмкүн


Өзбекстандын ичинде калып калган Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары. Ош облусу, Кара-Суу району, 25-январь, 2013
Өзбекстандын ичинде калып калган Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары. Ош облусу, Кара-Суу району, 25-январь, 2013

Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы ушуга окшогон башка жерге алмаштырылышы мүмкүн. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу бул маселе кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык жумушчу тобунун 7-августта Фергана шаарында өткөн жыйынында каралганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык жумушчу тобунун жыйынында Барак маселеси да каралган. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштери эки өлкөнүн премьер-министрлери бекиткен жумушчу тобу тарабынан алынып барылып жатат. Делимитациялоо иштеринде жакшы жылыштар бар экенин белгилеп кетебиз. Учурда такталбаган жерлер, ошол эле Барак боюнча аныктоо иштери жүрүүдө.

Маалыматка караганда, жер алмашуу боюнча сунуш эки тараптан тең айтылган.

Барак Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов жерди алмашуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген. Ал ушул багытта эки тараптагы элдин пикири эске алынарын айткан.

Буга чейин Кара-Суунун Сары-Колот айылынан барактыктарга деп жалпы 18 гектар кайракы жер бөлүнүп, 80ден ашуун үй-бүлө көчүп барган.

Кара-Суу районуна караган Барак айылы Өзбекстандын ичинде, чек арадан беш чакырым ичкери жайгашкан. 2013-жылдагы чек ара чатактарынан кийин коңшу өлкө айылдын чек ара өтмөгүн жаап койгон. Эксклав тургундарынын арасында Кыргызстанга келип-кетүү жыл өткөн сайын кыйындап баратканын айтып, кыргыз бийликтеринен көчүрүп кетүүнү сурангандары болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG