Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 00:12

Темир жолдун курулушун каалабаган күчтөр


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-өзбек-тажик темир жолуна такалган чек ара чыры, коронавирус кайра жукканы менен коркунучтуу, бакыттын сыры эмнеде?

Wall Street Journal басылмасынын “Экинчи ирет вирусту жугузуп алуу мүмкүнбү?” деген макаласы узаган жумада англис тилдүүлөр арасында абдан көп окулуп, талкууланды.

Окумуштуулардын көбү COVID-19 менен ооруп айыккандарда ага каршы туруктуулук пайда болушу мүмкүн экенин айтып келишкен.

Бирок, антителанын мөөнөтү кишинин иммунитетине гана байланыштуу болору айтылууда.

“Кадимки сасык тумоо тез мутацияланып, өз формасын өзгөртө бергендиктен, кишинин организминде иммунитет пайда болушу кыйын.

Бирок коронавирус сасык тумоого караганда жайыраак мутация болот. Бул мөөнөттө антитела иштелип чыгып, вакцина алгыча убакыт болуп турат”, - дешет окумуштуулар.

"Кытайдагы 34 ооруканада изилдөө жүрүп, 80 жаштагы бейтаптарда үч күн ичинде антитела пайда болуп, эки аптада оорунун белгилери толук жоголгону байкалган.

Ал эми Түштүк Кореяда коронавирустан айыгып чыккан 450 киши бул оору менен экинчи ирет ооруган. Аларды текшерип көрүшкөндө жарымынан көбүндө антитела жок экени аныкталган. Вирустун калдыктары адамдын организминде ооруп айыккандан кийин да кетпейт. Айыгып чыккандарга ар кайсы өлкөдө ар кандай кеңештерди беришүүдө. Маселен, АКШда ооругандан кийин эки ирет тест тапшырып, таза чыкса, жашоосун өз нугу менен уланта берүү сунушталып жатат. Бул оору жаңы, анын таасирлерин изилдөөгө убакыт тар болгондуктан, бир топ кыйынчылыктар бар", - дейт басылма.

Чек ара чырлары Кытай темир жолуна такалууда

Eurasia Daily Monitor басылмасына өзбекстандык аналитик Фозил Машраб Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандагы маал-маалы менен болуп жаткан чек ара чырларынын учугу Борбор Азиянын чылбырын колунан чыгаргысы келбеген, бул аймакта темир жолдун курулушун каалабаган тараптарга жетип жатканын жазды.

“Июнь айында Кытай – Өзбекстан темир жолу ачылып, Жакынкы Чыгыш жана Европага чейинки соода каттамга мүмкүнчүлүк жаралды. Бул жол Евразияны түрө кыдырган Казакстан-Орусия аркылуу Кытайдын Европага кеткен соода жолуна атаандаш болмокчу. 5-июнда Кытайдагы Ганьсу провинциясынын Ланчжоу терминалынан алгачкы поезд Өзбекстанга сапар алды. Кытай-кыргыз-өзбек темир жолу соода кербендеринин кыска убакытта Шинжаңдагы Кашкар терминалына жетишине шарт түзмөкчү. Бирок темир жол каттамынын ачылышы оңой болгон жок.

Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери сүйлөшүүлөр жүрсө да Кыргызстандын бийлиги каттам ачыларда эле андан баш тартып, улам артка чегинип келген. Кызыгы, 5-июнда бул каттам ачыларда кыргыз-тажик-өзбек чек араларында удаа-удаа чатак чыкты”, - деген автор июндун башындагы чек ара чырлары тууралуу кеңири баяндап, бул кагылышуу артында Орусия турушу мүмкүн деп жоромолдойт.

“Тажик-кыргыз чек ара чыры чыкканда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тынчсыздануусун билдирип, маселени чечүүгө ортомчу болууну сунуштады. Бирок, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери бул сунушту кабыл алышкан жок.

Орусиянын Борбор Азиядагы ортомчулук стратегиясы күмөндүү экенин бул аймак түшүнүшү керек. Орусия киришкен Тоолуу Карабак, Абхазия менен Түндүк Осетия, Крым жана Донбасс чатактарынын аягы кандай бүткөнү жалпыга маалым.

Эгемендиктин 30 жылында деңиз портторго өзү жете албаган Борбор Азия өлкөлөрү транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн ири коңшулары менен мамилелерде көзүр катары колдонуп келет. Бирок кыргыз-тажик-өзбек чек арасындагы чырлар аймактын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү болгон темир жол каттамына коркунуч жаратат. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өз эгемендигин бири-бирине каршы колдонушу алардын өнүгүшү, келечеги үчүн коркунучтуу. Бул кырдаал Орусияга мурдагы колониялык аймакты геосаясий айдыңда каалагандай калчап, жергиликтүү элдердин өз ара токтобогон тирешине жол ачат”, - дейт Фозил Машраб.

Бакыттын баасы

Economist гезити Gallup, Дүйнөлүк банк жана Дүйнөлүк бактылуулук индекси тарабынан ишке ашкан 145 өлкөдөгү сурамжылоонун жыйынтыгы бакытты акчага сатып алса болорун аныктаганын жарыялады. Буга чейин элдин бакубаттуулугу ички дүң өнүмдүн деңгээли менен ченелип келген. Эксперттер мамлекеттик экономиканы карабай эле жеке өнүгүүсүнө, саламаттыгына, эс алуусуна каражат жетиштүү болсо адамдар өздөрүн бактылуу сезип жатышканын аныкташты. Бактылуулук индексине бийликке болгон ишеним, үй-бүлө, дос, коңшулардын колдоосу да кирет. Жакыр өлкөдөгүлөр турак жайлуу болууну бакыт катары көрөт.

Изилдөөдө мамлекеттик байлык анын жарандарына бакыт алып келерин илимпоздор талкуулашкан. 2009-жылы экономикалык кыйынчылык адамдарга катуу таасир эткен эле. Окумуштуулар АКШ, Европа өлкөлөрүндө жумушсуз калып, материалдык жактан кыйналгандар арасында бактысыздар көбөйгөнүн белгилешет.

Пандемия мындан ары адамзаттын бактылуулук индексине чоң таасирин тийгизмекчи. Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк ички дүң өнүм быйыл 4,9% төмөндөгөнүн жарыялаган. Изилдөөчүлөр буга адам өлүмү да кошумча болуп, өзүн бактылуу сезгендер азайышы мүмкүн экенин белгилешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG