Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:58

Тумоо маалында дары көздөн учту


Бишкектеги дарыканалардын бири.

Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармек баасы асмандап, айрымдары табылбай жатат.

Кыргызстанда коронавирус илдети жана пневмония күч алганда дарыканаларда вируска каршы дарылар түгөнүп калды.

Көпчүлүк эл азыр канды суюлтуучу антикоагулянттарды, антибиотиктерди жана вируска каршы дарылардын түрүн издеп жүрөт.

«Аскорбин кычкылынын ампуласын издеп жүрөм. Бир кутуда беш даана болот экен. Бул дарыны шаарды түрө кыдырып таппай жүрөм. Азыр дарыканага барсам бирөө эле калыптыр. Сатуучу дарыны аны бирөө ала турганын айтты. “Эгер ал бир сааттын ичинде келбесе ал” дегенинен күтүп отурам. Баасы 680 сом экен. Бул дары шаарда тартыш болуп жатат», - деди Бишкектин атын атабаган тургуну.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталганда дарыканаларда беткап, антисептик сыяктуу медициналык каражаттардын баасы дароо көтөрүлүп кеткен.

Өткөн жумадан бери мурда арзан сатылган дарылар кымбаттап, ошого карабай өтүп жатат.

Маселен, гепарин дарысы пандемияга чейин 200 сомдун тегерегинде болсо азыр анын баасы 300 сомду чапчыды. Ошого карабай аны табуу азапка айланды. Мындай шартта айрымдар "дарыны алдын-ала даярдап койгон эмес" деп өкмөттү сынга алышты. Коомчулук бийликтен дары-дармектин баасын көзөмөлдөөнү талап кылууда.

Мындан сырткары социалдык тармактарда жакынына дары издеп, кайрылгандар көбөйдү. Айрымдар дарыны кымбат болсо да сатып алууга даяр экенин билдиришүүдө. Көз карандысыз эксперттер Кыргызстанда абал барган сайын курчуп бара жатканын белгилешүүдө.

Кыргызстанга чет өлкөдөн дары ташыган “Фарватр” компаниясынын жетекчиси Жантөрө Турдубаев Орусия жана Беларуста дары өндүрүү токтогондуктан Кыргызстанда да ушундай абал өкүм сүрүп жатканын айтууда:

«Кыргыз өкмөтү чет мамлекеттен дары алып келүү эрежелерин жумшартып жатат. Мурда “дарылардын түшүндүрмөсү кыргыз тилинде да жазылсын” деген эреже бар болчу. Азыр “кайсы тилде болсо да Кыргызстанга алып келгенге уруксат беребиз” деп жатышат. Бирок азыр дары алып келиш азапка айланды. Чек аралар жабык. Орусиядан автоунаа менен алып келсе болот. Бирок убакыт созулуп кетиши мүмкүн. Мурда он күндө алып келсек, азыр бир айга созулуп кетиши мүмкүн. Бизге дары Орусия, Кытай, Казакстан, Индия, Европа мамлекеттеринен келет. Бирок коронавирус дүйнөнү каптап, оору күчөп турганда дарылар алардын өзүнөн ашпай жатат. Ушундан улам Кыргызстанда дары таңкыстыгы жаралды. Учурда гепарин сыяктуу дарыларга талап күч. Бирок бизде алар түгөнүп калды. Биздин компания коронавирус эпидемиясы баштала электе эле Индия менен келишим түзгөн. Эми ошол жактан дары келет. Баасын мурда сүйлөшкөндөй 1 доллар 15 центтен сатып алабыз. Бирок доллардын баасы көтөрүлүп кеткендиктен ал дары Кыргызстанга келсе, кымбат сатылышы мүмкүн».

Кыргызстанда сатылып жаткан он миңдеген аталыштагы дарылар тууралуу бирдиктүү маалымат берген улуттук система жок. Ушундан улам өлкөдө дары башаламан, кымбат сатылууда. Фармацевтика тармагындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири -дарылардын бирдиктүү баасын мамлекет белгилей албаганы.

Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылар жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин жетекчисинин орун басары Руслан Акматов фармакомпаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат деп ишендирди.

«Кыргызстанда буга чейин кайсы дары бар, жетиштүүбү же жокпу деп фармацевтика жаатында ишкерлик кылгандар өзүлөрү эле мониторинг кылып турушчу. Буга чейин дарыларга таңкыстык жаралган эмес. Ошондуктан мониторинг кылууга муктаждык жок болчу. Эми кырдаалга байланыштуу бул ишти колго алдык. Ишкерлер менен сүйлөшүп тартыштыкты жакын арада чечебиз. Учурда гепарин, клексан, фраксипарин деген дарыларга талап күч болуп жатат. Фармацевтика компаниялары бул дарыларды алып келери менен сатылып кетүүдө. Эми жакынкы күндөрү дарылар дагы келет деп күтүп жатабыз».

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 8-июлда колуна кагаз-калем алып, жансакчынын коштоосунда Бишкектеги дарыканаларды кыдырып, дарылардын баасын сурап жүргөнү коомчулуктун сынына кабылган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы “төрага элдин “дарылар кескин кымбаттап кетти" деген арызынын негизинде кырдаалды өз көзү менен көрүп, маселени тиешелүү органдарга тапшыруу үчүн ушундай кадамга барды” деп түшүндүргөн.

3-июлда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, дарылардын баасын кымбаттатпоону суранган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-июлдагы жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө зарыл болгон дары-дармектин тизмесин түзүп, жакынкы айларга резерв камдап коюуну тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай тапшырма Материалдык резерв фондуна жана Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине берилди.

Боронов Бишкектин кээ бир дарыканаларында айрым препараттар жок экенин айтып арызданып жаткандар бар экенин, дем алыш күндөрү баш калаага дары-дармек жеткирилерин билдирди:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө. Жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу зарыл. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук камсыздалууга тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу керек».

Кыргызстанда сатылып жаткан дарылардын бирдиктүү базасын түзүүнү 2015-жылы ошол кездеги саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын мисалында сунуш кылган.

Ошол эле жылы Саламаттык сактоо министрлигине дарылардын бирдиктүү электрондук базасын түзүү тапшырылып, атайын тендер да жарыяланган. Бул иш 2016-жылы "Таза коом" долбоорунун алкагында аткарылып бүтүшү керек эле. Бирок тендерди ишке ашыруудагы мүчүлүштүктөр буга тоскоол болгондуктан, бирдиктүү маалымат базасын чогултуу 2020-жылга калган.

Эксперттер бирдиктүү электрондук база ишке кирсе, фармацевтика тармагындагы жемкорлук, аткезчилик, бир эле дарыны ар кайсы баада сатуу жана ал дарыны алып кирген компаниялардын салыктан качканы сыяктуу көрүнүштөргө бөгөт болорун белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG