Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:27

"Ачык өкмөт" долбоору алга жылбай жатат


Өкмөт үйү.

"Ачык өкмөт" өнөктөштүгү долбоорунун аткарылышы жай жүрүп жатат. Учурда долбоордун 20 пайызы гана ишке ашты.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн режимине өткөрүп, электрондук өкмөт түзүүнү максат кылган бул долбоор 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү катары айтылып келет.

Ачык өкмөт өнөктөштүгү долбоорунун 17-декабрда өткөн 7-отурумунда "Ачык өкмөттү" түзүү боюнча улуттук иш-аракеттер талкууланды. Ага долбоорду ишке ашыруу милдеттери жүктөлгөн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик мекемелердин жетекчилери катышты.

Алардын башкы милдеттеринин бири - мамлекеттик кызматтарды онлайн режимине өткөрүү. Долбоордун эксперти Улукбек Визид уулу учурда бул иштин 20 пайызы аткарылганын айтты:

- Толук аткарылбай жатканынын бир топ себептери бар. Айрым жагдайларга каражат жетпей калууда. Кээ бир учурларда кесипкөй адистердин жоктугу да себеп болууда. Анткени айрым иштер Кыргызстандын тажрыйбасында болгон эмес. Мындай учурда эл аралык эксперттерди чакырууга туура келип жатат.

Электрондук же санариптик өлкөнүн элге ыңгайлуу жагы өкмөттүн иши ачык болот. Мамлекеттин акчасы, убактысы үнөмдөлөт. Ошол эле кезде кызмат орундары азайып, бюрократия жоюлат.

Эксперттер чөйрөсү өкмөт аракет кылып жаткан бул долбоор элге ыңгайлуу экенин канчалык айтканы менен аны ишке ашыруу оңой болбой жатканын белгилеп жатышат.

"Ачык өкмөт" улуттук форумунун тең төрөгасы Бакыт Сатыбеков долбоор 100% ишке ашарына ишенбейт.

- Мен долбоордун 100% аткарылышына ишенбей турам. Жеке пикирим боюнча долбоордун мөөнөтү бүткүчө 80 иш аткарылышы мүмкүн. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2020-жылдын 31-августунда аяктайт. Биз бардыгына жетишсек болот. Бирок айрым иштер алдыга жылбай жатат. Аларды аткарууда бир да мамлекеттик мекеме иштебей жатканы көрүнүп турат. Бирок көпчүлүгү аракет кылууда. Жай болсо да иш жүрүүдө.

Өкмөт нотариустардын бирдиктүү реестрин түзүп, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизди. Ал «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» трансформациялоо концепциясынын алкагында ишке ашырылууда. Ал үчүн Юстиция министрлигине 7,3 млн. сом бөлүнгөн.

Долбоор 20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде иштеди.

Мына ушундай иштерди кошкондо "Ачык өкмөт" жарандардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бюрократия менен коррупцияны азайтуу үчүн жаңы технологияларды колдонушу керек.

Бирок Коррупцияга каршы иштер кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова долбоорду ишке ашырууда чиновниктер чечкиндүү кадам жасоодон коркуп жатышат дейт:

Нурипа Муканова
Нурипа Муканова

- Азыр мамлекеттик кызматкерлердин көбү моралдык жактан жабыр тартышууда. Алар чечим кабыл алгандан коркушат. Анткени мамлекеттик кызматкерлерге “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп кылмыш иштери козголуп жатат. Алардын чын-төгүнүн аныктоо башка кеп. Ошондуктан ушундай кырдаалга туш болуп калбайлы деп алар чечкиндүү кадам кылуудан кооптонушат.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын 2017-жылы апрелде жарыялаган.

Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков премьер-министр кезинде бул долбоорду өз командасынын программасы катары илгерилеткен. Бул долбоор азыр сөз болуп жаткан "Ачык өкмөт" аталышында уланып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев долбоор толук иштеши үчүн өкмөттүн саясий эрки керек деп эсептейт:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Бул бизге керектүү программа. Өнүккөн өлкөлөр бул программаны кабыл алган. Бул, биринчиден, коррупцияга каршы күрөштө өзгөчө роль ойнойт. Экинчиден, элге эркин маалымат берүү. Үчүнчүдөн, жарандык коом өкмөткө таасир бере алат. Ал эми бизде кандай жүрүп жатканы тууралуу азыр маалымат берүү эрте болуп турат. Башкысы долбоорду ишке ашыруу үчүн өкмөттө саясий эрк болушу шарт.

2011-жылы Бразилия, Индонезия, Мексика, Норвегия, Филиппин, Түштүк Африка, Британия жана Кошмо Штаттар баштаган өлкөлөр “Ачык өкмөт” декларациясын кабыл алган. Учурда 75 өлкө мүчө. Кыргызстан бул өнөктөштүккө 2017-жылы ноябрда мүчө болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG