Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

БАЭ санарипти өнүктүрүүгө техникалык жардам берет


Бириккен Араб Эмиратынын Кыргызстанга санарипти өнүктүрүү үчүн техникалык жардам берет. Өкмөттүн басма сөз кызматы 21-октябрда ушундай кабар таратты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай шаарында өтүп жаткан жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттин алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри Султан бин-Саид Ал Мансури менен жана Дубайдын Полиция жетекчиси, генерал-майор Абдаллах Халифа Ал Марри менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашты.

Өкмөттүн сайтындагы кабарга ылайык, Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында программалык жабдуу жана техникалык жардам берүү жөнүндө сөз болду. Бирок жардамдын акчалай эсеби жана түрү жөнүндө маалымат берилген жок.

2019-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган «Таза коом» улуттук программасын 2017-жылы апрелде баштаган.

XS
SM
MD
LG