Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Батыралиевге коюлган айыптын баяны


Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Кыргызстанда айрым укук коргоочулар мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге козголгон кылмыш иши боюнча эркин экспертиза өткөрүүнү сунуш кылышууда.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши 8-февралда козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматы экс-министрге Эсеп палатасынын аудитинин негизинде иш ачты.

Анда Батыралиев 5-стадиядагы бөйрөк оорусуна кабылгандарга гемодиализ кызматын көрсөтүүдө бюджеттик каражатты үнөмсүз пайдаланган деп айыпталууда. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттык» радиосуна төмөнкүчө айтып берген:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине ири көлөмдө чыгым келтирилгени аныкталды. Бул чыгымдын суммасы 107 миллион сомдон ашты. Факт боюнча 2019-жылдын 7-февралында мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 322-беренесинин («Билип туруп жасалма келишим түзүү») негизинде жасалган кылмыштарга шектүү экени жөнүндө билдирме берилди.

Алгач экс-министрге кылмыш ишин козгоого негиз болгон, Эсеп палатасынын аудити аныктаган мыйзам бузуу фактыларына көңүл буралы.

2018-жылдын октябрь айында жүргүзүлгөн аудитте Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу мамлекеттин эсебинен гемодиализ процедурасына бөлүнгөн каражаттын сарамжалдуу пайдаланылышы текшерилген.

Окуянын башталышы 2014-жылдын июнь айына барып такалат. Ал учурда өтүшүп кеткен бөйрөк оорусунан жабыркагандарга гемодиализ кызматын көрсөтүш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги жеке клиникалар арасында тендер өткөрөт.

Ошол кезде мамлекеттик ооруканалар бөйрөк оорусуна чалдыккандарды гемодиализ менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Тендердин жыйынтыгында Кыргызстанда гемодиализ үчүн шарттары бар ЮРФА клиникасы жеңүүчү деп табылып, бир бейтаптын гемодиализи 95 доллар же 5422 сом деп аныкталган. Ал кезде министрликти Динара Сагынбаева жетектеп турган.

Бул тажрыйба Талантбек Батыралиев министр болгондон кийин да колдонулган. Бирок доллардын курсунун жогорулаганына байланыштуу гемодиализдин баасы да көтөрүлөт.

Кийин 2016-жылы Саламаттык сактоо министрлиги менен катар Милдеттүү камсыздандыруу фондуна да жеңилдетилген түрдө гемодиализ алууга каражат бөлүнө баштайт. Башкача айтканда, эки мамлекеттик орган эки линия аркылуу бейтаптарга жардам берүүгө өткөн.

Дал ушул эки органдын ортосундагы гемодиализге бөлүнгөн акчанын айырмасы кийин Батыралиевге кылмыш ишин козгоого негиз болду.

Анын айырмасы эмнеде эле?

Саламаттык сактоо министрлиги тендер аркылуу бир клиниканы тандап, бейтаптар ошол гана эле жерден гемодиализ алса, Милдеттүү камсыздандыруу фонду тарабынан бейтаптарга акча берилип, алар өзү каалаган клиниканы тандоо укугуна ээ болгон. Ал кезде клиникалар арасындагы атаандаштыктан улам гемодиализдин баасы мурдагы жылдарга караганда арзандаган.

Эсеп палатасы дал ушул эки төлөмдү салыштыруу менен Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү камсыздандыруу фондунун ортосундагы гемодиализ үчүн акыдагы айырманы эсептеп чыккан. Анын негизинде 2016-жылы эки мекеме бир адамдын гемодиализи үчүн бөлгөн каражаттын ортосундагы айырма 1420 сомду түзсө, 2018-жылы 952 сом деп эсептелип чыгат.

Ошондон улам Эсеп палатасы «2014-жылы алгачкы тендер түзүлүп жаткан учурда эле арзан баада келишим түзүлсө, мамлекет 107 миллион сом үнөмдөп калмак» деген жыйынтыкка келген. Дал ушул айырманы мамлекет бюджетке зыян келтирүү катары эсептеп, УКМК Батыралиевге кылмыш ишин козгоду.

Бирок Талант Батыралиев жана Саламаттык сактоо министрлигиндеги тиешелүү адистер айыптоого макул эмес. Экс-министр өзү ооруканада жатканына байланыштуу комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү адистери Эсеп палатасынын жыйынтыгына макул болбой, атайын түшүндүрмө берген. Анда министрликтин өкүлдөрү тендер кыргыз мыйзамдары жана эл аралык эрежелерди так сактоо менен өткөнүн жана бюджетке эч кандай зыян келбегенин айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Тойматовдун айтымында, ал кезде, тагыраагы 2014-2016-жылдары бөйрөгү ооруган бейтаптарга тезинен жардам көрсөтүп, кырдаалдан чыгыш үчүн дал ушундай кадам жасалган:

Батыралиевдин демилгеси менен гемодиализдин бааны түшүрүү аракети болгон. Эми ошол өзүнүн демилгеси үчүн айып коюлуп жатат.

- Мамлекеттик органдар кайсы бир кызмат көрсөтүүнү тендер аркылуу тандайт. Мыйзам ошону талап кылат. Алгач гемодиализ боюнча тендер өткөргөндө ЮРФА деген бир эле компания шартка жооп берген. Кийин 2015-2016-жылдары гемодиализ кызматын көрсөткөн клиникалар көбүрөөк ачыла баштады. Анын негизинде атаандаштык болуп, баа төмөндөдү. Ага чейин бааны ылдыйлатууга мүмкүн эмес болчу. Ал эми кийин Батыралиевдин демилгеси менен гемодиализдин бааны түшүрүү аракети болгон. Эми ошол өзүнүн демилгеси үчүн айып коюлуп жатат. Ал кишинин бир нерсени жең ичинен кымтып алуу ниети болгон эмес.

Тойматов 2014-2015-жылдардагы кырдаалды эске алууга чакырууда. Ал ошол кезде тезинен гемодиализге муктаж адамдар аргасыз абалга кептелип, тезинен жардам көрсөтүүгө зарыгып турушканын белгилейт. Ал эми кийин жеке клиникалар көбөйүп, атаандаштыктын эсебинен гемодиализдин баасы арзандаган.

Дарыгер 2014-жылдагы абал менен 2018-жылды салыштырып, андагы доллардын курсунун келип чыккан айырманы мыйзам бузуу катары саноо туура эмес экенин белгиледи.

Мындай жүйөгө өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков да макул. Анын айтымында, эки учурду салыштыруунун өзү туура эмес:

- 2016-жылы Батыралиев жетектеген Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду биригип, өкмөттүн сунушунун негизинде бейтаптарга гемодиализди өздөрү тандаган клиникадан алууга уруксат берилген. Ал кезде үч эле клиника бул шартка жооп берчү. Азыр болсо алардын саны 14кө жетти. Бир топ шарттар жеңилдеп, жарандарга жеңилдик берүүнүн жолдору иштелип чыккан.

Ошол эле учурда айрымдар экс-министрге козголгон кылмыш ишинен улам министрликтеги сатып алуу боюнча бардык иштерди текшерип чыгуу зарыл экенин айтышууда. Маселен, Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев мурдагы министрдин тушунда мамлекеттик сатып алуу иштеринде мыйзам бузуу болушу мүмкүн деген айыптоолорго кошулат.

- Баасын салыштырсак, жеке компаниялар 5,5 миң сомдон кызмат көрсөтүп жатат. Тигилердикин эсептесек, 7 миңге жакын. Бирок бул 7 миңге дарыгердин айлыгы, электрдин акысы кирбейт. Эмне себептен ушундай баа болуп калганы түшүнүксүз, - деди ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мамлекеттик каражат кандай коротулганын жакшылап текшерүү зарыл деген пикирин айтты:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

- Батыралиевди коргогон кызуу пиар өнөктүгү жүрүп жатканына таң калдым. Бул бир эле нерсени билдирет. Расмий түрдө кылмыш иши козголгон соң аны жаап-жашырып, жоопкерчиликтен качыш үчүн ушундай аракеттерге барып жатат. Мунун баары бекеринен эмес.

Сурабалдиева буга чейин Саламаттык сактоо министрлигиндеги иштерди депутаттык комиссия текшергенин жана анын негизинде бир топ кемчиликтер ашкере болгонун кошумчалады.

Талантбек Батыралиевге козголгон кылмыш ишиндеги дагы бир жагдай - аны жарандык коомдун айрым өкүлдөрү коргоп чыкканы болуп жатат.

Маселен, Коомдук талдоо институтунун жетекчиси Рита Карасартова Батыралиев камакка алынса ачкачылык кармоого даяр экенин билдирген. Карасартова өз ниетин жалаң Батыралиевди коргоо эмес, системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгы түшүндүрдү:

Рита Карасортова.
Рита Карасортова.

- Бул ишти комплекстүү караш керек. Себеби, Батыралиев гемодиализ боюнча мурдагы системаны толугу менен өзгөртүп, жарандарга эң ыңгайлуу шарт түзө алды. Ал жеке клиникаларды бул ишке тартуу менен бейтаптарга жардам көрсөтсө болорун далилдеди. Ошондуктан мен бул иш боюнча өз алдынча аудит жүргүзүүгө чакырам.

Жарандык коомдун бул көз караштагы өкүлдөрү экс-министрге мындай мамиле кылуу кесипкөй адистердин мамлекеттик кызматка келишине жолтоо болот деген ойдо. Алар мындай көрүнүштөрдөн улам чет жердеги адистер өлкөгө келүүдөн коркуп, эл аралык тажрыйбаларды алып келүүдөн баш тартышы мүмкүн деп чочулап жатышат.

Учурда Талантбек Батыралиев жана анын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, күнөөсүз экенин айтканы менен ачылган кылмыш иши эмне максатты көздөйт деген суроого жооп табыла элек. Алгач Батыралиев козголгон кылмыш ишин «көмүскө дары саткан мафиянын соккусу» катары баалаган.

59 жаштагы Талантбек Батыралиев 2014-жылы ноябрь айында саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ал ага чейин Түркиядагы Газиантеп шаарындагы медициналык борбордун жетекчиси жана Санко университетинин кардиология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Батыралиевди министрликке КСДП фракциясы көрсөткөн. Ал төрт жылдан ашык министрликти аркалап, былтыр апрелде жаңы өкмөт куралган учурда кызматтан кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG