Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Мурдагы министрдин атына көлөкө түштү


Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев мамлекеттик бюджетке 107 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп шек саналып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, Коррупцияга каршы кызмат бөйрөктүн өнөкөт оорусунун 5-стадиясындагы бейтаптарга гемодиализ ыкмасы аркылуу медициналык жардам көрсөтүү кызматтарын сатып алууда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам бузулган деп эсептеп, кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде Эсеп палатасы аудит жүргүзгөн:

- Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине ири көлөмдө чыгым келтирилгени аныкталды. Бул чыгымдын суммасы 107 миллион сомдон ашты. Факт боюнча 2019-жылдын 7-февралында мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 322-беренеси (“Билип туруп жасалма келишим түзүү”) боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги жөнүндө билдирме берилди.

Сөз болуп жаткан мыйзам бузуу качан болгону, кайсы компания менен түзүлгөн келишим экени тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Мыйзам боюнча, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү үчүн тендер жарыяланып, каражат ошол сынактан утуп чыккан ишканага которулат.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев мурдагы министрдин тушунда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам бузуу болгону тууралуу айыптоолорго кошулат.

“Тендердик комиссиянын курамында мен да бар экенимди кийин тартип коргоо органдары текшерүү жүргүзгөндө уктум” дейт ал:

- Демек, биринчиден, башынан эле тендердик комиссияны түзгөндө туура эмес иштеп жатышыптыр да. Экинчиси – булар тендер өтпөй калды деп эле жанагы компаниялар менен келишим түзө бериптир. Үчүнчүдөн, баасын салыштырсак, жеке компаниялар 5,5 миң сомдон кызмат көрсөтүп жатышат. Тигилердикин эсептегенде кымбат болуп кетүүдө - 7 миңге жакын. Бирок бул 7 миңге дарыгердин айлыгы, жайдын, электрдин акысы кирбейт. Эмне себептен ушундай баалар болуп калды, түшүнүксүз.

Батыралиев кылмышка шектелип жатканы тууралуу кабар тараганда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө аны айыптаган да, колдогон да билдирүүлөр чыга баштады.

Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова Батыралиев камалса ачкачылык жарыялап, Ак үйдүн алдына чыгарын “Азаттыкка” билдирди.

Бурул Макенбаева
Бурул Макенбаева

Ал эми саламаттык уюштуруу тармагы боюнча жарандык эксперт Бурул Макенбаева Талантбек Батыралиев медицина системасындагы калыптанып калган мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы чыкканы үчүн куугунтукка кабылганын айтууда.

“Мурдагы министр өлкөгө дары-дармек алып кирүү тартибин өзгөртө алган биринчи адам болгон” деп белгиледи Макенбаева:

- Ачык айтканда, биздин мамлекетте дары-дармек жагында эл аралык мафия. Муну биз "Репретин" деген дарыны изилдегенде көргөнбүз. Биз “булар каршы болот”, “тигилерге тийбеш керек” деп көнүп калыптырбыз да. Бул сырттан келген киши болгондуктан, башында бул эмне деген адам деп өзүм да таң калгам, “Эмнеге андай болушу керек?” деп, мисалы, Бишкектин саламаттык сактоо башкармалыгын жойду. Ошонун айынан канча адам душманга айланды. Ушул сыяктуу көп нерселерди жасады. Чет жактан инвестор таап, жаңы ооруканаларды сала баштады. Мурдатан бөлүштүрүп алышкан зоналарга кийлигишип кетти бул киши жасаган иштер. Азыркыны атайын уюштурулган куугунтук деп эсептейм.

Талантбек Батыралиев өзү козголгон кылмыш ишти "көмүскө дары саткан мафиянын соккусу" катары баалап жатат. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди, бирок кеңири комментарийин иштин материалдары менен таанышып чыккандан кийин берерин айтты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бөйрөгү ооруган 1336 адам мамлекеттин эсебинен гемодиализ алып жатат. Мындан тышкары, өз акчасына жеке ооруканалардан тейленгендер да бар.

Министрликти төрт жыл башкарган Талантбек Батыралиев 2018-жылы жаңы өкмөт шайланган учурда кызматтан кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG