Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Он миң кишиге жети дарыгер


Иллюстрация
Иллюстрация

Өлкөдөгү дарыгерлердин тартыштыгы өкмөт жыйынында талкууланды.

22-декабрда өткөн өкмөт жыйынында өлкөдөгү дарыгерлердин тартыштыгы күн тартибиндеги негизги маселе катары каралды.

Жыйында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев баяндама жасап, айрым райондордо он миң адамды жети гана дарыгер тейлеп жатканын айтты:

- Дарыгерлердин саны боюнча шаар менен айыл ортосунда чоң айырма бар. Мисалы, Нарын, Жети-Өгүз, Түп, Алай, Талас жана Манас райондорунда 10 миң жаранды жети гана ак халатчан тейлеп жатат. Бишкек жана Ош шаарларында он миң адамга 23-24 врач туура келет.

Министр бул көйгөйдү чечүү үчүн жаш дарыгердин депозит программасы иштеп, ага жыл сайын казынадан 20 млн. сом бөлүнүп жатканын кошумчалады.

Анткен менен өкмөт башчысы Сапар Исаков министрликтин иши жетишсиз болуп жатканын сынга алып, бул маселени чечүүнүн комплекстүү чараларын иштеп чыгууну тапшырды.

Кыргызстанда медициналык адистерди даярдаган тогуз окуу жай бар, анда жыл сайын 20 миң студент билим алат жана жылына 2 миңи диплом алат. Алардын 7 миңи чет элдик студенттер болгондуктан окуусун аяктаган соң алар мекенине кайтышат.

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча 10 миң адамды 24 дарыгер тейлеши керек. Бишкек жана Ош шаарларында врачтардын саны нормага жакын болгону менен Нарын, Жети-Өгүз, Түп. Алай, Талас жана Манас райондорунда 10 миң жаранды жети гана ак халатчан тейлейт.

Элзар Токтоназаров
Элзар Токтоназаров

Жаш хирург Элзар Токтоназаров 7 миңге жетпеген айлыктын айынан жаңы жылдан тарта мамлекеттик ооруканадагы ишин таштоого аргасыз. Ал жаш дарыгерлерге мамлекеттик колдоо болбогондуктан көп адистер жетиштүү маяна издеп чет өлкөлөргө же башка тармактарга кетип жатканын айтууда:

- Дарыгерлердин жетишпей жатканынын башкы себеби - айлыктын аздыгы. 6-7 миң сом айлык эмнеге жетет? Анын үстүнө жаш дарыгерлер үчүн аймактарда эч кандай шарт жок. Мен жаңы жылдан тарта жаңы жумуш караштырам. Азыркы маянам эч нерсеге жетпейт. Мамлекет врачтардын айлыгын көтөрбөсө саламаттыкты сактоо тармагынын көйгөйү чечилбейт, өнүкпөйт.

Сегиз жыл бою саламаттыкты сактоо министри болуп эмгектенген Накен Касиев өкмөттү аймактарды врачтар менен камсыз кылууда куру сөздөн конкреттүү ишке өтүүгө чакырат. Анын пикиринде дарыгерлердин көбү жакшы маяна издеп борборго агылгандыктан аймактардагы ооруканалар кароосуз калды.

Накен Касиев
Накен Касиев

- Өкмөт сөздөн ишке өтүшү керек. Айрым айылдарда ФАПтар жабылып калды. Айрым райондордо бирин-экин эле врач калды. Баары эле Бишкекте жүрөт. Минтип отурсак айылдык саламаттыкты сактоону жоюп алабыз. Элдин баары Бишкекке келип, ооруканаларда бут коерго жер жок. Ооруканага жатуу үчүн айлап кезек күтүүгө туура келет. Аймактарга шарт түзсөк, бейтаптар убара болуп борборго келбейт эле.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын 6 миллиондон ашуун калкын 50 миңге жакын дарыгер тейлейт. Алардын 13 жарым миңи жогорку квалификациялуу врачтар болсо, 34 миңге жакыны медицина кызматкерлери. Мамлекеттик ооруканаларда иштеген врачтардын айлыгы он миң сомго жетепейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG