Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Дарыгер катачылыгы: тиш оору алган өмүр


Иллюстрация
Иллюстрация

Адам өлүмүнө алып келген туура эмес дарылоо боюнча шектелген дарыгерлер жоопкерчиликтен кутулушту.

Жогорку Сот улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаровду жана дарыгер Айнура Алымбаеванын кызмат ордун калыбына келтирүү боюнча сот чечимдерин күчүндө калтырды.

Макала жарык көргөндөн кийин 26-сентябрда Башкы прокуратурадан "Азаттыкка" дарыгерлерге карата КЖКнын 119-беренисинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгону туурасында кат келди. Ишти тергөө Биринчи Май райондук прокуратурасынан алынып, Бишкек шаардык прокуратурасына тапшырылганы Башкы прокуратуранын жооп катында белгиленген.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Улуттук госпиталдын комиссияларынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 21 жаштагы уландын өлүмүнө алып келген дарылоо ишинде кеткен кемчиликтер үчүн жогоруда аты аталган дарыгерлер кызматынан бошотулган.

Жабырлануучу тарап "ал дарыгерлер жеке байланыштары аркылуу экспертизанын баштапкы жыйынтыктарын бурмалатып, тергөө, прокуратура жана сот органдарынын "көмөгү" менен жоопкерчиликтен кутулуп кетти" деп даттанууда.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы үчүнчү жолку соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

Өлүмгө жеткирген тиш оору

Касмалы уулу Нурлан
Касмалы уулу Нурлан

2016-жылы 25-августта Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну Касмалы уулу Нурландын каза болгону тууралуу маалымат шаардын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында катталган. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Каза тапкан жигит ага чейин эмканадан тишин жулдуруп, бирок жакшы боло албай, Улуттук госпиталдын бет-жаак бөлүмүндө дарыланганы белгилүү болгон. Бул ишти дареги боюнча териштирүү үчүн иликтөө жүргүзүү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Каза болгон жигиттин апасы Назира Сатыбалдиева уулунун өлүмүнө дарыгерлердин кайдыгерлиги жана шалаакылыгы себеп болгон деп эсептейт:

- Менин 21 жаштагы баламдын өлүмүнө дарыгерлердин түздөн түз катышы бар. Анткени бул жерде бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаров жана дарылоочу врач Айнура Алымбаева оорулуунун абалына өз убагында көңүл буруп, тиешелүү чараларды эртелеп көргөн эмес. Анан калса биз балабызды алып барган учурда бизди кагып-силкип, жакшы мамиле кылган эмес. Ооруну басаңдатуучу дарылоону дагы туура кылбастан, кайдыгер мамиле жасашкан. Дарыгерлер мурда ошондой оорулууларга колдонулган эски эле "Метрит" препаратын гана сайышкан. Аны дагы аягына чейин сайбаганы байкалды. Анткени бир курстук дарылоодон кийин үч даана ампула анын шкафында калып кеткен. Анан дагы элементардык рентген тартылып, баламдын өпкөсү текшерилбептир. Дарыгерлердин консилиуму болгон эмес. Ошондуктан баламдын оорлошуп бара жаткан абалына туура баа берилбей калган. Мына ушундай оорууну дарылоодо талап кылынган процедураларды толугу менен жасашкан эмес. Оорунун таржымалы баракчасына мына ошонун баары колдонулган деп арткы мөөнөт менен жазып, даярдап коюшканы белгилүү болду. Менимче, ал дарыгерлер бизден чоңураак акча үмүт этишкен. Анан андай болбогон соң жакшы карабай, арадан убакыт өтүп кетип, баламдын абалы оорлошуп кеткенде аны башка бөлүмгө которууга шашышкан.

Кечиккен аракет, кемиген өмүр

Иликтөө материалдары боюнча Нурлан былтыр 12-августта шаардагы №3 стоматологиялык клиникада тишин жулдурган. Бирок анын тишинин бүйлөсүндө ириң болгондуктан оорулуу Улуттук госпиталдын бет-жаак бөлүмүнө жаткырылган.

Дарыгерлер анын жаагынын жогору жагына операция жасап, бирок бир канча убакыттан соң аны Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө которуу чечимине келишкен. Анткени тишин дарылатам деп эки жумага жетпей каза болгон уландын жаагынан сырткары жыныс органындагы оорусун айыктыруу үчүн дарылоону мына ошол жакта улантуу жагы чечилген. Бирок ал жактан оорулууну текшерген дарыгерлер аны кардиология борборуна кайрылууну сунушташкан.

Кардиология бөлүмүндө болсо ага "жүрөк кемтигинин өнөкөт оорусу" деген диагноз коюлуп, бирок оорулууну өпкө оорулары бөлүмүнө жаткыруу жагы каралган. Оорулуунун ата-энеси андан баш тартып, аны "Бикард" жеке менчик клиникасына алып барып, бирок дарыгерлер инфекция өтүшүп кетип, оорулуунун жүрөгү жана бөйрөгү жарактан чыгып баратканын белгилешкен.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагынбаева оорулуунун өмүрүн сактап калууга жетиштүү аракет болбогонуна мындайча токтолду:

- Ал оорулуу бала өз убагында каралбай калды. Мына ошого көңүл буруп, анын оорлошуп бара жатканын көргөндөн кийин анын саламаттыгына байкоо салып, башка дарыгерлер менен кеңешип, анан бир жыйынтыкка келишсе болмок. Өзүнүн колунан келбесе, мына ошол жерде менин орун басарым бар. Мына ошого кайрылып, "бизде бир оорулуунун абалы начарлап жатат, биздин колубуздан келбей жатат, кандай кылсак болот, жардам бергиле, каякка жөнөтөлү" деп тартынбай эле кеңешсе болот эле да. Жөн эле уколдорун сайып коюп эле, алары таасир этпесе деле карап, алакан жайып отуруп, оорулууну жоготуп алууга жол берилбеши керек да. Аракеттин баары жасалышы керек эле. Бул жерде оорулуунун диагнозу өз убагында аныкталган эмес. Эгерде анын диагнозу өз учурунда такталып, мына ошого көбүрөөк көңүл бурулса, мүмкүн анын аягы мынтип өкүнүчтүү болмок эмес.

Эки анжы экспертиза

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын 2016-жылдын 26-сентябрындагы корутундусу боюнча тездик менен өтүшкөн жүрөк кемтиги күчөшү өлүмдүн себеби катары көрсөтүлгөн. Бирок маркум Касмалы уулунун өлүмү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүндө анын өлүмүнүн себеби катары башка диагноздор дагы көрсөтүлгөн.

Мына ошого байланыштуу 2016-жылдын 6-октябрында бул боюнча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын корутундусунда заманбап дарт аныктаманын негизинде оорулууга карата өз убагында тиешелүү дарылоо болгондо анын илдетин айыктырууга мүмкүн болмок деген жыйынтык чыккан.

Бирок мындай корутундуга макул болбогон дарыгерлер кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч келтиришкен. Анын 2017-жылдын 20-июлундагы корутундусунда маркумдун организминдеги инфекциянын очогу аныкталбагандыктан анын тездик менен жайылган илдетин айыктырууга мүмкүн эмес болгон деген жыйынтык чыгарылган. Мына ошол үчүнчү ирет чыккан соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча 2017-жылдын 4-сентябрында тергөөчүнүн бул факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтому чыккан.

Жабырлануучу Назира Сатыбалдиева кылмыш иши ачылбай калган жагдай туурасында мындай дейт:

- Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Алмабеков деген жигит "кылмыш ишин ачам, бирок сиздер райондун прокуроруна жолугуп, анын алдынан өтүп коюңуздар" деди. Райондун прокурору Гүлнара Акимбаевага бул иш боюнча кайрылсак, ал болсо бизге "экспертизанын жыйынтыгы бул жерде ачык жазылбай жатат. Дагы бир жолу экспертизага бергиле, анан иш ачылат" деп, бирок кылмыш ишин ачтырбай койду. Тергөөчүгө келсе, ал биздин мына ошол экспертизанын жыйынтыгы чыкканча күтө турушубузду айтты. Анан арадан бир эмес, үч ай өткөндөн кийин гана үчүнчү жолку экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бирок мына ошондой кийин деле абал өзгөргөн жок. Тергөөчү бизди чакырып, "кылмыш ишин ача албай калдым. Прокурор колдогон жок" деп жооп берди. Андан бери какпаган эшигибиз калган жок. Бул дарыгерлер акчалуу адамдар экен. Алардын тааныбаган кишиси жок экен, байланыштары аябай чоң экен. Биздин үнүбүз эч жакка жеткен жок. Азыр эми атайын берене менен кызматынан кетирилген дарыгерлер кайра жумушуна калыбына келтирилди.

Акимбаева: чечим негиздүү чыккан

Ошол эле кезде бул ишти бир жылдан ашуун убакыттан бери териштирген Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Эрнис Алмабеков кылмыш иш козгоодон баш тартуу тууралуу токтомго негиз болуп берген жагдайлар тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул дарыгерлер акчалуу адамдар экен. Алардын тааныбаган кишиси жок экен, байланыштары аябай чоң экен. Биздин үнүбүз эч жакка жеткен жок.
Назира Сатыбалдиева

Ошол эле кезде бул ишти иликтөөгө көзөмөл жүргүзгөн Биринчи Май районунун прокурору Гүлнара Акимбаева жабырлануучу тарап койгон дооматты негизсиз каралоо катары төмөндөгүчө четке какты:

- Бул эч кандай негизи жок доомат. Биз кантип эле ошону жөндөн жөн эле калкалай берели? Бардыгы мыйзам чегинде болду. Анын өзүнүн негиздүүлүгү бар. Бардык документтер ошол иштин ичине тиркелген. Негиз болгон үчүн мына ошондой чечим кабыл алынды. Ар бир чечим мыйзамга таянуу менен негизделип, ошол боюнча анан жыйынтык көрсөтүлөт. Анан жөндөн жөн эле курулай доомат кылып эле, "бирөөнү калкалап жатат, бирөөнү коргоп жатат" деген сөздөрдүн негизи жок. Корутунду берген адамдардын дагы жоопкерчилиги эскертилген. Бардык материалдар негизделген, чогултулган. Ал жерде экспертизалардын жыйынтыктары дагы бар. Ошолордун негизинде чыгарылган тергөөчүнүн токтому бар. Арыз ээсине жооп берилген. Токтомдо кандай негиздемелер келтирилгенин тергөөчү жазып көрсөткөн. Ага даттануунун белгиленген тартиби бар. Биз аны түшүндүрүп бергенбиз. Азыркы учурда жогору турган органдар тарабынан бул ишти козгоодон баш тартуу тууралуу чечимдин мыйзамдуулугу текшерилип жатат.

Буга чейин Улуттук госпиталдын медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын көзөмөлдөгөн комитет жыйынынын протоколу боюнча дарыгерлер Алмаз Кулназаров жана Айнура Алымбаева былтыр 15-декабрда кызматынан алынышкан. Аларды дарылоо ишинен четтетүүгө аталган дарыгерлердин кызматтык милдеттерин так аткарбагыны боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын иликтөө комиссияларынын жыйынтык корутундулары дал келгени негиз болгон.

Дарыгерлер сотторго ыраазы

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагынбаева иштен кеткен дарыгерлерди кызматтарына калыбына келтирүү боюнча сот чечими туурасында төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

- Азыр эми жалпы коомчулук үчүн да, биздин жамаатка да билбейм эми кандай болуп калат? Жетекчи болуп, ал дарыгерлерди кызматынан кетирүү чечимин мен жалгыз кабыл алган эмесмин. Анда көптөгөн биз баарыбыз сыйлаган медицина тармагынын тажрыйбалуу адамдары, илимпоз-дарыгерлер, профессорлор, чоң жыйынга чогулуп, мына ошол жерде дарылоонун кандай жүргөнү боюнча тараптардын баарын сурап, алардын жообун угуп туруп, анан мына ошондой жыйынтыкка келген болчубуз. Жетекчи катары жана дарыгер катары жүктөлгөн милдеттердин так аткарылбаганы боюнча иликтенип, талданып чыккан. Анда эмнелер жасалыш керек эле, эмнелер жасалган эмес деген сыяктуу суроолор коюлган. Биз медициналык жана уюштуруучулук жактан кетирилген катачылыктарга басым жасаган болчубуз. Жыйында тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан айтылган дооматтар, сын пикирлер жокко чыгарылып эле, кызматынан кетирилген дарыгерлердин сөзү чындык болуп чыгып жатпайбы. Азыр эми соттон мына ошондой чечим келип жатат. Биз эми эмне кыла алабыз?

Дарылоо иши тиешелүү тартипте жүргүзүлгөн. Оорулуу тишин жулдуруп, бирок ириңин чыгара албай койгон. Анан ал бизге 3-4 күндөн кийин бизге келген.
Алмаз Кулназаров

Бирок ошол эле кезде Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алмаз Кулназаров соттук териштирүүлөр учурунда оорулууну караган дарыгерлердин дарылоо ишиндеги кетирген катачылыгы тууралуу дооматтар ырасталбаганын билдирди. Анын айтымында, каза тапкан оорулууну дарылоо иши медициналык кызмат көрсөтүү жана дарылоо иши боюнча эрежелерди так сактоо менен жүргүзүлгөн.

Алмаз Кулназаров соттор акыйкат чечим кабыл алганын айтып, жакын арада кайрадан жогоруда аталган бөлүмдү жетектөө кызматына бара турганын билдирди:

- Бул жерде чынында эле биздин күнөөбүз жок болчу. Мына ошондуктан райондук сот, шаардык сот жана Жогорку сот баарын териштирип чыгып туруп, бизди айыпсыз жерден эле кызматтан алынган деп тапты. Биз болсо соттук териштирүүлөр учурунда оорулууга дайындалган дарылоо тактикасы, анын саламаттыгынын абалы жана ага карата жазган дарыларыбыз тууралуу көрсөтмө берип, баарын мыйзам чегинде түшүндүрүп бердик. Сот мына ошонун баарын эске алып, аягында туура чечим кабыл алды. Эгерде бизде ал жерде кемчилик кетип, баланы карабай койсок, анда булиш башкача болмок. Бул ишти иликтеген бардык комиссиянын корутундуларын окуп чыктык. Ал жерде деле "дарыгерлер тарабынан кемчилик кеткен" деген жыйынтык жок. Диагноз такталган. Мына ошонун негизинде өз убагында эле операция жасалган. Дарылоо иши тиешелүү тартипте жүргүзүлгөн. Оорулуу тишин жулдуруп, бирок ириңин чыгара албай койгон. Анан ал бизге 3-4 күндөн кийин бизге келген. Биздин дарыгерлер диагнозду коюп, операцияны жасап, ириңди тазалаган. Эгерде биздин дарыгерлер туура эмес операция жасаса, ириң башка жакка чаап кетмек. Андай нерсе болгон жок да. Аны мына ошол операция болгон жерде ириң жок экенин соттук-медициналык экспертиза деле аныктап жатпайбы.

Туура эмес дарылоо болгонун министрлик ырастаган

Мындан сырткары буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяны иликтөө боюнча атайын комиссия түзүп, аталган дарыгерлерди дарылоо ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн жумуштан алуу тууралуу сунуш киргизилгенин ырастады.

Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо саясаты жана медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Саматбек Тойматов иликтөөдө аныкталган жагдайлар тууралуу мына буларга токтолгон болчу:

- Оорулуу келгенден баштап, анын дарылануу укугу бузулуп, дарыгердин катачылыгы болгону иликтөө учурунда аныкталган. Биз анын баарын тактап, каттоого алып, анан тиешелүү далилдери менен бергенбиз. Ошондуктан ошол бөлүмдүн башчысына жана дарылоочу дарыгерге карата административдик жаза чарасы көрүлгөн. Биз оорулуунун саламаттыгынын абалына туура баа берилбегенин аныктаганбыз. Экинчиден, операцияны жетиштүү деңгээлде жасап, жараатты ачып, анан ал жерге дренаждык операция жасалбай калган. Биз мына ошонун баарын иликтөө учурунда тизмектеп, далилдеп бергенбиз. Ошол материалдардын баарын укук коргоо органдары алып кетишкен болчу.

Учурда маркум Касмалы уулунун апасы Назира Сатыбалдиева бул ишти мыйзам чегинде аягына чейин териштирип берүү боюнча башкы прокуратурага үчүнчү ирет арыз менен кайрылды. Анда аталган дарыгерлерди жазалоо жана аларга карата кылмыш ишин ачтырбай койгон укук коргоо органдарына чара көрүү талабы көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG