Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Дартка даба таппаган дарыгерлер


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик жана менчик медициналык тейлөө мекемелеринде адам факторуна байланышкан калпыстыктар жана алардын кесепеттери тууралуу элде көп дооматтар айтылып келе жатат.

Кезектеги апта темасында дарыгерлердин катачылыгы, кесепеттери жана сабактары тууралуу сөз болот.

Ош шаарында иштеген дарыгер-стоматологдун ден соолугу жеке клиникадагы дарыгерлердин шалаакылыгынан жабыркады. Бир эмес, эки ирет операцияга жасатууга аргасыз болгон врач катага жол берген кесиптештеринин кызмат ордунда калганына нааразы. Ал эми клиниканын дарыгерлери дарылоо процесси туура жүргүзүлгөнүн айтып, бейтаптын дооматтарын суу кечпейт деп четке кагууда. Окуянын чоо-жайына кабарчыбыз Айзада Касмалиева токтолот.

Кесиптешин айыптаган дарыгер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00
Түз линк

Дарыгерлер өспүрүм кезинде төрөгөн секелектин боюнда бар-жогун алты ай болгуча аныктай алышкан эмес. Атүгүл кесиптик-техникалык окуу жайга тапшыруу үчүн талап кылынган саламаттыгы тууралуу 086 справкасын да жазып беришкен. Бул окуя үч айдан бери облустук саламаттык сактоо тармагынын баш оорусуна айланды. Акыркы жыйында жергиликтүү бийлик дарыгерлерди шалаакылыгы жана саламаттыкты пайда табуу булагына айландырып алганы үчүн сынга алды. Теманы аймактагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат:

Нарын: дарыгерлер кабылган доомат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00
Түз линк

Таласта бейтапка өзү койгон туура эмес диагноздун негизинде операция жасоого белсенген хирург алдамчылык беренесинин негизинде үч жылга шарттуу кесилди. Таластагы дарыгерлердин милдети, жоопкерчилиги жана таңсыктыгы тууралуу Салика Cариева айтып берет.

Соттолгон дарыгер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00
Түз линк

Баткенде башка ооруканага кайрылуу үчүн тандоонун жоктугу жана дарыгерлердин тартыштыгы ак халатчандардын кемчилиги, жаңылыштыгы тууралуу даттанууга жол бербейт. Укук коргоо кызматтарына дарыгелер үстүнөн арыз-даттануулар дээрлик түшпөйт. Ошондой болсо да милдеттүү медициналык камыздандыруу кору өз алдынча жарандар укугун коргоо үчүн текшерүүлөрдү жүргүзүп, өткөн жылы бир жарым миллион акча өндүргөн. Баткенден кабарчыбыз Жениш Айдаров сөз кылат:

Баткен: дарыгерлер тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00
Түз линк

Кыргызстандык дарыгерлерге мүнөздүү катачылыктар кайсылар жана аларга жол бербөө боюнча системалуу аракеттер барбы? Дарыгер ката кетирсе, аны жазалоо менен азыркы медицинанын сапатын жакшыртууга болобу? Ушул жана башка суроолорго кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева жооп издеди.

Жазалоо сапатты жакшыртабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG