Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Дарылардын электрондук базасы кечигүүдө


Кыргызстанда сатылып жаткан он миңдеген аталыштагы дарылар тууралуу бирдиктүү маалымат берген улуттук система жок. Ушундан улам өлкөдө дарылар башаламан, кымбат сатылууда.

Стратегиялык демилгелер борбору "Таза коом" долбоорунун алкагында сатылып жаткан дарыларга эн белги коюу жана алардын сапатын көзөмөлдөө боюнча жыйын өткөрдү.

2017-жылдын соңундагы иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сатылып жаткан дарылардын көпчүлүгү ооруну айыктырууда натыйжасыз болуп чыккан. Мындан тышкары көмүскө базарда айланган, аткезчилик жол менен кирген, сапатын тийиштүү органдар көзөмөлдөбөгөн дарылар көп экенин Стратегиялык демилгелер борборунун байкоочулары аныктаган.

"E-Health" ишке ашпай келет

Ушундан улам бирдиктүү "e-health" же электрондук саламаттык базасын түзүү сунушталып, бирок ал ишке ашпай келе жатканын аталган борбордун адиси Талант Султанов билдирди:

Талант Султанов.
Талант Султанов.

- Биз жарандарыбызга кантип баасы арзан, сапаты жакшы дарыларды алып келсек болот деп аракет кылып жатабыз. Орусияда, Түркияда, Эстонияда дарылардын электрондук маалымат базасын киргизишкен. Натыйжада жарандарга, ооруканаларга жакшы таасири тийип, дарылардын баасы арзандап, сапаты көтөрүлүп, эң негизгиси - элдин ден соолугу оңоло баштады. Биз да тегерек үстөлдүн алкагында ушул сыяктуу маселелерди чечүүнү талкуулап жатабыз.

Жыйынга келген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлү профессор Алексей Коротеев Кыргызстанда дарылар дагы эле көзөмөлсүз, базарларда сатылып жатканына таң калып, Саламатттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө собол салды:

- Төрт миллион калк жашаган өлкөдө, эгер бир миллиону Орусияда жашаса, дарыларды көзөмөлдөө такыр жок экен. Ошондойбу? Ош базарында дарылар дагы эле контейнерлерде сатылабы?

Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылар жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин жетекчиси Мариям Жанкорозова эл аралык адистин суроосуна "бул маселе түп-тамырынан бери чечилбей жатат" деп жооп берип, мамлекеттик органдардын күчү жетпей жатканын моюнга алды:

- Баары эле сиз айткандай эмес, бирок маселе бар. Ички иштер министрлиги, базар ээлери, жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги чогуу жүргүзгөн рейддердин таасири өтө кыска убакытка гана жетет.

"Бирдиктүү бааны коюу кыйын"

Жыйында фармацевтика тармагындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири катары дарылардын бирдиктүү баасын мамлекет белгилей албаганы көтөрүлдү. Кыргызстан фармацевтикалык биримдигинин өкүлү Эрнис Асанов Орусиядагы дары чыгарган компаниялардан бирдиктүү баа талап кыла албай жатышканын айтып, мунун себептерине токтолду.

- Эгер биз ал заводдор менен тил табыша алсак, дарылардын баасын аныктоо схемасын белгилеп алсак болот. Орусиянын бирдиктүү дары базасына кирген, атайын ал жактын базары үчун чыгарылган дарыларды алып чыксак болот же Европадагы чоң өлкөлөргө жиберилген башка баадагы дарыларды да өлкөгө алып келе алмакпыз. Заводдор бирдиктүү базанын тилинде гана сүйлөйт. Биз сүйлөшүп көрүүгө аракет кылганбыз. Бирок Гедеон Рихтер менен кызматташтыктын тамыры өтө узак мезгил болсо да электрондук базанын жоктугунан баа саясатында бир пикирге келе албай жатабыз.

2015-жылы Саламаттык сактоо министрлигине дарылардын бирдиктүү электрондук базасын түзүү тапшырылып, атайын тендер да жарыяланган.

Дары-дармектен кымырылган миллиондор

Дары-дармектен кымырылган миллиондор

Мамлекеттен дарыга жана медициналык аспаптарды сатып алууга бөлүнгөн ири суммадагы акчаны кымырып алуу фактысынын бети ачылды.

Бул иш 2016-жылы "Таза коом" долбоорунун алкагында аткарылып бүтүшү керек эле. Бирок тендерди ишке ашыруудагы мүчүлүштүктөр буга тоскоол болгондуктан, бирдиктүү маалымат базасын чогултуу 2020-жылга калды. Ал арада элди сапаттуу, арзан дары менен камсыз кылуу дал ушул база түзүлгөндө гана болорун Мариям Жанкорозова белгилеп өттү:

- Эгерде бул жылы биз мерчемдеп жаткан мамлекеттик сатып алууну тескөө боюнча планга кол коюлса, анда тендердин жыйынтыгын көрүүгө болот. Ошондо дарылардын баасы дароо ачыкка чыгат. Бул биринчи кезекте ооруканалардын дары менен камсыз болушуна түздөн-түз таасир этет. Башкача айтканда бюджети үнөмдөлөт. Бирдиктүү электрондук базаны түзүүнүн жана сатып алууну ачык жүргүзүүнүн натыйжасында дарылар арзандайт. Эгер баасы төмөндөсө, ошол эле акчага ал оорукана көбүрөөк дары сатып ала алат. Анын натыйжасында оорулуулар жетиштүү дары-дармек менен камсыз болот деп ойлойм.

Кыргызстанда сатылып жаткан дарылардын бирдиктүү базасын түзүүнү мындан 3 жыл мурун ошол кездеги саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын мисалында сунуш кылган. Эгерде бул долбоор ишке ашса, фармацевтика тармагындагы жемкорлук, аткезчилик, бир эле дарыны ар кайсы дарыкана ар башка баада сатуу жана ал дарыны алып кирген компаниялардын салыктан качуу сыяктуу көрүнүштөргө бөгөт болорун адистер бир ооздон белгилешти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG