Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:50

Дары саясаты: жаңы мыйзамдагы мүчүлүштүк


Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда 15-февралда "Дары каражаттары жөнүндө" мыйзам күчүнө кирет. Жарандык активисттер ал мыйзамда өзгөчө маанилүү дарыларды каттоого алуу, Бажы биримдигинин алкагында дары-дармек саясатын жүргүзүү өңдүү айрым беренелер камтылбаганын айтып жатышат.

32 жаштагы Медетбек Макенов ай сайын тапкан акчасынын жарымын атасынын дары-дармегине жумшайт.

Медетбектин 62 жаштагы атасы бир жарым жылдан бери бөйрөгүнө аптасына үч ирет гемодиализ алып, дарыларды тынымсыз ичип турат:

- Айына дары-дармекке 7-8 миң сомдун тегерегинде акча жумшайм. Бир эле дарыны ар кайсы дарыкана ар кандай баада сатат. Кан басымы үчүн "Рекормон" деген дарыны маал-маалы менен алып турабыз. Анын бир туруп 1500 сом, кээде 1000 сом, айрым учурда андан да арзан болуп калат. Ал дары табылбай же кымбат болгондо Орусиядан алдыртабыз.

Түркиядан дары алдыргандар арбыды

Түркиядан дары алдыргандар арбыды

Социалдык тармактарда апта сайын кеминде эки-үч мекендешибиздин "Түркиядан дары берип жиберет элем, ала кеткилечи" деген кайрылуусу чыгат.

​Бир нече уюмдун өкүлдөрү Бишкекте өткөргөн жыйында кургак учукка, ВИЧке, сарыкка (С, В түрүнө), онкологиялык жана бөйрөк оорусуна чалдыккан бейтаптардын жашоосуна зарыл дары-дармектер быйыл кечигери айтылды.

Жыйынга эл өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрлигинин Дары менен камсыздоо департаменти, бул жаатта иш алып барган эл аралык уюмдар жана жарандык активисттер катышты.

Адистердин айтымында, 15-февралда күчүнө кире турган "Дары каражаттары жөнүндө" мыйзамда жашоого өтө зарыл дары-дармектерди мамлекеттик каттоого алууну жөнөкөйлөштүрүү өңдүү бир катар маселелер так көрсөтүлгөн эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев "Дары каражаттары жөнүндө" мыйзамда өкмөт эске алчу жагдайларга токтолду:

- Мыйзам боюнча 15ке жакын мамлекеттик чечим даяр эмес. Экинчиси - жашоого зарыл дарыларды кантип арзан алуу керек? Аларды чет өлкөлүк уюмдар аркылуу сатып алыш керек деп сунуштап жатабыз. Кыргызстан ЕЭАБге киргенден кийин бул уюмдагы өлкөлөрдүн ортосунда дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды шайкеш келтирүү механизмдери так көрсөтүлгөн эмес. Демек мыйзамга кайра эле өзгөрүүлөр кирет окшойт.

Дары-дармектен кымырылган миллиондор

Дары-дармектен кымырылган миллиондор

Мамлекеттен дарыга жана медициналык аспаптарды сатып алууга бөлүнгөн ири суммадагы акчаны кымырып алуу фактысынын бети ачылды.

Султангазиев мыйзамдын чийки жактары убагында каралып, чечим кабыл алынбаса, дары-дармектерди алып келүү процесси кечеңдеши ыктымал деп эскертүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги өз кезегинде жаңы мыйзам дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылуу жаатында кийинки кезде начарлап кеткен эрежелерди жөнгө салып, тартипти күчөтөт деп ишендирип жатат.

Бул мыйзамга ылайык лабораториялардын, дары чыгаруучулардын, клиникалардын, дарыканалардын ишмердигин тартипке салуу, дары-дармектерди мамлекеттик каттоого алуу боюнча эрежелер өзгөртүлүп, такталат.

Дары менен камсыз кылуу департаментинин өкүлү Мариам Жанкорозова айтылган сунуштар эске алынып, өз учурунда чечилерин белгиледи:

- Мыйзам талданып, кошумчалар киргизилген учурда ага департаменттин адистери катышкан, ишкерлердин, жарандык коомдун, атүгүл бейтаптардын да пикирлерин эске алганбыз. Андыктан кемчиликтер эске алынган эмес деп айтууга болбойт. Жаман деп айтып коюу оңой. Талкуу учурунда айтылган адистердин пикирин эске алып, кошумчаларды киргизгенге аракет кылабыз. Жагдайды жакшыртуу үчүн чогуу иштеш керек.

Кыргызстанда дарылардын сапатын Дары менен камсыз кылуу департаменти көзөмөлдөшү керек. Бирок алар толук көзөмөлгө алып жатабыз дегени менен, дарыканалардагы баа саясатына кийлигише албайт. Анткени "Жеке ишкерчиликти колдоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, дарыканалар бааны өздөрү аныкташат.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова дары саясатын көзөмөлдөөнү башка органга өткөрүүнү талап кылууда:

- Департамент өзү кызмат көрсөтүп, дарыны каттап, кайра ишин өзү текшерет экен. Бул эч бир мыйзамга туура келбейт. Ошондуктан биз дары-дармектер боюнча экспертиза аталган мекемеде жүрсө, негизги көзөмөлдү Саламаттык сактоо министрлиги колго алсын деп жатабыз.

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Дары-дармек рыногу Кыргызстанда кирешелүү тармактардын бири болуп саналат. Кыргызстанга чет өлкөдөн 300дөй компания дары алып келет. Буга чейин көмүскөдөгү бизнес тууралуу айтылып, коррупциялык схемалар боюнча бир нече кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG