Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:05

“Азаттык” Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин айланасындагы талаштуу жагдайларды иликтеди.

Бишкек шаардык кеңеши 2017-жылы 16-мартта “Мэриянын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, алты ай ичинде Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти жоюлуп, мэрияга караштуу башкармалык болуп кайра түзүлмөкчү.

Бирок бул мекемеде айрыкча соңку эки жылдан бери талаш-тартыш, жамаат ичиндеги тиреш токтобой келет жана департамент башчысына байланыштуу кандай чечим кабыл алынары азырынча белгисиз.

Саламаттыкты сактоо министрлиги департамент башчысы Кубанычбек Кулбатыровдун кадр саясаты, мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзгөнү жана тендер боюнча айтылган дооматтарды иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

Кулбатыров комиссиянын 15 пункттан турган корутундусуна макул болбой, мыйзам бузбаганын негиздеп жооп кайтарган.

Аягы көрүнбөгөн чыр талаш

Ушул жылы апрель айынын аягында Бишкектеги №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун айрым кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына митингге чыккан. Алар бул ооруканага директор болуп Жыргал Касымалиеванын кайра дайындалганына нааразылык билдиришкен.

Калия Саткынова медицина борборун жети жылдан ашуун башкарган Жыргал Касымалиеваны “жамаатты экиге бөлдү, тирешти күчөттү” деп айыптаган:

- Аны жумуштан кетиришкен. Кайра эле он айдан кийин ишке алышты. Буга жамаат аябай нааразы. Ал башкарган 7-8 жылда өз кишилерин айланасына топтоп алды. Алар анын гана буйругун аткарышчу. Мурда башка башкы дарыгерлердин тушунда ынтымактуу эле жүргөн биздин жамаат азыр экиге бөлүнүп калды. Касымалиева менен иштешкибиз келбейт.

Жыргал Касымалиева апрель айында соттун чечими менен кайра кызматына отурган. Ал иштен кеткени боюнча департаменттин башчысы Кубанычбек Кулбатыровду күнөөлөгөн:

- Департаментке жаңы жетекчи болуп Кубанычбек Кулбатыров келгенден бери негизсиз, ачык куугунтук башталды. Ал мени жазалоого, дисциплинардык чара көрүү үчүн ар кандай шылтоо издей баштады. Эскертүү, сөгүш берип жатты. Мен болсо милдетимди так эле аткарып жаткам.

Кубанычбек Кулбатыров №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Жыргал Касымалиева Башкы прокуратуранын сунушу жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2013-жылдагы буйругунун негизинде кызматынан алынганын айтып келет:

- Башкы прокуратура Касымалиеваны 2012-жылы текшергенде чоң материал түшкөн. Министрликтин жамааты 2013-жылы жумуштан алынсын деп буйрук чыгарган. Касымалиева ошондон бери мени Башкы прокуратура туура эмес текшерди, менде андай кемчилик жок деп чырдап жүрөт. 2016-жылы апрель-май айында прокуратура Касымалиеваны кайра текшерген. Анда баягы эле кемчиликтер жоюлган эмес деп алар экинчи жолу сунуш жазышкан. Мен аны жумуштан алып жатканда "ушул сунуштун негизинде жана 2013-жылдагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен иштен алынды" деп жазгам.

Мекемелер аралык комиссиянын корутундусу

Кубанычбек Кулбатыров Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси болуп 2015-жылы жазында дайындалган эле.

Саламаттык сактоо министрлиги Кулбатыров боюнча айтылган дооматтарды, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан фактылардын баарын иликтөө үчүн ушул жылы 21-февралда мекемелер аралык комиссия түзгөн.

Комиссияны Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева жетектеген. Курамына министрликтин ички аудит, социалдык-экономикалык коргоо өңдүү бөлүмдөрдүн башчылары, башкы адистер, Коомдук байкоочу кеңештин өкүлдөрү кирген.

Комиссиянын маалымдамасында Кубанычбек Кулбатыров боюнча 2016-2017-жылдар аралыгында 13 кайрылуу түшкөн деп көрсөтүлгөн, бирок бул кайрылуулар кимден келгени так жазылган эмес.

Кубанычбек Кулбатыров
Кубанычбек Кулбатыров

Комиссия 20га жакын барактан турган маалымдама даярдаган, анда 15 пункттан турган корутунду чыгарылган.

- Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментиндеги өздүк курам, негизги ишмердүүлүккө байланышкан буйруктар эмгек мыйзамдарын бузуу менен чыгарылган; Департаменттин жаңы жобосун, түзүмүн жана штатын Юстиция министрлиги беките электе эле Кубанычбек Кулбатыров мэрия менен кеңешпей туруп өзү өзгөртүп салган; Кыска мөөнөттөгү эмгек келишимдери Эмгек кодексинин 55-беренесин бузуу менен түзүлгөн; Саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчи орун басарлары жана башкы бухгалтерлери менен мөөнөттүү эмгек келишимдерди түзүү Кулбатыровдун ыйгарым укуктарына кирбейт, Кадр саясатында мыйзам бузуу болгон, негизсиз кызматтан алуу фактылары болгон, саламаттыкты сактоо уюмдардын жетекчилерин дайындоодо алардын иш тажрыйбасы, жөндөмү эске алынган эмес, тендерлер мыйзамсыз өткөн учурлар катталган деген өңдүү дооматтар жазылган, - деп жазылган 15 пункттан турган корутундуда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев Кубанычбек Кулбатыров кыска мөөнөттөгү эмгек келишимдеринин түзүлүшү боюнча жогорку жактарга арызданганын айтып берди:

- Эмгек кодексинде эки-үч айлык келишим түзүү каралган эмес. Мөөнөтсүз же бир жылга түзүлөт. Чатактын баары мына ошондон башталган. Балким чет жактарда эл жоошураак, унчукпай калышмак, билинбей калмак, бирок шаарда медициналык мекемелердин башчыларынын билими жогору, баары укугун билишет. Биз Кулбатыров боюнча президентке, премьер-министрге кайрылганбыз.

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

Кубанычбек Кулбатыров өзү тууралуу айтылган дооматтардын баарын четке кагып келет:

- Мен бир дагы кемчиликке, бир дагы катага макул эмесмин. Комиссия жеке мен жасаган кемчиликти тапкан жок. Анча-мынча техникалык майда кемчиликтер бар. Мындай нерселер жумушта болот. Комиссиянын маалыматын жакшылап окусаңар, ал кемчиликти бөлүм башчылар, кадр бөлүмдөрү, тендер боюнча комиссия жасап жатат. Мен тендердик комиссиянын төрагасы эмесмин. Мындай өкмөткө олуттуу зыян келтирген кемчиликтер болгон эмес.

Мөөнөттүү эмгек келишими: мыйзам бузулганбы?

Кубанычбек Кулбатыров мөөнөттүү эмгек келишимдер боюнча дагы дооматтарды негизсиз деп эсептейт.

Ал Бишкектеги саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелерди төлөөчүлөрдүн бирдиктүү системасынан республикалык бюджетке, Милдеттүү камсыздандыруу фондуна өткөрүү тууралуу өкмөттүн №577 токтомуна жараша иш кылганын айтып жатат:

- Негизи ошол токтомдун негизинде бизге үч ай мөөнөт берилген. 2015-жылы 1-октябрга чейин которуу иштеринин баары жасалып департаменттин жаңы жобосу иштелип чыгышы керек болчу. Бирок декабрь болгондо ошол кездеги статс-катчы Паиза Сүйүнбаева документтердин баары жасалды, юристтер кол койсо эле каттаганга беребиз деген. Ошондуктан жаңы жобо чыкканга чейин жаңы келишим түзбөй эле мурункусун узартып кой деген. Мен ошол сунуштун негизинде мага чейинки директор Мурзалиев түзгөн келишимдердин мөөнөтүн жарым жылга узартып койгом. Ар бир документке департаменттин жаңы жобосу бекигенге чейин деп жазгам. Ар бир жеке делодо ошондой кагаз тиркелип турат. Ал жерде ошол жетекчилердин колу турат. Тилекке каршы, жарым жыл өткөндөн кийин дагы эч нерсе жасалган жок. Ал жобону бекитүү бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Эки жылдан ашып баратат. Ошондуктан мен былтыр жарым жыл өткөндөн кийин 1-июлдан 30-октябрга чейин келишимдерди дагы үч айга узарткам. Негиз болсо баягы эле – жаңы жобо бекигенге чейин деп жазылган.

Прокуратура менен инспекциянын эки ача корутундусу

Мөөнөттүү эмгек келишимдердин түзүлүшүн Бишкек шаардык прокуратура текшерген жана 19-январда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге сунуш берген.

Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеев кол койгон сунуштамада Эмгек кодексинин эмгек келишими тууралуу 55-беренеси тууралуу сөз болгон. Бул беренеде "эмгек келишими аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт, эгер ушул кодексте жана башка мыйзамдарда башка мөөнөт белгиленбесе анда беш жылдан ашпаган аныкталган мөөнөткө (мөөнөттүү эмгек келишими) түзүлөт" деп жазылган.

Мөөнөттүү эмгек келишими ушул мыйзамдарда каралган учурларда, ошондой эле эмгек келишими алдыдагы иштердин мүнөзүн жана шарттарын эске алуу менен аныкталбаган мөөнөткө белгилениши мүмкүн болбогондо түзүлөрү да көрсөтүлгөн.

Бишкек шаардык прокуратура саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, орун басарлары жана башкы бухгалтерлеринин ишинин шарты жана мүнөзүнөн улам бул беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттүү эмгек келишимдерди түзүүгө жол бербейт деп жазган. Анан калса башкы дарыгерлер, алардын орун басарлары жана башкы бухгалтерлеринин иши убакыттын (сезондун) белгилүү бир мезгилинин аралыгында гана жүргүзүлө турган сезондук иштерге кирбейт деп белгиленген.

Ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзүүдө одоно мыйзам бузулган жана бул өз кезегинде нааразылык, дооматтарды жараткан деп аныкталган. Бул коррупцияга кошумча жол ачышы мүмкүндүгү айтылып, жооптуу кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарынан аша чаппашы керектиги эскертилген.

Прокурордун министрге берген сунуштамасы беш пункттан турат. Анда жарандардын эмгек укуктарына шек келтире турган мыйзам бузууларды алдын алуу, өзүнүн кызматтык милдетин талаптагыдай аткарбаган Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчилигине жана жогорудагыдай кемчиликтерге жол берген башка кызматкерлерге катуу дисциплинардык чара көрүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилеринин эмгек келишимдерин мыйзамга шайкеш келтирүү жана бул сунуштаманын негизинде көрүлгөн чаралар тууралуу прокуратурага кабар берүү тууралуу жазылган.

Мөөнөттүү эмгек келишимдери тууралуу ушул жылдын март айында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция баары мыйзамдуу болгон деп түшүндүрмө берген. Анда дагы Эмгек кодексинин 55-беренеси тууралуу сөз болгон. Инспекция бул берененин 2-бөлүмүнө ылайык, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары жана башкы бухгалтерлери менен эмгек келишимдерди түзсө болот деп көрсөтүлгөн. Мөөнөттүү келишимдин мөөнөтү беш жылдан ашпоосу керектиги жазылганы менен эң аз дегенде канча болоору айтылбаганы негиз кылынган. "Мөөнөттүү эмгек келишими түзүлүп жатканда тараптар анын мөөнөтүн өздөрү аныктайт" деп жазылган. Эгер эки тарап тең макул болсо, экөөнүн тең колу коюлса, кызматкердин кагаз түрүндө алдын ала арызы болсо анда мөөнөттүү эмгек келишим түзүү мыйзамга каршы келбейт деген корутунду чыгарган.

Бишкек шаардык департаменттин башчысы Кубанычбек Кулбатыров Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ушул корутундусунун негизинде мыйзам бузган деген дооматтарды четке кагып жатат:

- Мына, менин колумда Эмгек инспекциясынын менин катыма берген 2017-жылдын 3-мартындагы жообу бар. Алар мен эч кандай мыйзам бузбаганымды айтып жатышат. Мен эки-үч айга, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөткө келишим түзө алам. Мына, мунун баары жазылып турат. Бирок буга карабай эле “сен мыйзамды буздуң”, деп мага жалаа жаап, жазып жатышат. Мен өзүмдүн күнөөм жок экенин мыйзамдар менен далилдеп жазып бергем. Бирок министр мен жазган дооматтарды жокко чыгарган кагаздарды күтпөй эле мэрияга мага байланыштуу "бул ушунча кемчилик кетириптир, ээлеген кызматта иштей алабы же жокпу карагыла", деп сунуш киргизиптир. Мен министрге, мени текшерген комиссиянын жетекчиси Жазгүл Кийизбаевага өзүмдүн аргументтерим менен ушундай папканы бергем. Мен ушундай эле папканы шаардык кеңешке, Жогорку Кеңешке да бергем.

Саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчи орун басары Тилек Жантайбеков Кубанычбек Кулбатыровдун айрым чечимдерине каршылыгын билдирген:

- Муну медициналык мекеменин жетекчилери көтөрүп чыккан. Ушундай маселелер көтөрүлүп жаткандан кийин деп статс-катчы Жазгүл Кийизбаева комиссия түздү. Ооба, бизде жумушка байланыштуу пикир келишпестиктер болгон. Ал мыйзамсыз буйруктарды чыгарып жатканда мен алар мыйзамсыз экенин айткам. Мыйзамга ылайык, ар бир үч айда эмгек келишиминин мөөнөтүн узартуу туура эмес деп айткам. Кээ бир жетекчилерди иштен кетирип жатканда да мен макул болгон эмесмин. Мисалы буйруктарга, макулдашууларга кол койгон эмесмин.

Айтор Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментиндеги чыр шаардык кеңешке, Жогорку Кеңешке да жеткен. Бул маселе өткөн айдагы сессияда Кулбатыров ооруканада жатканына байланышуу каралбай калган. Шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев бул жагдай Кулбатыров ооруканадан чыккандан кийин караларын айтты:

- Биринчиден бул маселени карай элекпиз, сессияга кире элек болчу. Азыр эми эки тарап болуп жатат. Биз Кулбатыровдун өзүн эле шаардык саламаттыкты сактоо боюнча өзүнчө карашыбыз керек. Кулбатыров жумуштан бошоткон кишилер бар экен. Алар боюнча маселени биз фракцияда карадык. Анда Кулбатыров ар бир пунктка эмненин негизинде бошотулганы боюнча жооп берип жаткан. Айрымдарына прокуратура иш козгогон экен. Анан биз аларды жөн эле бошотпоптур, прокуратура деле жөндөн жөн эле иш козгой бербейт деп ойлонуп калдык. Биз ошол бойдон эле туруп калдык. Азыр эми реорганизация болду. Өткөн сессияда ал киши жүрөгү кармап ооруканада болгон үчүн карай албай калдык. Ага каршы тараптагылар сессияга келбеш үчүн эле ооруканага жатып алды деген сөздөрдү айтышкан, бирок ал киши жүрөгүнөн операция болгону боюнча маалымат алдым. Ал эми бир жакка качып кетип бара жаткан жок да. Ооруканадан чыккандан кийин деле сурасак болот.

Шаардык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Таалайбек Сариевдин пикиринде, кандайдыр бир чечим эки тараптын жүйөсү уккандан кийин кабыл алынышы керектигине токтолду:

- Чындыгында ал жерде эки тарабында тең маселе болуп жатат. Берки башкы врачтардын дагы күнөөлөрү болуп жатат. Кээ бир үй-бүлөлүк медицина борборлорунда көп жылдан бери отурган жетекчилер бар экен. Ал жакта эми жакшы иштегени, жаман иштегени бар. Алардын баарын карап көрүп алмаштырып, ротация кылыш керек. Бул жагынан департаменттики да туура. Бирок департаменттин дагы көп каталары бар. Алар бир айлык, эки-үч айлык кылып келишим түзбөшү керек эле. Булар деген машина чыгарып иштеп жатышкан жок да, булар адамдардын ден соолугун карап жаткан дарыгерлер да. Негиз алар узак мөөнөттөгү келишимдер менен иштеши керек. Бул жерде эми ачык айта албайм, бирок коррупциялык иштер аралашкан деген оюм бар.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 4-майдагы коллегиясында департаменттеги соңку жагдай да каралаган. Анда Кубанычбек Кулбатыровду иштен алуу маселеси көтөрүлгөн. Министрликтин Кадрдык иш жана билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурида Жусупбекованын айтымында, азыр кандайдыр бир документ жок:

- Коллегияда анын мүчөлөрү өздөрүнүн оюн айткан. Бирок кагаз түрүндө жазылып буйрук чыгышы керек. Азыр кандайдыр бир чечим чыга элек. Дагы эле каралып жатат.

Мындай талаш-тартыштар чечиле элек чакта Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти шаардык мэрияга караштуу башкармалык болуп өзгөрүп жатат. 10-майда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев менен мэр Албек Ибраимов кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. Ага ылайык, департамент мэрияга караштуу башкармалык болуп өзгөрмөкчү, бирок буга чейин департаменттин карамагындагы медициналык уюмдар жана ал жактагы кадр маселелери чечүү министрликке берилмекчи. Өзгөртүү иштерине байланыштуу укуктук, юридикалык жагын чечүүгө эки жума, тактап айтканда ушул айдын этегине чейин убакыт берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG