Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Ош: дарыгерлерди жаатташтырган акча


Оштогу облустар аралык наркологиялык борбордун мурунку жана азыркы эки кызматкери мекемедеги коррупциялык иштерди атайын маалымат жыйын куруп ашкерелешти. Мекемедеги нааразы тараптын билдиришинче, өлкө түштүгүндөгү жападан-жалгыз наркологиялык борбордун ремонтуна бөлүнгөн каражатты жетекчи кымырып алган. Жетекчилик кесиптештеринин доосу суу кечпесин ырастоодо.

Оштогу облустар аралык наркология борборунун имараттарын оңдоо үчүн 2014-жылы Орусия грантынын эсебинен 5 миллион сом бөлүнгөн. Наркологдордун ички чыры ошол каражатка аткарылган иштердин жыйынтыктары чыккандан кийин тутанды.

Врач-нарколог Бакыт Атабаевдин айтуусунда, мекемеде 5 миллион сомдук иш аткарылган эмес.

- Капиталдык ремонт үчүн деп берилген акчага капиталдык эмес, косметикалык эле ремонт болду. Эски имараттардын сыртына "шуба" кийгизип, пластик терезелерди койду. Сметада жылуулук системасы толук алмашылды деп жазылган. Бирок иш аткарылган эмес. Сметага кирген эшиктер да алмашкан жок. Эки имараттын тең чатырлары капиталдык ремонт үчүн грант келгенге чейин атайын эсептеги каржынын эсебинен алмаштырылган. Эски полдун бетине линолеум салып койду. Асты тешик.

Бакыт Атабаевдин айтуусунда, ремонттон каражат өөнөгөн жетекчиге алгач эч ким батынып каршы чыккан эмес. Качан гана мекемени текшерген укук коргоо органдарын сыйлоо үчүн эмгек жамааттан акча чогултулганда жетекчи менен кызматкерлердин тиреши пайда болгон.

- 2016-жылдын март айында ФОМСтон жана УКМКдан текшерүү келген. Ошолорду сыйлап узатуу үчүн кызматкерлерден жетекчибиз Айгүл Садиева акча чогултуп алган. Бөлүм башчылардан 15 миңден, дарыгерлерден 5 миң сомдон, медайымдардан 2-3 миңден, санитаркалардан миң сомдон жыйнаган. Жыйырмадан ашык кызматкерге бир күндө бир саат ичинде аванс деп тизме түзүп, баарына кол койдурган. Тартип боюнча аванс берилген болсо, ал ар бир адамдын банктагы эсебине салынышы керек эле. Булар акчаны тизме аркылуу кассадан өздөрү алып койгон.

Иллюстрация
Иллюстрация

Оштогу облустар аралык наркология борборунун жетекчиси Айгүл Садиева ири суммадагы капиталдык оңдоо иштерин көзөмөлдөй албаганын моюнуна алууда. Бирок ал бул кемчилигин аял болуп калганы менен түшүндүрүүдө.

- Мен куруучу эмесмин. Аял катары үйдө ремонт болгондо дагы мен куруучу катары усталардын аракетине баа бере албайм. Азыр мени сындап аткан эки кызматкер да өмүр бою медицина тармагында иштеген. Алар да бул имаратта жүргүзүлгөн курулуштун сапатына баа бере албайт деп ойлойм. Алар айтып жаткан дооматтар боюнча эки жылдан бери укук коргоо органдары кайра-кайра текшерип жатат. Жыйынтыгында куруучу компаниянын айыбы аныкталган. Ал эми текшерүүчүлөргө акча чогултту деген сөз калп.

Наркологиялык борбор жетекчисинин иштен айдалып кеткен орун басары Гүласыл Султуева бир нече жолку текшерүүлөрдүн жыйынтыгы аныкталган кемчиликтерге карабай жетекчинин жоопкерчиликке тартылбай калышына таңданууда.

- Каржы полициясы текшеребиз деп убада кылып, жакшы текшерише элек. Аларга чейин ФОМС текшерип, 259 миң сом уурдалганын аныктаган фактыга гана жабышып алышты. Башкага көңүл бурбай жатышат. Ремонтко бөлүнгөн акчаны куруучу фирма менен чогуу жегени тууралуу арыз жазсак, анын ордуна Садиеваны жабырлануучу кылып коюшту.

Оштогу облустар аралык наркологиялык борбор союз учурундагы темир бетон ишканасынан калган имараттан орун алган. Бул мекеме өлкө түштүгүндөгү жападан-жалгыз наркологиялык борбор болуп саналат. Анда 70ке жакын адам эмгектенет.

Борбор жыл сайын маңзат жана аракечтиктен жабыркаган 1,5 миңге жакын бейтапты дарылайт. Токтобогон нааразылыктардан улам ушул учурда мекемени каржы полициясы экинчи ирет текшерип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG