Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 04:51

2013-жылдан тартып Кыргызстанда биологиялык аракеттүү кошулмаларды (БАК) медициналык жайларда жарнамаланышына, аларды дарыгерлер же медицина кызматкерлери сатышына тыюу салынган. Ошентсе да кадимки дарылардан бир нече эсе кымбат БАК бизнеси Кыргызстанда эбегейсиз кулач жайып, миллиондогон сумма көмүскөдө айланууда.

Кыргызстанда түйүндүк маркетинг тарабынан сатылып жаткан биокальций, ар түрдүү майлар, дары-дармек категориясына кирбеген витаминдерден канча киреше түшкөнү, алардын калктын саламаттыгына тийгизген оң же терс таасири бир да жолу изилдене элек.

2013-жылга чейин биологиялык аракеттүү кошулмаларды дары-дармек категориясында элге дарыгерлер, медицина кызматкерлери кадимкидей сунуш кылып келген. Кошулмалардын адамдын саламаттыгына зыян экенин азыр онкологдор, гастроэнтерелогдор айтып, аларга каршы чыга баштады.

Учурда Кыргызстанда биологиялык аракеттүү кошулмаларды же БАКтарды саткан фирмалардын эсеби жок. Аларды бейтаптарга сунуш кылган дарыгерлер, медицина кызматкерлери азыр да четтен чыгат.

Далайлар дабасын БАКтан издешет

Аты-жөнүн жашырган каарманыбыз БАК бизнеси менен бир нече жыл алектенген. Кийин саламаттыгы начарлап, өзү сатып, элге сунуш кылган чай, май, витаминдерди ичип көргөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Ошондо элди адаштырып жүргөнүн

Дартты жеңбеген дары көп

Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн тармактык маркетинг же пирамида системасы менен алып келген дарыларды айыкпаган дартка даба деп саткан компаниялардын саны арбып, өз катарына кардарларды көбүрөөк тартуусу күчөп баратат.

- “Тянь-ши”, “Ипар”, “Сибирское здоровье” - деги койчу бардык фирмаларга акча төлөп жазылгам. Алардын дары майынан, витамин, косметикасына чейин көтөрүп алып сатып жүрдүм. Былтыр кайнежем аябай катуу ооруп калды. Анын кызы кытайлык БАК саткан фирмага 33 миң сом төлөп, жазылды. Дарыларын алып, апасына ичирген. Бирок шыпаасы тийген жок, көп өтпөй эле каза болду. Кээ бир ооруканаларда дарыгерлер өздөрү "мобу фирманыкы аябай жакшы" деп жазып беришет, кээде өздөрү деле сатышат. "Айчечек", "Күнчечек" деген май, чайларын сунуш кылышат. Алып ичебиз, баары бир оору айыкпайт. Айла кеткенде кайра эле ооруканага барып, антибиотик баштаган дарыларды сайдырып эс алабыз. Азыр эми бирөөнө да ишенбей калдым.

Чүй облусундагы райондордун бирине онколог болуп дайындалган жаш дарыгер Айчүрөк Кожоналиеванын айтымында, БАК бизнесинин кылтагына илингендердин жана ага түмөндөгөн, кээде жүз миңдеген акчасын алдыргандардын көбү - рак оорусуна чалдыккандар. Эң эле аянычтуусу - ракты эч кандай биологиялык кошулма жогото албайт, Тескерисинче, бейтаптын абалын оорлотот:

Медицинада залалдуу шишик БАКтын курамындагы витаминдер менен азыктанары эчак эле аныкталган. Мисалы, бета-каротин заты, рак клеткаларынын өсүшүн шарттайт.
Айчүрөк Кожоналиева

- Менде каттоодо турган бир бейтапка ошол БАКтарды жарнамалай берип, андан 40 миң сомдон ашык акчаны шыпырып алышыптыр. Оорусу аябай күчөп, мага кайрылганда мээсиндеги залалдуу шишик тим эле сыртына чейин чыгып кеткен экен. Ал бейтап, жакындары "БАКты ичсе эле айыгып кетет" деп катуу ишенип алышыптыр. Ошентип аябай көп акча коротушкан. Алардын социалдык акыбалы деле жакшы эмес эле. Мээдеги шишиги ошентип өрчүп, күчөп кетти. Акыры өлүмгө учурады. Медицинада залалдуу шишик БАКтын курамындагы витаминдер менен азыктанары эчак эле аныкталган. Мисалы, бета-каротин заты рак клеткаларынын өсүшүн шарттайт. Фолий кычкылы да шишикке "пайда". Кайра иштетилген Д витамини простата безинин шишигин балалатып жиберет. Онкологияда көптөн бери глюкозаны колдонбой калышты. Жөнөкөй эле глюкозаны рак оорулууга сайсак, зыяндуу клеткалардын көбөйүшүнө жол ачабыз.

Курамын текшерген бир да лаборатория жок

Мындай кошулмалардын курамы фармацевтикалык талдоого алынбагандыктан гормоналдык, уулуу же адам организмин алсыратуучу химиялык заттар болушу мүмкүн. Дарыканалардагы биологиялык аракеттүү кошулмаларда лабораториялык анализден өткөнү тууралуу документ болушу керек. Коопсуздук нормаларына дал келбеген кошулмаларды сатууга өлкөдө тыюу салынган.

Улуттук госпиталдын гастроэнтеролог-дарыгери Элвира Кубатбекова бейтаптар көп учурда кошулмаларды ичип ооруп келгенин жашырарын, аны аныкташ үчүн убакыт талап кылынарын эскертти:

- Кошулмалардын айынан көп бейтаптардын боору сезгенип, ооруп келишет. Алгач биз аларды сурамжылаганда БАК ичкенин айтышпайт. Жашырып коюшат. Бул да ишибизди кыйла татаалдаштырат. Ашказаны катуу ооруп же боору чоңоюп кеткен болот. Анан тууган-уругунан, жакындарынан сураштырып келсек эле, БАКты айлап-жылдап ичкени аныкталат. Аларды дарылоо да кыйын, узак убакытка созулат.

Министрликтин алы жетпейт

Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек боюнча эксперти Бермет Барыктабасова кошулмалардын соодасын азыр Кыргызстанда көзөмөлдөө системасы өтө алсыз экенин айтты. Медициналык жайларда аларды жарнамалоого толук тыйылганы менен баары бир көмүскө соода калк арасында ар түрдүү жолдор менен өнүгүп жатканына кейиди.

Дарыга үгүттүн кереги жок. Аны адам ооруп калганда гана ичиши керек. Эгерде диагноз болбосо эмнеге бирөөлөр сунуш кылган дарыны же БАКты жан талашып чуркап барып сатып алышыңыз керек?
Бермет Барыктабасова

- Аракеттүү кошулмалар дарылабайт. Алар ооруканаларда, бейтапканаларда жарнамаланып, сунушталбашы керек. Бирок алар азыр кереги жок айрым дарылардан да көбүрөөк жарнамаланып жатат.

Маселен, бизде таасири өтө төмөн айрым дарылар бар. Чындыгында жакшы дарыга жарнаманын деле кереги жок. Деги эле дарыны же БАКты элге үгүттөө эч кандай этикага туура келбейт. Бир да өнүккөн өлкөдө тигил же бул дары биздегидей катуу жарнамаланбайт. Дарыга үгүттүн кереги жок. Аны адам ооруп калганда гана ичиши керек. Эгерде диагноз болбосо эмнеге бирөөлөр сунуш кылган дарыны же БАКты жан талашып чуркап барып сатып алышыңыз керек?

Барыктабасованын айтымында, азыркы тапта БАК бизнеси Интернет аркылуу жайылып, анын торуна чалынган калктын санын аныкташ оор. Ал ак халатчандардын БАК сатышына азыр тыюу салынса да, аймактардагы, жеке менчик бейтапканаларды, ооруканаларды бейтаптын арызы болсоюнча көзөмөлдөө өтө кыйын экенин да кошумчалады.

БАК саткандар эмне дейт?

Ал арада БАК бизнесинде ийгиликтүү иш алып барып, андан шыпаа таптым дегендер да кездешет. Алардын бири Айнура (аты өзгөртүлдү) БАКты салттуу медициналык дарыланууга кошуп колдонгонун, акыры жакшы натыйжага жеткенин айтып берди:

Дарыкана, Бишкек
Дарыкана, Бишкек

- Мисалы, мен Кытайдын "Тянь-ши" фирмасына эки жыл мурда киргем. Дал ошол кезде ооруп, ийне сайдырып жаткам. Жыл сайын неврологдорго көрүнүп айлам кеткен. Дарыгерлер ар кайсы дарыны жазып беришчү, башымдын сол тарабы ооруп, гайморит дешкен. Ошол маалда бир таанышымдын эжеси "Тянь-шиде" иштейт экен. Ага барып, дарыларын 18 миң сомго алдым. Аларды ичип баштагандан кийин дароо эле көзүм, башым оорубай калды. Азыр эми кальций, чай, көзгө тамыза турган дарылары, балдарга витаминдерин алып, тааныштарыма да сатып жатам. Догдурума айтсам, БАК менен дары кошулуп, организм ооруну жеңди деди. Кийин изилдеп карасам, айрым БАКтар эл аралык сыйлыктарды алыптыр.

Орусияда кошулмалардын сатылышын ооздуктаган мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. Ага ылайык бардык БАК заттары лабораторияда ырасталган тазалык, коопсуздук сертификаттары менен коштолуп, "дары каражаты эмес" деген эскертме чапталышы керек. Кыргызстанда мындай нускама болгону менен соодадагы кошулмалардын канчасы көзөмөлдөн өткөнү белгисиз. Алардын баа саясатында да чектөө жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG