Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:16

Бизде рактан сактанууга шарт бар


Рысбек Абдылдаев.

Ушу тапта дүйнөдө рак (өсмө) оорусуна чалдыккандар улам көбөйүп, коркунучтуу дарттын алдын алууга, ага себеп болгон шарттарды изилдөөгө көп акча коротулуп жаткан кез. АКШда жашап, иштеген белгилүү онколог Рыспек Абдылдаев рак оорусунан оолак болууга Кыргызстанда бардык шарттар бар деп эсептейт.

Рак (шишик) оорусу бир күндө эле пайда болбойт, ал кокустан пайда болчу инфекция же травма (жараат) эмес.

Эгерде оорунун диагнозу 45-60 жашка келгенде аныкталса, анда анын өзөгү мындан 30-40 жыл мурда пайда болгон, башкача айтканда ооруга адам 15-17 жашында чалдыккан. Анткени күн сайын биздин денебиздеги миллиондон ашуун клеткалар рак оорусунун башталышына багыт алат, бирок айыкпас ооруга айланбайт.

Жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, абдан маанилүү молекулярдык-генетикалык жана башка ички механизмдерибиз бардыгын кайтарып турат. Эгерде айрым бир күчтүү фактор (радиация, химиялык уулуу заттар, вирус же бактерия, дарылар, гормондор жана жашообуздагы кемчиликтер) таасир этсе, бир эле рак клеткасынан оору башталат. Алар тездик менен көбөйүп отуруп бир нече жылдан кийин шишик оорусу аныкталат, шишиктин тамыр-бутактары башка органдарга тарап кетсе (метастаза) жашоо аяктайт.

Рак оорулуу балдардын убалы кимге?

Рак оорулуу балдардын убалы кимге?

Республикалык онкология борборунун балдар бөлүмү рак илдетинен жабыркаган балдарды дарылабай эле өлтүрүп жатат деген мазмундагы Саламаттык сактоо министрлигине жолдонгон ачык кат массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка тарады.

Рак жугуштуу ооруларга кирбейт, болгону 10% жакын учурда гана бул дарт тукум куушу мүмкүн. Ооруга убагында, жаңы гана башталышында диагноз коюлушу абдан маанилүү, себеби туура дарылашса, андан сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Шишик оорунун эмнеден пайда болору аныкталган жана эң негизги эки себеп катары же 60-65% учурда ага тамеки жана биздин жашоо шартыбыз себеп болору далилденген. Тамеки бардык рак оорусунун ар бир үчүнчүсүнө себеп болот (30%). Өпкөнүн айыкпас дартына негизинен (90-95%) тамекинин азабынан чалдыгышат. Азыр кыз-келиндер арасында дагы чеккендер арбын, андыктан акыркы убактарда өпкөнүн рак оорусу эркектерге эле таандык болбой калды.

Дагы бир абдан маанилүү фактор, ар бир үчүнчү (35%) рак оорусунун себеби жашоо-шартыбызга байланыштуу. Биринчиден, бул биздеги инфекциялык оорулар. Мисалга, ашказандын рак оорусу элибизде эң көп кездешет. Бул жугуштуу ооруну ашказан бактериясы (Helicobacter pylori) козгойт, инфекцияны антибиотик менен дарыласа айыгат. Бактерия адегенде гастрит, бир аздан соң ашказандын жарасын жана шишикти пайда кылат. Helicobacter pylori табуу анча деле татаал эмес, дарылар да бар жана жетиштүү - табылышы да, баасы да анча кымбат эмес. Демек ашказандын рак оорусун болтурбай койсо болот.

Рак оорусуна, өзгөчө боордун рак оорусуна башкы себепкер - дагы бир биздеги кеңири тараган инфекция - гепатит В жана гепатит С. Бул эки вирус инфекциясынан айыктырган дарылар бар жана акыркы жылдары абдан жакшы ийгиликтер жаралды.

Азырынча, убактылуу фактор - бардыгы сакайып кетпейт жана кымбат баалуу дарыларды узак убакыт колдонуш керек. Андыктан абдан маанилүүсү жана пайдалуусу - илдеттин алдын алуу, башкача айтканда ооруга чалдыкпоо, жуктурбоо. Өзгөчө бул инфекцияны жайылткан ооруканалар, сулуулук салондору, тамак-аш жайлары, коомдук транспорт, башкалар - санитардык тийиштүү талаптарга муктаж. Бизде, мындан 30-40 жыл илгери, керектүү тартип-талап катуу болгондуктан, гепатит абдан аз кездешчү.

Элет жеринде, негизинен кыргыз аялдарында арбын кездешкен жыныстык органдардын рак оорусун жугуштуу вирус Human papillomavirus (HPV) пайда кылат. Бул инфекциянын алдын алса болот, дарысы да табылган - өспүрүм кыздарга атайын вакцинация жасалса рактын бул түрү азаят, жоюлат.

Акыркы жылдардагы саламаттык сактоо реформасындагы катачылыктан улам бул шишик оорусу өтүшүп кеткенде, адам кыйнала баштаганда гана аныкталып калды. Анын үстүнө негизинен радиоактивтүү нур менен дарылаш керек, оорунун азабы аз келгенсип радиациянын терс таасирлери организмди азапка салат. Маселени чече турган негизги багыт - мурдагыдай милдеттүү жана такай профилактикалык көзөмөл киргизиш керек жана мамлекеттин эсебинен каржылап, вакцинациялаш керек. Өнүккөн мамлекеттерде бул иштер жасалат, андыктан ооруга чалдыккандар абдан аз кездешет, бизден он-жыйырма эсе аз!

Акыркы төрт-беш жылда малдын эти (кой, уй, жылкы, башкалары) да рак оорусуна себепкер катары аныкталды. Эттеги канцерогендүү (рак пайда кылуучу) зат табылды, бирок этти тамак рационуна кеңири колдонууга байланыштуу илимий талкуулар жүрүп жатат.

Ал эми колбаса, сосиска, атайын даярдалган чочко эти (бекон) канцерогендердин расмий тизмесине тамеки менен катар киргизилди.

Беш бармак
Беш бармак

​Албетте, эт, балык, канаттуулар керек, маселе башкада - кандай тамак жеп атабыз? Бизге мунун тиешеси бар, анткени күн сайын бапырап той өтүп жаткан заман. Биздин дасторкондо эмнелер гана жок?! Майлуу эт, чучук, казы-карта менен кошо зыяндуу гормондор дагы желип жатат, алар организм үчүн абдан коркунучтуу.

Союлуп жаткан жылкыны, бодо малды азыр жаңыча багышат - аларды тез семиртиш үчүн атайын гормондор берилет. Тыштан келип жаткан, баасы арзан тоок эттери абдан зыян, пайдалануу мөөнөтү да өтүп кеткен жана химиядан (узак сакташ үчүн) башка сапаты калган эмес. Андыктан жебей эле койгон оң.

Балык фермаларын иштетүүдө да кемчиликтер бар. Батыш Европа мамлекеттеринде тонналап уулуу заттарды колдонгон учурлар катталган. Антпесе балыктар инфекциядан, курттардан кырылып калат.

Малды, канаттууларды, балыкты тез семиртиш үчүн жасалма тамактандырышат, азыгы негизинен химиядан турат. Өзгөчө орто жаштагылар арасында рак, диабет, инфаркт, инсульт жана башка дарттардын көбөйгөнү да ушундан. Тамак-аш биздин жаңы элита арасында негизинен өлчөмсүз желет, андыктан эткээл, тоголок беттүү жаштар да көбөйдү.

Адистер ичеги-карын, боор, уйку без, башка органдардын рак оорусу негизинен семиздерде кездешерин дайыма эскертип келишет. "Арыктагыла жана кыймылдагыла" - бул Эл аралык саламаттык сактоо уюмунун ар бир адам үчүн бирден бир эрежеси болушу керек деген негизги кеңеши.

Биздин медицинадагы негизги катачылыктардын бири - догдурларыбыз дарыларды абдан көп, негизсиз себептер менен эле колдонуп калышканы. Дарылар - бардык жерде, биздей кедей мамлекеттерде деле абдан зор, пайдалуу бизнес. Алардын зыяны да арбын, пайдасы дайыма эле ойлогондой боло бербейт. Дарылар - бул химия, адегенде мунайдан ойлоп чыгарылган, көбүнчө курамына уулуу заттар кирет, кээде дарылардан жаңы оорулар пайда болот, рактан башка дагы толгон-токой дарттар бар эмеспи.

Баса, азыр догдурларды дары сатканга үйрөткөн, окуткандар арбын - миллион, миллиард долларлык бизнести мыкчыган, дары чыгарган жана саткан компаниялар толтура. Көп жылдык тажрыйбасы бар адистердин пикиринде, бейтапка төрт-беш же андан көп дары беришкени -дарыгерлердин сабатсыздыгы же дагы башка максатты көздөгөнү.

Адам баласы болгону акыркы 50-60 жыл ичинде эле дарысыз (таблетка, тамчылатма, башка түрлөрү) жашабай калды, дарысыз өмүр сүргөн миллиондогон жылдар тарыхта калды, унутулду.

Бардыгыбыз дарылар менен төрөлдүк, өстүк-өндүк, ар кандай дары ичип жашайбыз жана бул химиялык каражаттардын кесепети баарыбызга тийет, себеби - орусча айтканда, «карты всем нам уже розданы». Рак жана башка айыкпас оорулар ушинтип көбөйө берет, ал эми келечек муундарга, укум-тукумга таасир тийгизчү арылбас дарттар, оңолгус генетикалык өзгөрүүлөр арбыйт. Эгерде мындан 100 жыл мурун 30 (отуз) кишиден бирөө (бир) рак менен ооруса, азыр ар бир үчүнчү киши өмүрүндө ушул ооруга туш келип калды, аутизмдин белгилери ар бир 50чү баладан табылып жатат, мурда болгону дүйнөдө 20 миң баланын бири ооручу.

Ден соолукка пайдалуу жашоо шарттары рак оорусун 90% чейин азайтат. Пайдалуу, адамдын организмине абдан керек азыктар мекенибизде арбын - жашыл капустадан жасалган салат рак клеткаларынын өсүшүн эки эсе азайтат, көк чай рактын дагы бир түрүн такыр пайда кылбайт, күнүнө бир бүтүн лимон желсе, иммунитетти көтөрүп, инфекция, рак жана башка ооруларга бөгөт болот. Эртең менен булактын таза суусун бир-эки кашык тоо балы менен ичсек пайдалуу, аарылар дүйнөдөгү абдан керектүү дарыны (бал) жасашат. Алма, өрүктүн кагы, жаңгак, карагат, сабиз, кымыз, ышкын... Бизде табигаттагы эң пайдалуу, дары чөптөрүбүз, жер-жемиштерибиз толтура.

Чет элдик досум, кесиптешим биздин тоолорду дайыма мактайт жана бир ирет менден сурап калды: "Силердин тоолордон пайдасыз, дарылык сапаты жок нерсе тапчы?"

Андай чөп жок. Ооба, дарылык сапат бардыгында бар - таза абасы жана суусу, толтура дары өсүмдүктөрү, жаныбарлары, жери...

Рыспек Абдылдаев, медицина илимдеринин доктору. АКШнын Калифорния штатында жашап, иштейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG