Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Таттуусуз жашоо тозок 


Рысбек Абдылдаев
Рысбек Абдылдаев

La vie est dure sans confiture - “Таттуусуз жашоо тозок”.

La vie est dure sans confiture же бизче айтканда “Вареньесиз жашоо кыйын”.

Бул ар бир француз колдонгон макал. Аны биринчи жолу немис жана француз тилдеринде жаза билген, бир топ жылдан бери катташып жүргөн батыштагы адабиятчы таанышымдан уккан элем. Бирок ал экөөбүз ушул күнгө чейин кофеге кант салбайбыз, варенье издеп убара деле болбойбуз. Ошентсе да жыл өткөн сайын бул макалдын мааниси терең экенине, нагыз турмуштан алынганына ынана баштадым.

Таттуу бизге сөзсүз керек. Ал жетишпесе же организмдеги көлөмү ченемден ашып кетсе адам ооруйт. Догдурлар үчүн кандагы канттын деңгээли негизги көрсөткүч.

Арактан азап тарткандар

Арактан азап тарткандар

Дүйнөлүк Банктын акыркы баяндамасына ылайык, Орусия менен Украина дүйнө жүзүндө аракты эң көп ичкен өлкө болуп табылды. Кыргызстан Өзбекстанды алдыга чыгарган эмес.

Бул сапар илимий иштер менен бир канча мамлекетте болуп кайттым. Алгачкы жолугушууну рак оорусу боюнча илимий изилдөөлөрдү жетектеген эл аралык уюм (Лион, Франция) Латвия университетинде өткөрдү.

Негизги максатыбыз - ашказандын рак оорусунун башкы себепкери болуп эсептелген Helicobacter pylori бактериясынан кутулуунун жолун издөө эле. Акыркы илимий маалыматтарга таянсак, бул бактерия биздин мекенибизде, айрыкча элетте жайылып кеткен.

Мындан улам ашказандын рак оорусу боюнча биздин мамлекет алдыңкы орунга чыккан. Батыш өлкөлөрүнө караганда залалдуу шишиктин бул түрү Кыргызстанда 1,5-2 эсе көп кездешет.

Медицина тармагынын маанилүү, пайдалуу максаттарынын бири - ушул Helicobacter pylori бактериясын дарылоо жана аны ооздуктоо.

Европа мамлекеттеринде ишке ашып жаткан атайын эл аралык программа бизге да жардам берүүгө даяр. Мамлекеттен, коомчулуктан колдоо болсо эле жакынкы жылдары жакшы иштер башталганы турат.

Кыргызстанда ашказандын рак оорусуна көпчүлүк убакта ал өтүшүп кеткенинден кийин диагноз коюлат. Бул кыргыз медицинасынын курч проблемасы. Дарт хирургиялык (операция) жана башка ыкмаларга баш бербей калат, бейтаптын ичер суусу ашып кетсе бир жылга жетет.

Эгер биз сөз кылып жаткан эл аралык атайын программа (GISTAR) ишке ашса, эки максатты орундатат элек - ашказандын рак оорусунун алдын алмакпыз, эрте диагноз коюп, дартты айыктырууга шарт түзүлмөк.

Ошол эле маалда элибиз да тамак-ашка кылдат маани бериши керек, майлуу жана жакшы сиңбеген азыктарды чактап жеп, колдон келсе булардан алыс эле болгону жакшы. Ичкиликти токтотсок, ашказан рагынын саны кыскармак. Анан калса жинди суу кыргызга башка элден келген жат нерсе эмеспи. Андан баш тартып койсок, ата салты бузулбайт.

Колбасада катылган айыккыс дарт

Колбасада катылган айыккыс дарт

Дүйнөлүк саламаттык уюму (ДСУ) колбаса жана чала бышкан эт адамда рак клеткаларын пайда кыларын жарыялады. Мурда ракты козгочу нерселердин башында чылым турса эми эт азыктары да анын катарына чыкты.

Соңку кезде элибиз арыдан бери кууруй койгон тамакка ыктап, камырга, фаст-фуд же тез татымга көнө баштады. Мунун кесепети оор болорун билсек деле жей берген адат таптык.

Жер-жемиш, айран-жармабыз, булак сууларыбыз жетиштүү. Кола, фанта же жасалма ширеден көрө балды, мөмө-чөмөдөн жасалган вареньени таза сууга аралаштырып ичип койсок, алда канча пайдалуу болмок.

Жашообузда үйдө жасалган мындай таттуулар көбүрөөк болсо, зыяндуу адаттардан арылсак, коомдо да бир топ жакшы өзгөрүүлөр болор эле.

Ичимдиктин айынан жол кырсыгы көбөйдү. Кээ бир аткаминерлер күндө тойго барып, ичкиликке ууланып жатат, сүйлөгөн сөзүнүн мааниси жок, жалган, бирине-бири тийишкен, коомчулукту жадаткан көрүнүштөрдү өнөр көрө баштадык.

Түрдүү программмалар жана кызыктуу маектер менен коштологон кийинки илимий сапарым Индияда уланды. Бул элдин салты боюнча конокко адегенде суу сунушат, дасторконду (индустар дагы дасторкон дешет, Бабурдун жоокерлери ала барса керек) жайгандан кийин сүттүү чай куят.

Анан үйдө, иште, атайын жолугушууларда, учакта, поездде айтор, кайда барба таттуунун түрү жайнайт. Индустар ичкиликке такыр жолобойт. Мындай жакшы көрүнүш биздин бала чагыбызда болгон, анда арак-шарап такыр жок эле. Кыргызга ичкилик Улуу Ата Мекендик согуштан кийин келген. Ооба, кан кечкен согушта спирт ичимдиктери кенен берилген, анын себебин маркум жоокерлер билбей деле калышпадыбы. Согуштун алгачкы маалында тигинден сеп эткизип коюп, “Стаке үчүн!” дегенде куралы жок согушкандар да болгон экен.

Акыркы он-он беш жылда индус кесиптештерим бир топ эл аралык деңгээлдеги ийгиликтерди жаратышты, өзгөчө рак оорусуна, гепатиттин С түрүнө жана башка айыкпас дарттарга каршы заманбап, таасири күчтүү дарыларды чыгарышты. Бул дарылар сапаты жагынан эл аралык стандартка жооп берет. Бирок баасы Европа, АКШ мамлекеттерине караганда 10-15 эсе арзан. Биргелешип илимий жана практикалык кызматтарды кылалы деген ойлорубузду Дели жана Бишкекте эки өлкөнүн элчилерине ортого салып, колдоо тапкандай болдук. Дагы жолугушалы дедик.

Учак менен Гималай, Памир тоолорунун жана Атлантика океанынын үстүндө баратканда ар кандай ойлор келет, келерки кездешүүлөрдө эмне жаңылыктар, ачылыштар болор экен дейсиң. Иордан элинин “Дайыма жолдо, сапарда болгун. Оору менен ажал таппасын” деген жакшы макалын эстедим. Сапардагы ойлорум узак жолду кыскартат, жашоодогу көптөгөн окуяларды тасмага түшүргөндөй эске салат. Негизи сапарга чыккан жакшы эмеспи. Көп пайдалуу нерселерди жолуктурасың, жашооң маанилүү, кызыктуу болот. Досторуң көбөйөт, билимиң жогорулайт, турмушка болгон көз карашың тереңдейт. Француздар айткандай жашоо таттуу болот.

Узак жолдо көз алдыма айылдагы алгачкы мектебим, классташтарым менен мугалимдерим келет. Биздин муун мектепти алгач аттаганда электр жарыгы келе элек болчу, биз электр бар экенин билбесек деле керек. Сабакка керосин лампанын жарыгы менен даярданчубуз. Биз анчалык карый элекпиз, болгону балалыгыбыз алыскы кыргыз айылда өткөнүн туура түшүнүңүз. Биз башкача билим алдык, мен эмдигиче калькулятор колдонбойм, бизди өз ишин өтө сүйгөн агай-эжейлер окуткан экен. Өткөн кылымдын 60-жылдарында айылыбызга кечкисин үч-беш саатка электр жарыгы берилди. Анын артынан радио жетсе, телевизор биз орто мектепти аяктап жатканда келген. Тез эле коомубуз технологиянын дооруна кирди, азыр интернет абдан өнүктү, аны менен жашообуз да тез өтө баштады.

Интернеттеги толгон-токой маалыматты кеңири колдонуп калдык. Дагы кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр бар, эмне ачылыштар жасалат? Ооба, интернет технологиясы бардыгыбызды алга жетелеп, акыры семантикалык жана нейрологиялык интернет технологиясына барабыз. Бирок мен бул жолду колдой албайм деген ойдогу азчылыктын арасындамын. Менин кесибим, топтогон билимим жана өмүр жолум буга каршы. Кийинки технологиялар адамзатты катуу өзгөртүүлөргө такап койсо эмне болот деп чочулайм. Эгерде жашообуз интернетке, кийинки жаңы технологияга багынып берсе, биз болсо ошол технологиялар чыгарып берген чечимдер менен эле жашап калсак турмуш кызыгын жоготпойбу? Музыка, искусство, экономика эле эмес, калганынын бардыгы багынып берсечи? Биз үчүн бардыгын болочоктогу интернет технологиялар чечип калса кандай заман болот? Жашоонун таттуусун жоготуп албайбызбы? Таттуусуз жашоо кызыкпы?..

La vie est dure sans confiture!

Рысбек Абдылдаев, АКШдагы кыргыз профессору

XS
SM
MD
LG