Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Өмүр үчүн өмүрүн арнаган...


Академик Алмаз Алдашев
Академик Алмаз Алдашев

Арабыздан кыргыздын мыкты илимпозу, академик Алмаз Алдашев келбес сапарга аттанды. Ал өмүр жолун, билимин - биотехнология адистигине, адамдын жашоосун узартууга арнаган эле.

Биотехнология - мамлекеттердин сыймыктанган инновациялык технологиясы, ал аркылуу акыркы 10-15 жылда адам өмүрүн сактап калган, ооруларды жеңе билген көп илимий ачылыштар болду.

Азыр интернеттин жана биотехнологиянын заманы, бул эки тармак тең ийгилик жаратууда.

Алмаз Алдашев – эл аралык белгилүү окумуштуу. Анын илимий эмгектери жүрөк-кан тамыр, өпкө жана башка органдардын ооруларын изилдеген атайын молекулярдык механизимдерге арналган. Алмаз Алдашев АКШнын Колорадо штатында жана Кыргызстанда бийик тоолордо жашаган адамдарга терең изилдөө жүргүзгөн, ал калтырган илимий эмгектер азыр абдан маанилүү. Алмаз англис тилинде таза сүйлөп, өз оюн жеткиликтүү жаза билчү.

Алмаз Алдашев окумуштуу – окутуучу, мугалим эле. Ал даярдаган кыргыздын мыкты, жаш адистеринин бир тобу азыр башка мамлекеттерде эмгектенишет. «Кантип кармап калам, айлыктары абдан төмөн, илимден башкага барбаган жаштар болсо» деп кейип калчу. Азыр бул жаш илимпоздор чет элдеги белгилүү илимий коллективдерде эмгектенет, алар агайына, окутуучусуна дайыма ыраазы. Шакирттери менен кездешип калган учурда Алмаздын жарпы жазыла түшчү. "Алдашев келиптир" дегенди укканда Европада же Америкада иштеген окуучулары сөзсүз ага жолугуп, мугалимин сүйүнтүп күтүп алышчу. Азыр алар орду толгус жоготууга кайгырып, жетимсиреп турушат.

Алмаз Алдашев кыргыздын чыныгы патриот инсаны эле. Ал бирөөлөргө жагалданып же жалтактачу эмес. Өзү түзгөн жана өмүрүн арнаган илимий институтун сактап калды, алсыратпады. Бул институтту убагында жапканга аракеттер да болду. «Акча жетпейт, кедей мамлекетке илимдин кереги жок» дегендер азыр деле арабызда толтура. Эгерде ал жетектеген илимий мекеме жоюлуп кетсе, Кыргыз мамлекети медицина илимин таптакыр жоготорун, кайра эч качан түзө албасын Алмаз жакшы билчү.

Алмаз менен жекече мамилем бар эле, атасын да жакындан билип калдым. Балдарыбыз бир мектепте окуган, өмүрлүк жары кесиптешим, кайнатасы менин окутуучум эле. Кийинчерээк АКШда, Калифорниянын биотехнология компанияларында чогуу болдук, анын илимий баяндамаларынын талкуусуна катыштым. Алмаз Алдашев менен кезигип, сүйлөшүп калган кесиптештерим "мындай мыкты илимпоздор чанда, көптү билет турбайбы" деп дайыма айтып калышар эле. "Силердин мамлекетте ушундай адамдар бар болгону менен сыймыктансаңар болот, Алмаз Алдашев менен келечегиңер кенен, негизги максатыңар туура жолдо экен", - дешчү.

Алмаз ачык анан таза адам эле. Азыркы технологияларды абдан жакшы өздөштүргөн, билимдүү, көрөгөч жетекчи болчу. Кызыктуу маектеше билчү. Сөзүнө бекем турган, ишке жоопкер, жөнөкөй жана бардыгына эшигин кенен ачкан окумуштуу эле. Акыркы жолугушуубузда Алмаз абдан кыйналып турса да убактысын бөлүп, келечекте аткарылчу биргелешкен илимий долбоорлорго токтолгон элек.

"Дарылансаң боло, өзүңдү жакшылап карачы",- дедим. Бирок Алмаз экөөбүз тең анын оорусунун сырын жана кесепеттерин жакшы билер элек. Акыркы кездешүүбүз биринчи жолу ачылбаган сырлар менен аяктады, бат эле байланышыбыз үзүлдү. Акыркы жазган электрондук каттарым жоопсуз калды, бирок айтып кеткен мурастарын өзүмдүн интернет баракчамдан, башка даректерден алдым. Алмаз "илимий институтту сактап калгыла, жойдурганга жол бербегиле" деп керээз калтырды.

Илимий изилдөөсүн өмүргө арнаган - Алмаз Алдашев, академик, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу, эң башкысы жакшы адам арабыздан кетти.

Алмаздын жашоодогу тагдыры ар кандай ойлорду жаратат, замандын башкача болуп баратканына жооп издейсиң. Алмаз Алдашев кандай сырларды өзү менен кошо ала кетти экен? Анын ордун татыктуу баса турган кыргыздын жаш окумуштуулары чыгаар бекен? Илимге кызыккан жаштар кайдасыңар?

Негедир азыр көпчүлүктүн максаты - мансап жана байлык болуп калды. Бирок өлүм алдында алар эске алынбайт. Тирүүлүктө байлык, мансап менен такыр байланышы жок бир нерсе бар. Байлык менен адамды иштетип коёсуң, жалдап аласың. Бирок бир дагы адам сенин ооруңду өзүнө албайт, ага кудрети да жетпейт. Жоготуп алсаң, табылгыс бир гана маанилүү нерсе бар – бул өмүр.

Алмаз Алдашев басып өткөн бийик жолго, өмүргө арналган илим жолуна умтулалык...

Рысбек Абдылдаев, АКШдагы кыргыз профессору.

XS
SM
MD
LG