Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

"Жер ээн болсо доңуз дөңгө чыгат"


Рысбек Абдылдаев
Рысбек Абдылдаев

Учурдагы саясий кырдаал тууралуу Рысбек Абдылдаевдин пикири.

Элибизде абдан сейрек айтылып калган ушундай макалды Кыргыз эл жазуучусу Касымалы Жантөшев жараткан "Каныбек" романынан табасыз. Бул чыгармасын автор тарыхый окуялардын күбөлөрүн издеп, өлкөбүздүн алыскы жерлерин кыдырып, карапайым элибиз менен бирге жашап, болочок чыгармасын "ийне менен кудук казып" жүрүп жазган. Атам менен жакын мамиледе болгонунан Касымалы аваны жакындан билчүмүн.

Жантөшевдин киндик каны тамган Тепке (жанындагы кичи тоо комуздун тепкесине куду окшош) жана коңшу Курбу (Моңолдор) айылдарын кошкон Үлгү колхозунда менин ата-энемдин жаштыгы өткөн. Тепке айылынын экинчи аты - Теңизбай.

Бир топ чыгармачыл адамдардын кичи мекени - белгилүү жазуучулар, ырчылар, журналисттер, илимпоздор чыкты. Мамлекеттик, коомдук ишмерлер: министрлер, депутаттар, эмгеги сиңген мугалимдер, мыкты доктурлар, башка адистер дагы ушул кичинекей айылдан алгачкы турмуш кадамын башташкан.

Касымалы ава ошол жылдардын биринде "Каныбек" романына окуяларды чогултуп, тактап жүрүп Теңизбай элин алыстагы түштүк тоолордун арасынан жолуктуруп, Тепкедеги туугандары менен бириктирген болчу. Теңизбай уруусунун минтип бири түндүктө Тепкеде, башкалары алыста Кара-Кулжада отурукташып калганы кандайча, кайсы кылымдарда жана ага эмне себеп болгон?

Борбор калаада Касымалы Жантөшевдин меймандос үйү бар эле. Дасторкон үстүндө Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Абдылас Малдыбаев баш болгон кыргыздын белгилүү интеллигенция өкүлдөрүнүн көбүн жолуктурдук. Алардын бардыгын "Тепкеден туугандарым келиптир" деп чогултуп, айылыбыздын даамдуу жемиштеринен, эт-ашынан даам таттырчу. Түн бир оокумга дейре залкар акын-жазуучуларыбыз, маданият ишмерлерибиз абдан кызыктуу окуяларды ортого салышып, элибиздин тарыхтагы жолу, чыгармачылык тууралуу кенен баян курушчу.

Мындай интеллигенциялардын, акылмандарыбыздын эстен кеткис, абдан кызыктуу жана маанилүү маектешүүлөрүн биз азыр билбейбиз, кездештирбейбиз. Азыр заман башкача, такыр өзгөрдү - болгону чейрек кылымдын ичинде сөздөрүбүз, ойлорубуз майдаланды, убактыбызды маанисиз окуяларга, башкаларды жамандоого жана ушактоого коротуп калдык. Бүгүн "бийликке ким келет экен, ким президент болот" деген суроонун тегерегинде эле жашайбыз. Ачыгын айтсак кимиси президент болот - пешенесине небак жазылган, аты-жөнү такталган.

Буюрса жакында бир аз күндө шайлоо да аяктайт, ызы-чуу кылам дегендер тыныгышат, бирок бири да бул сапар кызматка илинишпейт. Убакыт башкаларга келди, буюрса, бийлик жаңыланат, жашарат.

Анын үстүнө кызматын жыйынтыктап жаткан ажобуз "өзүм менен тигилерди ала кетем" дебедиби. Ошондой эле болсун, сөзүнө туруп берсе элине унутулгус жакшылык жасайт.

Келерки бийлик туура, адилет, мыйзам жолду тандасын, жакшы иштерди ийгиликтүү ишке ашырсын, жерди ээн калтырбай иштетип, бардыгын ишке салсын. Бийликке татыктууларды, өлкөдөгү жана сырттагы элине талбай кызмат кылчу жаштарды көбүрөөк тартсын, аларды тарбияласын жана өстүрсүн.

Жер - биздин айылыбыз, мекенибиз, биз жашаган дүйнөбүз, ааламыбыз. Бардыгыбыз жерден пайда болдук, түбөлүккө бара турган жайыбыз да жер. Жерлерибизди таштабайлы, башкаларга сатпайлы, сактайлы. Эч качан жер-жер болуп бөлүнбөйлү. Жерибиз, дем алган абабыз жана ичкен суубуз бөлүнгүс болуп жаралган. Айылыбызда, өлкөбүздө дайыма жер ээси болсун. Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Ысык-Көл жээктерин бөтөндөргө бердирип салган жоруктар кайталанбасын.

Үзөңгү-Кууш кечээ эле, негизсиз сынга кабылып калган кеңеш өкмөтүнүн, СССРдин доорунда "чымчык өткөрбөй" кайтарылган, сакталган кыргызга гана таандык жерибиз болчу. Чек арабыздан малдарын коңшулар "билбей" өткөрүп жибергенде борбордон, Москвадан башкы чек арачы, армиянын генералы өзү аскерий тик учагы менен келип, бардыгын кайра орду ордуна койдурган окуяга биздин ата-энелер күбө болушкан. Анда кайсы себептен Үзөңгү-Кууш кыргыздын жери болбой калды?

Каркыра илгертен кыргыздардын жайлоосу, жайкысын конокторду, өзгөчө боордош казактарды сыйлаган жерибиз болгон. Биздин ата-энелерибиз, өзүбүз жылына сагынып барып турган, алыстан келген атактуу инсандарды, улут сыймыгын суктантып көргөзүп турчубуз. Космонавттар, композиторлор, жазуучулар, окумуштуулар гана эмес, ар кандай чет элдин башчыларына дейре келип кетишкен. Биздин үйүбүздө конок болгон композитор Дмитрий Шостаковичти белгилүү Төрөбай Кулатов ээрчитип келген эле.

Анда неге Каркырага азыр тосмолор коюлду, сууну кечкис кылып салышты?

Ысык-Көлдүн алтын кумдуу жээктерин эмне себептен башкаларга берип салдык? Талашка салгандай чек аранын сызыгына жакындабаса тарых алдында буга кимдер жооп беришет?

Жер ээн болбосун, доңуз дөңгө чыкпасын!

Жер-жерге бөлгөндөр, жол тоздургандар, жеп-жуткандар, ойлору бузукулар, жалган ушак чогулткан "доңуздар" бийликке келбесе экен.

Рысбек Абдылдаев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG