Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 01:13

Бишкекте Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы кургак учукка каршы күрөш боюнча эл аралык симпозиум башталды.

Бишкекте өтүп жаткан эки күндүк илимий симпозиумда Саламаттык сактоо министрлиги, Республикалык фтизиатрия борбору жана эл аралык "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун өкүлдөрү Кыргызстан менен Борбор Азиядагы кургак учукту токтотуу жолдору тууралуу сөз кылышууда.

Кыргызстанда балдар арасында кургак учук менен ооругандардын саны туруктуу экенин Республикалык фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров маалымдады:

- Эгер 2011-жылы 100 миң баланын ичинен 84ү кургак учукка чалдыкса, 2017-жылдагы эсеп боюнча бул көрсөткүч 20 бала болду. Бул 2011-жылга салыштырмалуу кургак учук менен ооруп калган балдар төрт эсе азайды деген сөз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Беш жашка чейинки балдардын дээрлик 96 пайызы кургак учукка каршы эмдөөдөн өтүп жатат. Кадыров диний көз караштан улам эмделбеген балдардын көбү кургак учуктун менингити сыяктуу оор илдеттерге кабылып жатканын баса белгиледи.

Дартты аныктоодо балдар арасында молекулярдык-гендик негиздеги жаңы, заманбап ыкма пайдаланылып жатат.

Эң күчтүү дарыларды тоготобу же жокпу, аны аныктоо мурда убакытты талап кылса, азыр эки сааттык жумуш болуп калды.

- Мурда какырыкта таякча барбы, ал дарыларга сезгичпи деп, айтор анын туруктуулугун аныкташ үчүн үч-төрт айлап лабораториядан күтчүбүз. Азыр "Платформа Ген Эксперт" аттуу диагностикалык ыкма менен баланын шилекейинен эле кургак учуктун таякчасын, анын кайсы дарыларга туруктуу же туруксуз экенин, микобактериянын ДНКсын эки саатта эле аныктайбыз. Эң күчтүү дарыларды тоготобу же жокпу, аны аныктоо мурда убакытты талап кылса, азыр эки сааттык жумуш болуп калды, - деди Кадыров.

Ал эми Кыргызстандагы "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун медициналык координатору, догдур Назгүл Самиева дарылоонун өтө натыйжалуу каражаттары бар экенине карабай, ага баарынан көбүрөк муктаж болгондор, анын ичинде балдар жете албай жатканын белгиледи. Адис азыр балдардын салмагына, организмине ылайыкташкан атайын өзүнчө заманбап дарылар колдонулуп жатканын айтты:

- Балдардагы кургак учукту дарылоо жаатында жаңы дары формалары иштелип чыгууда. Негизи дүйнө жүзү боюнча ал дары формалары сунуш кылынган эле. Себеби, жаш баланы дарылаш үчүн чоң кишинин дарысын эки бөлүп, талкалап, сууга эзип берчү элек. Балага антип ичиш, дарынын дозасын сактоо кыйын болуп келген. Ошондуктан заманбап дарылардын мезгили келип жетти.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев Республикалык фтизиатрия борборундагы молекулярдык гендик дарт аныктоочу ыкмадан тышкары медициналык бардык жайларда, мектептерде, бала бакчаларда медайымдар жана дарыгерлер баладагы оорунун белгилерине көз саларын кошумчалады:

- Миллиондон ашык эли бар Бишкекти эле карасак, ар бир бейтапканага бекитилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Ар бир мектепте дарыгер, медайым иштейт. Балада жаңыдан оорунун белгиси пайда болуп калса, маселен жөтөлүп, алсырап, дене табы көтөрүлсө, дароо адистерге кайрылуу керек. Мындай балдарга эне-ата, мугалимдер көңүл буруп, баланы өзү бекитилген бейтапканасынан текшертиши керек. Буга кошумча жыл сайын профилактика иретинде ренгтенден да өткөрүп турабыз.

24-март - Эл аралык кургак учук менен күрөш күнүнө карата март айында Кыргызстанда бул оору жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, профилактика жагына көңүл бурулмакчы.

Илимий симпозиумда дарыга туруктуу кургак учукту айыктырыш үчүн бедаквилин жана деламинд аттуу эки жаңы дары киргизилип жатканы айтылды. ДСУнун 2016-жылдагы эсеби боюнча 2016-жылы 7995 адамда дарт алгач ирет аныкталган.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион киши, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG