Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Батыралиев: Миграция кургак учукту ооздуктоого жолтоо болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы жана ички миграция Кыргызстанда кургак учукту көзөмөлдөөгө тоскоолдук кылган факторлордун бири болуп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн Бишкекте Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уюштурган жыйында айтты.

Ал ошондой эле эпидемиологиялык абал оңолуп келе жатканы менен кургак учукка чалдыккандар, андан каза болгондор боюнча кырдаал оор экенин билдирди.

Быйылкы жылдын алгачкы алты айында кургак учук менен биринчи ирет катталгандар азайганы белгилүү болгон. 2 540 кишиге биринчи жолу ушундай диагноз коюлуп, бул көрсөткүч былтыркыдан 44 кишиге азайган.

Жүз миңдеген кыргызстандыктар учурда чет жакта эмгек мигранты болуп жүрүшөт. Көбү Орусияда жана Казакстанда. (RK)

XS
SM
MD
LG