Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Ошто имамдар кургак учук боюнча билим алышты


Оштогу имамдар. Архивдик сүрөт.
Оштогу имамдар. Архивдик сүрөт.

20-21-январда Ош шаарында Ноокат, Араван, Өзгөн, Алай райондорунун имамдарынын катышуусунда кургак учукту дарылоо боюнча семинар өттү.

Семинар учурунда кургак учук оорусу тууралуу дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы маалыматтар айтылып, дарттын белгилери, аны дарылоо жолдору тууралуу маалымат берилди. USAID уюштурган бул иш-чара "Кургак учукту жеңебиз" аттуу долбоордун алкагында аймактарда ишке ашууда. Ооруга чалдыккандарды кемсинтпей, бөлүп-жарбай, коомго аралаштыруунун жол-жобосу да айтылды.

Тренингдин алкагында 25 имам Кара-Суу районунун Шарк айылындагы "Сарназар" мечитине барышып, намаздан кийин ага келгендерге кургак учук боюнча акыл-насааттарын айтышты. (BCh)

XS
SM
MD
LG