Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Коронавирустан үйдө дарылануунун ыкмалары


Аида Зурдинова.
Аида Зурдинова.

Коронавирустун белгилери пайда болору менен эн негизгиси дароо башкалардан обочолонуш керек. Дартты дарылоо протоколунда негизги басым тромбдун пайда болушунун алдын алуучу препараттарды колдонууга жасалган.

Азыр вирустук пневмония тарагандыктан, кээ бирлер кеңеш берген антибиотик терапиянын экинчи планында турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Аида Зурдинова айтып берди.

- Ооруп калганда азыр биринчи кезекте эмне кылуу зарыл?

- Калкыбыздын 80% коронавирустун жеңил формасы менен ооруп жатат. Көбү дене табы көтөрүлгөнүн айтат, башкалары температура болбойт, дагы бирөөлөрдүкү субфебрилдик же 37,5 градустун айланасында болот. Мурдунан суу агышы мүмкүн. Андай болсо көп коркпой эле лаборатория издеп чуркоонун кереги жок. Тилекке каршы, тесттердин вирусту аныктоо жөндөмүн баарыбыз көрдүк. Жыйынтыгы 100% туура чыгат деген кепилдик жок. Андыктан оорунун белгилери пайда болору менен биринчи кезекте башкалардан алыс болуп, обочолонуш керек. Өзүнчө бөлмөгө жатып, идиш-аякты да бөлүп койгон оң. Экинчиден бардык санитардык эрежелерди сактап, колуңарды бат-бат жууп, үй-бүлөдөгүлөр пайдаланган орток бөлмөлөргө чыкканда маска тагынып, үйдү тез-тез шамалдатып, жууп, тазалап тургула. Дене табыңар көтөрүлсө парацетамол же ибупрофен өңдүү температураны түшүргөн дары ичиш керек. Дагы бир маанилүү учур - жылуу суусундукту бат-бат ичип турууну унутпаш керек .

- Пневмонияга же дарттын башка оор формасына жеткирбеш үчүн эмне кылуу зарыл?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Эң негизгиси мурдуңардан суу агып, тамагыңар кычышып же жеңил жөтөл өңдүү белгилер пайда болору менен сыртка чыкпагыла. Сөзсүз төшөктө жаткыла деген жокмун. Суюктуктан көп-көп ичиш керек. Анткени канды суюлтуп туруу абзел. Себеби вирус канды коюлтуп салат. 20 жаштан улуу кишилерге кадимки аспиринден ичип тургула деп кеңеш берет элем. Бирок ашказандын жарасы же канга байланышкан оорулар жок болсо гана ичиш керек. Күнүмдүк дозасы 75-325 миллиграмм. Бул дарыны оңой эле сатып алса болот. Профилактика иретинде ичсе зыяны болбойт, тескерисинче пайда алып келет. Анан жөн эле жатпай кыймылдап туруш керек. Ошол эле бөлмөнүн ичинде эки жакка басып тургула. Дем алуу көнүгүүлөрүн жасагыла. Организмге күч келтирбестен, жеңил көнүгүүлөрдү жасаса болот. Өзүңөрдү карап, дененин температурасын байкап турса, оору өтүшүп кетпейт.

- Жөтөл болсо какырыкты жибиткен дарыларды ичип туруш керек ко?

- Ал жөтөлгө жараша болуш керек. Мисалы, жөтөл кургак болсо, адам сүйлөгөндө кыйналып, түн ичинде уктаттырбаса, анда жөтөлдүн дарысын ичиш керек. Мисалы, чөптүн негизинде жасалган либексин же коделак болушу мүмкүн. Жакшы жардам берет. Көп суусундук, ушул дарылар менен чыгып кетсе болот.

- Айталык, болбой эле илдет пневмонияга алып келди дейли. Анда кандай кылыш керек? Мына, кечээ эле урматтуу академик «ооруп калганда эле антибиотик ичиш керек» деп кеңеш берип жатты...

- Мен андай кеңешке караманча каршымын. Иш көп болуп, жооп бергенге кол тийбей жатат. Бул абдан туура эмес. Каалаган киши эле чыгып кантип дарыланыш керек экенин үйрөтө берсе эмне болот? Кантип дарылаш керек экенин айтыш үчүн адегенде оорунун патогенезин (пайда болуу механизмин) билүү зарыл. Этиологиясы (оорунун пайда болуу себеби жана шарты) бүгүнкү күндө белгилүү. Биз илдетти козутуучуну азырынча жок кыла албайбыз. Себеби препараттар эксперименталдык түрдө чыгарылып атат. Азыр бардыгы изилдеп-аныктоо баскычында, натыйжалуулугу далилденген дары-дармек жок. Бирок илдет тромб пайда болуу, өпкө артериясынын тромбоэмболия болуу коркунучун жогорулатат. Андыктан азыр терапияда антикоагулянттарга (кандын уюп, тромбдордун пайда болушуна жолтоо болуучу химиялык заттарга) жана антиагренттарга (тромбдордун пайда болушунун алдын алуучу препараттарга) басым жасоо зарыл.

Антибиотик бейтаптын дене температурасы суюктук, парацетамол ичкенине карабай 5-7 күн түшпөсө, жөтөлү күчөсө, аба жетпей аткандай сезим пайда болсо карала баштайт. Ошондо да ийне эмес, таблетка түрүндөгү дары бериш керек.

Айрымдар тамырга же булчуңга ийне сайып же тамчылатма коюш керек дешет. Негизи үйдөн андай процедураларды кылуу кооптуу. Мына, азыр күндүзгү стационарларда тамчылатма коюп жатышат. Ал жактарда талаа шартында иштешет, бейтаптын ошол антибиотикке аллергиясы барбы же жокпу, эч ким текшерген жок. Анафилактикалык шок болсо эмне болот?

Өзүң травматолог болуп туруп, бүтүндөй өлкөгө «биринчи кезекте антибиотик керек» деп айтуу таптакыр туура эмес. Бул пневмококк же гемофил таякчасы, энтерококк же башка бактериялар козуткан пневмония эмес. Биз азыр вирустук пневмонияга күбө болуп келатабыз. Эмне үчүн 5-7 күндөн кийин антибиотикке өтүүнү караштырабыз? Себеби өзгөчө ар түрдүү өнөкөт оорулары бар адамдарда вирустук инфекцияга бактериалдык флора кошулуп кетиши ыктымал. Ошол адамдарда андай коркунуч жогору. Бирок бардыгына эле «биринчи күндөн тартып антибиотик ич» деп оңго-солго кеңеш берүү туура эмес. Антибиотик вирусту өлтүрбөйт да. Ал кезде негизги дарылоо - тромбдун пайда болушунун алдын алуу көңүл сыртында калып калат.

Эң өкүнүчтүүсү - биздин академиктер ошентип айтса, башаламандык пайда болот. Инфекционисттер жана биз антикоагулянтка басым жасаш керек, антибиотик дарылоонун экинчи планында турат деп келатабыз. Эл болсо жогорудагыдай кеңештерди угуп алып, жабыла өздөрү билгендей антибиотик иче башташат. Мен мындайга каршымын.

- Бирок азыр көбү дарыгерлерге жете албай жүрөт. Адис дарылоону адатта кайсы антибиотиктерден баштайт?

- Антибиотик пероралдык же иче турган болуш керек. Мен дайыма лекция окуганда да дарыгерлерге «эң жөнөкөйүнөн башташ керек» деп баса белгилеп келем. Бул пенициллин тобу - амоксициллин, ампициллин. Алар канга көп сиңбейт, заара, кан, заң менен организмден чыгат. Бирок бейтаптын аллергиясы жок экенин так билиш керек. Дагы бир маанилүү учур - антибиотик ичип, бирок үч күндөн кийин температура түшпөсө, бейтаптын абалы оңолбосо же тескерисинче начарласа, анда ал антибиотик таасир этпейт, аны алмаштырыш керек дегенди билдирет. Экинчи антибиотикти да ушинтип байкап туруу зарыл. Бейтап үч күндөн кийин өзүн жакшы сезип калса, уланта бериш керек. Жакшы болбосо, анда дагы алмаштырыш керек. Дарыгерлер мына ушундай жол-жобо менен дарылашат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG