Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Коронавируска чалдыккан адамды кодулабайлы


Ош шаары. (Иллюстрациялык сүрөт)

Ошто жаңы төрөгөн, коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 34 жаштагы келин 1-июль күнү 3-кабаттан боюн таштап каза болду.

COVID–19 илдетин уят катары көргөндөр, ушунун айынан ооруканага кеч кайрылгандар бар.

Адистер коронавирус менен ооругандардын психологиялык абалы оор болуп жатканын айтышууда.

1-июль күнү 29-июндан бери COVID-19 инфекциясы жугуп, дарыланып жаткан келин терезеден боюн таштап каза болду.

Маркум ушул жылдын 25-июнунда көз жарган. Өзү дарыланып жатканына байланыштуу наристеси апасынын колунда болгон.

«Оор абалда дарыланып жаткан аял терезеден секирип, натыйжада окуя болгон жерде каза болду. Учурда Ош ШИИБинин атайын иликтөө тобу дарыгерлер менен бирге келиндин эмне себептен мындай ишке барганын иликтеп жатат. Атайын экспертизалар да дайындалды. Анын акыркы байланышкан адамдары менен сүйлөшүп, психологдордон тиешелүү кеңештерди күтүп жатабыз. Өлүмдүн себебин аныктоо иштери жүрүп жатат», - деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Бул Кыргызстанда коронавирустан каза болгон адам өз жанын кыйган алгачкы учур. Адистер келиндин мындай кадамга барышынын себебин психологиялык абалына байланыштырышууда.

Психолог Жакшылык Жыргалбековдун оюнда, COVID-19га байланыштуу өз жанын кыйгандар өтө сейрек кездешет. Бирок пандемиянын кесепетинен психологиялык абалы начарлап, адистерге кайрылгандар көбөйгөн.

Жакшылык Жыргалбеков.
Жакшылык Жыргалбеков.

«Коронавирус жугузуп алганын билгенден кийин өз өмүрүнө кол салгандар болгон, - деди ал. - Мисалы, Индияда ушундай учур катталган. Бул аял жакында эле төрөгөн экен. Төрөттөн кийинки депрессиянын белгиси бар. Ошонун негизинде болушу мүмкүн деп эсептейм. Ар бир адамдын психикалык өзгөчөлүктөрү бар да. Ага да көңүл буруу зарыл».

«Ооруну кабыл алыш өтө кыйын»

Психологдор COVID-19ду жугузуп алгандар кыргыз коомунда стигмага (калыптанган терс түшүнүктөн улам кодулоого) дуушар болуп келгенин айтып жатышат. Жыйынтыгында бейтап жана анын жакындары психологиялык басымга учурайт экен.

Буга чейин коронавирус жугузуп алууну уят көрүп, жашырып, ооруканага кайрылбай жүргөндөр да болгон. Акыркы күндөрү таанымал кишилердин арасында оорусу жөнүндө ачык айтып, элди санитардык талаптарды сактоого чакыргандар арбыды.

Алардын бири - Ош мэриясына караштуу жаштар иштери боюнча комитеттин кызматкери Санатбек Зарипбек уулу.

Ал өзүнөн COVID-19 табылгандан кийин айланасындагыларды ойлоп, аларга кыжаалат болгонун айтты:

Санатбек Зарипбек уулу.
Санатбек Зарипбек уулу.

«Үй-бүлөмдүн анализи кандай чыгат болду экен? Жумуштагылар да «сыркоолоп жатабыз» деп айтып жатышты. Аларды да ойлонуп, мага психологиялык жактан аябай оор болду. Мен аркылуу алар да ооруп калса кандай акыбалда болом деп кыжаалат болдум. Оорудан өзүм да аябай кыйналдым, ушунча түйшүктүн не кереги бар? «Өлөт деген ушу турбайбы» деген акыбал болот экен. Ооруп, кыйналып, бут ички органдарың эзилип, жата берип жамбаштарың талып, денең бошоп, өзүңдү башкача сезип калат экенсиң».

Адистер ооруну жашыруу же илдет жуккандарды басмырлоонун, алардан чочулоонун же вируска ишенбөөнүн кесепети оор болорун башынан эле эскертип келишет.

Ош шаарында карантин киргизилген учурдан тартып эле психологдор бекер жардам көрсөтүүнү чечишкен. Алар ушул күнгө чейин телефон аркылуу үч тилде кеңеш берип келатышат.

Психолог Акчач Жолдошева мындай учурда ооруган кишинин жакындарынын көмөгү бири-бирине өтө зарыл деп эсептейт.

Акчач Жолдошева.
Акчач Жолдошева.

««Атам-апам жалгыз жашайт. Экөө тең ооруп жатат. Кимге, кайсы дарыгерге кайрылам? Чалсам эч ким албай жатат» дегендер болуп жатат. Биз телефон аркылуу «эң биринчи кезекте сиз өзүңүз дүрбөлөңгө түшпөңүз, болбосо ооруп каласыз» деп сооротуп жатсак да укпай жатышат. Мындай кырдаалда бири-бирибизге көңүл айтып, бири-бирибизди колдобосок болбойт», - деген кеңешин берди Жолдошева.

Ошондой эле ал пандемиянын кесепетинен стресске кабылган, депрессияга түшүп калган жарандар көп экенин кошумчалады.

Ушул жылдын май айында Бириккен Улуттар Уюму коронавирус пандемиясы адамдардын психикалык саламаттыгына байланышкан чоң глобалдык кризиске алып келиши ыктымал экенин эскерткен.

14-майда жарык көргөн чакан баяндаманын авторлору элдин көбү вирусту өздөрү же жакындары жугузуп алып өлүп калат деп сарсанаа болорун белгилешкен.

«Экономикалык кыйынчылыктар кошумча стресс жаратууда. Ушундан улам өз жанын кыюу, токсикомания өңдүү терс көрүнүштөр көбөйүшү мүмкүн. Коронавируска каршы күрөштө биринчи катарда турган жана адамдардын өлүмүнө күбө болгон медициналык кызматкерлер өзгөчө психологиялык стресске туш болушууда. Аялдар үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып жатат. Балдарга да социалдык обочолонуу, окуу процессинин үзгүлтүккө учурашы же өзгөрүшү, үй-бүлөдөгү кыйын абал чоң таасир тийгизип келатат», - деп жазылган БУУнун баяндамасында.

Жалпысынан 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыгып кетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG