Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак өткөрмө бекеттеринде тыгын жоюлду


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. Апрель, 2019-жыл.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. Апрель, 2019-жыл.

Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги жагдай тууралуу билдирүү таратып, 17-июнга карата автоунаалардын узун кезеги жана тыгыны жоюлганын кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, эки өлкөнүн ортосундагы «Чалдыбар» жана «Кең-Булуң» бекеттеринин жанданышы «Ак-Тилек» бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын азайтууга салым кошту. Учурда Чүй облусундагы аталган үч өткөрмө бекеттен сырткары Таласта «Чоң-Капка» бекети да иштеп жатат.

Мунун ичинен «Ак-Тилек» менен «Чоң-Капка» бекеттери жарандарды да, жүк ташуучу автоунааларды да өткөрүүдө. «Чалдыбарда» жүк ташуучу автоунаалар гана киргизилип чыгарылса, «Чоң-Капка» алардын Кыргызстандан чыгып кетишин гана тейлейт. Темир жол жүктөрү «Кайыңды-темир жол» бекети аркылуу кирип, чыгат.

Бир айдай убакыттан бери кыргыз-казак чек арасынан автоунааларды өткөрүү жайлаган. Көзөмөл-өткөрмө жайлардын Кыргызстан тарабында 8 чакырымга чейин тыгын пайда болуп, кезекке турган жүк ташуучу автоунаалар 500дөн ашкан эле.

Буга байланыштуу эки өлкөнүн расмий органдары бири-бирин айыпташып, соңунда өкмөттөр аралык сүйлөшүүдөн кийин тилкеден өтүү жеңилдегени кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG