Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Казакстанды кыйгап өтчү темир жол: жылбаган иш


Кытайдан Өзбекстанга өтчү темир жолдун кыргыз бөлүгү бүтпөй турат.

Өткөн айда Кытай менен Өзбекстандын ортосунда соода жолу ачылды, бирок анын Кыргызстан аркылуу өтчү жери дагы такталышы керек, ал болсо кыйла каражатты талап кылат. Бул ирет 20 жылдан бери жылбай турган долбоордун тоскоолдуктары жоюлуп, толук ишке ашырылабы?

Июндун башында жарыя кылынган Кытайдын Ланжоу шаарынан чыккан жүк ташуучу поезддин өзбек борбору Ташкентке жетиши толгон-токой тоскоолдуктарга кабылышы ыктымал. Алардын негизгиси - темир жолдун Кыргызстандан өтчү бөлүгү салынышы кечеңдөөдө.

Атүгүл курулуш иштери баштала элек.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу (ККӨ темир жолу) ондогон жылдар мурун ойлонулган, бирок ишке ашышы күмөн кезектеги опсуз долбоорлордун бири катары көрүнгөн.

Кийинки иш-аракеттерден улам анын жүзөгө ашканына үмүт артса болчудай. Ага жетиш үчүн албетте, дүйнөлүк экономиканын кескин көтөрүлүшүн күтүүгө туура келет.

Атаандаш жолдун аргасы

Кыргызстан аркылуу темир жол катнашынын жоктугун эсепке алып, долбоор боюнча жүктү ташуунун аралаш ыкмасы - темир жана автожолдорду чогуу пайдалануу багыты иштелип чыкты.

Кытайдын түндүк-батышындагы Гансу провинциясынын Ланжоу бекетинен 5-июнда чыккан поезд болжол менен 2,6 миллион долларлык 230 тонна электр жабдууларын жеткирмекчи.

Поезд алгач Кыргызстан чек арасынан анча алыс эмес Шинжаң-Уйгур автоном районунун батыш тарабындагы Кашкар шаарына келет. Кашкардан жүктөр автоунааларга салынып, дагы батышка жүрүп Кыргызстандын Ош шаарына жеткирилип, ал жерден Ташкентке кетчү поездге жүктөлөт. Өзбекстандын Пап - Ангрен темир жолу менен жүк баш калаага жетет, алар жаңы жолду кытайлардын жардамы менен куруп, 2016-жылдын башында ачышкан.

Пап — Ангрен темир жолу.
Пап — Ангрен темир жолу.

Поездге жүк жүктөө, андан автоунааларга которуу Кытайдын поезди жерине кайтканда да кайталанат, бул ирет баасы миллион долларга жакын 525 тонна өзбек пахтасы Ташкенттен жүктөлүп келген жолуна түшөт.

Жолдун бүтүшүн күтпөй кытай поездинин Өзбекстанга каттамды башташы кыргыздардын бүтпөй турган курулушка кызыгуусун ойготту окшойт.

17-июнда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновду, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик темир жол компаниясынын жетекчиси Василий Дашковду кабыл алып унаа катнаш, анын ичинде Кытай - Өзбекстан темир жол маселесин талкуулады.

Кабарларга караганда, Жээнбеков Кытай менен Өзбекстанды байланыштырчу темир жолду Кыргызстандын эң ири жана стратегиялык жагынан маанилүү долбоору деп атады.

18-июнда «Кыргыз темир жолу» өзүнүн сайтында «Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушу бир айдан кийин башталарын» кабарлаган. Ишкананын жетекчиси Василий Дашков бул ишти баштоого эч кандай «өзгөчө тоскоолдуктар» жок экенин белгилеп, айрым бир жагдайлар гана калганын ырастаган.

Бирок 19-июнда веб-сайттан бул кабар өчүп калды.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу бөлүмүнүн жетекчиси Жамшитбек Калилов кийинчерээк 18-июндагы кабар түшүнбөстүктөн чыгып калганын, июль айында эч кандай курулуш иштери башталбай турганын билдирди.

Кыргызстан каалабаган вариант

Калиловдун айтымында, кытай жана өзбек расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Таажы вирусунун айынан ал видео конференция катары өтүүдө. Курулушту каржылоо, ошондой эле буга чейин талаштан башы чыкпай келаткан темир жолдун эни боюнча проблемалар бар.

ККӨ темир жол долбоорун талкуулоо 1990-жылдардын аягынан бери соңуна чыкпай келатат.

1997-жылдын 21-июлунда Кытайдын, Кыргызстандын, Өзбекстандын өкмөт башчылары тийиштүү жетекчилери менен «Эркечтам» кыргыз-кытай чек ара бекетинде темир жол өткөрмөсүн ачууга катышкан.

Ошол жерде алар жакын арада Анжиян - Ош - Кашкар жолу ачыларын ырасташкан. Убада кылынган жол менен жүк ташуу 2018-жылдын башынан тартып ишке кирди. Иш башталганда үч өлкөнүн карым-катнашын жакшыртчу темир жол курулушу башталары белгиленген.

Борбор Азиянын картасы.
Борбор Азиянын картасы.

2001-жылдын июнунда Кыргызстандын транспорт жана байланыштар министри Кубанычбек Жумалиев ККӨ темир жолун куруу боюнча макулдашуу түзүлгөнүн жарыялаган. Андан алты жыл өткөн соң 2008-жылдын январында кытайлык «Синьхуа» маалымат агенттиги курулуш иштери башталганын, темир жол 2010-жылга карата бүтүп каларын кабарлаган.

Андан бери кыргыз же өзбек расмий адамдары кытайлык жетекчилер менен жолугушууларында темир жол курулушун эрикпей айтып келишти. Бирок иш жүзүндө курулушту аягына чыгаруу аракеттери жанданган жок.

2017-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев темир жол долбооруна токтолуп, анда Кыргызстандын аймагынан өтчү темир жолдун бир да жерде токтолбой тургандыгын, долбоордо токтой турган бекеттер каралбай калганын сынга алган.

Атамбаев темир жолдун маршрутун өзгөртүүнү сунуш кылып, темир жол Ат-Башы менен Казармандын жанынан өтүшү туура болорун белгилеген. Бул баштапкы долбоордогу багыттан кыйла түндүк тарапты карай созулуп, ошол эле Атамбаев ырастагандай, курулушка кетчү чыгымды 1,5 миллиард долларга кымбаттары айтылган.

Калилов темир жол маршруту кандай өтөрү азырынча тактала элек экенин белгиледи.

2018-жылдын мартында ошол эле Калилов транспорт жана жолдор министри болуп турган кезинде кытай тарап Кыргызстан аркылуу өтчү темир жолдун кыска багытын сунуш кылып жатканын билдирген.

Кыска жол дегенде, албетте, «Эркечтам» чек ара өткөрмөсү, Кашкардан батышты көздөй созулган 230 чакырым жолду, автоунаа жана темир жол катнашы катары ушу тапта пайдаланылып жаткан багытты эске алып жаткан болуш керек.

Калилов ырастагандай, Кыргызстан Кытайдан келчү темир жол «Торугарт ашуусу аркылуу өтүшүнө болгон күч-аракетин жумшайт». Жол анда Кашкардан түндүктү карай 165 чакырым созулуп, андан Кыргызстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга өтүп кетмек.

Атамбаев белгилеген темир жолго кетчү 1,5 миллиард доллар Кыргызстанда жок. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын веб-сайтында 18-июнда чыккан маалыматта Дашков Кыргызстан аркылуу өтчү темир жолдун наркы болжол менен 4,5 миллиард долларды түзөрүн билдирген.

Кыргызстан аркылуу өтчү темир жолдун узундугу анча деле узак эмес, болжол менен 450-500 чакырымды түзөт. Бирок бул жол бийик тоолор аркылуу өтөт, анын бийиктиги айрым жерлерде 2000 метрден 3500 метрге чейин жетет.

Бул курулуштун татаалдыгы 50гө жакын тоо тешип, 90дон ашуун көпүрө салууга байланышкан. Каржы жагынан кыйналып жаткан Кыргызстан үчүн эле эмес, байманасы ашып-ташып жаткан өлкөлөр үчүн деле бул аткарылышы аябагандай оор жумуш.

Кыргызстандын тоолору - кургак жер аркылуу өтчү жол курулушунун долбоорчулары үчүн олуттуу сыноо.
Кыргызстандын тоолору - кургак жер аркылуу өтчү жол курулушунун долбоорчулары үчүн олуттуу сыноо.

Дашковдун айтымында, акча жагынан анча деле кам санабай койсо болот, «орус менен өзбек тарап бизге жардам берүүгө даяр».

Бул өзү таң калычтуу билдирүү. Кыргызстан аркылуу өтчү темир жол курулушуна эки өлкө ири өлчөмдөгү акча чыгарып жибергидей деле жөнү жок. Ага каржылык чама-чаркынын жетиши күмөн. Жалаң Орусия жөнүндө айта турган болсок, анын аймагын айланып өтүп Европа менен Азиянын ортосунда жаңы соода жолун ачып жаткан долбоорго опсуз акча жумшоого анын кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн?

Анткен менен 2019-жылдын ноябрь айынын соңунда президент Жээнбеков ККӨ темир жол курулушунун «техникалык-экономикалык негиздемесин» даярдоого Орусия миллион рубль акча (3,15 миллион АКШ доллары) бөлө тургандыгын билдиргени кабарланды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2020-жылдын апрелинде ККӨ темир жол курулушуна Орусиянын катышуусу тууралуу Кытай менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирди.

Батышка барчу мыкты жол

Июндун башында жүктөрдү темир-авто жолдор менен аралаш ташуу башталганда темир жол Кыргызстанда курулуп калса, Кытайдын Европага жана Жакынкы Чыгышка эң кыска соода жолу ушул жерден өтөрү байма-бай айтылды.

Ушу тапта Кытайды Европа жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштырчу темир жол Казакстандын «Хоргос» текшерип-өткөрмө пункту аркылуу жүргүзүлөт. Мына ушул темага арналган бир макалада Кыргызстан менен Өзбекстан аркылуу өткөн темир жол «Хоргоско салыштырмалуу 295 чакырымга кыска болору» белгиленген. Ага улай, мына ушул «көнүмүш жол менен жүк ташууга (Хоргос аркылуу) караганда убакыт беш күнгө кыскарары» ырасталган.

Кытайдан Европага кургак жол менен. Казакстан менен Кытай чек арасындагы Хоргос порту дүйнөлүк соодага кандай таасир көрсөтөт:

Алдагыдай кыска жолдун курулушу Казакстанга жакпашы мүмкүн, анткен менен башка өлкөлөр андан пайда гана көрүшөт - ККӨ темир жолу Батышка жеткиче кыйла өлкөлөрдү басып өтөт.

Дагы бир макалада темир жол Ооганстан, Иран жана Түркия аркылуу Европага чыга тургандыгы айтылса, башка бир маалыматта темир жол Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизине жеткенде жүк кемеге салынып, андан Стамбулга, соңунда Европага ташылары болжолдонот.

Кандайынан келгенде да, эки багыт тең ишке кириши мүмкүн, бир гана Ооганстан аркылуу темир жолдун өтүшү коопсуздук маселелерине байланыштуу узакка созулуп кетиши ыктымал.

Борбор Азиядан газ менен электр энергиясын Ооганстан аркылуу Пакистанга алып өтүү 20 жылдан ашуун убактан бери коопсуздук маселесинин айынан ордунан жылбай турат.

Кытай тарап ККӨ темир жолун курууга өзгөчө кызыгуу артып жатышынын дагы бир себеби бар. Кыска жол Өзбекстандагы Миң-Булак мунай кенине жол ачат.

Миң-Булак мунай кенинин буга чейин жаманатты болуп калган жайы бар - кара майы төгүлүп, кыйла чуу салган. Мунай алып чыкчу соргучтардын биринин 1992-жылдын мартындагы жарылуусунан 285 миң тоннага жакын кара май жайылып, жалындаган чоң өрт чыккан. 60 гектардан ашуун жердеги опсуз өрттү эки айдан ашуун убакыттын ичинде араң өчүрүшкөн.

Ошондон кийин ал кенди иштеткенге кызыккан тарап болбой, кароосуз калган. 2008-жылдын октябрында Кытай улуттук мунай корпорациясы (CNPC) өзбек өкмөтү менен келишим түзүп, ири кенди иштетүүгө 2035-жылга чейин укук алган. 2015-жылы дүйнөлүк базарда мунайдын баасы түшүп кеткендиктен кытайлык компания ишин токтотуп, анан кайра 2017-жылы казып алууну уланткан. Кытайлык CNPC компаниясынын эсебинде Миң-Булак мунай кенинде 30 миллиондон ашуун тонна кара май бар, суткасына төрт миңдей баррел кара май алууга болот.

Кытайдын опол тоодой керектөөсүн эсепке алганда бул аябай эле аз, бирок ал кытай чек арасынан 500 чакырым алыстыкта турат, мунай кенинин кызыкчылыгы ушуга байланышкан.

Азыр ал кен автожол аркылуу гана ташылат. Миң-Булак Өзбекстандын Наманган облусунда жайгашкан, ал жерде Пап темир жол бекети бар, ККӨ темир жолу мына ушул Пап аркылуу өтөт.

Темир жол курулушуна каражатты ошол эле Кытай менен Өзбекстандан алышка Кыргызстан умтуларын, анан да темир жолдун айрым бекеттери бул жерде деле турушу туура болорун ырастап, Кыргызстандын транспорт жана жолдор министри Бейшенов 2019-жылдын августунда темир жол Кыргызстандын жаңы иштетиле турган кендеринин ачылышына шарт түзөрүн, темир жол курулуп калса өлкө көмүр, алтын, алюминий, дагы башка ресурстарды экспортко арбын чыгара турганын билдирди.

Антсе да Кыргызстан жакын арада өзүнө тиешелүү жерде курулуш иштерин башташы күмөн.

Ал эми ККӨ темир жол курулушу - Кытайдын Борбор Азия менен байланыштырчу эң ири долбоору, бирок ал аягына чыкпай турат (экинчиси - түркмөн-кытай D газ кууру).

Европа менен Жакынкы Чыгышка барчу темир жолду кеңейтүү аракети ушул азыр, кийин деле көптөгөн өлкөлөр үчүн кызыктуу болору турган кеп. Анткени анын курулушуна жалаң эле Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан куштар эмес.

Макаланы даярдоодо «Азаттыктын» кыргыз редакциясынын материалдары пайдаланылды.

Макалан түп нускамасын бул жерден окуй аласыз.

Кыргыз тилине Бекташ Шамшиев которду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (14)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG