Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Эл аралык темир жолдун тагдыры табышмак


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо боюнча кайчы маалымат таратты.

Өткөн кылымдын аягынан бери пландалып, курулбай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан соң башталарын «Кыргыз темир жолу» ишканасы 18-июнда расмий жарыялаган.

Ишкананын сайтына чыккан билдирүүдө долбоор боюнча сүйлөшүү аягына чыгып калганы жана бардык тараптар бир пикирге келгени айтылган эле.

Kjd.kg сайтында 18-июнда жарыяланган кабардын скриншоту. Мында Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталары жазылган. Скриншотту Economist.kg басылмасы сактап алган.
Kjd.kg сайтында 18-июнда жарыяланган кабардын скриншоту. Мында Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталары жазылган. Скриншотту Economist.kg басылмасы сактап алган.

Атүгүл «Кыргыз темир жолунун» башкы директору Василий Дашковдун «Өзгөчө деле тоскоолдуктарды көргөн жокпуз, бир нече жолугушуу өткөрүп, анан курулушту баштайбыз. Каржы булагы болсо, Орусия жана Өзбекстан жардам берүүгө даяр. Жалпысынан долбоордун баасы 4,5 миллиард доллар»,-деген сөзү жазылган.

Ошондой эле бул темир жолу сөзсүз өлкөнүн түштүгү аркылуу өтөрү, бул коңшу өлкөлөргө транзит үчүн акы төлөбөш үчүн зарыл экени кабарланган. Расмий кабарды башка ондогон сайттар жана басылмалар көчүрүп чыгарышкан.

Эң кызыгы, «Кыргыз темир жолунун» расмий маалыматы аталган ишкананын жетекчиси дал ушул маселе боюнча президент Сооронбай Жээнбеков катышкан жыйындан соң таратылган эле. Тактап айтканда, 17-июнда өлкө башчынын басма сөз кызматы темир жол тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөргөнүн жарыялаган. Жыйынга тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков катышкан. Анын жүрүшүндө темир жол долбоорлорун ишке ашыруу, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору талкууланган.

«Президент транспорт секторундагы эң ири жана стратегиялык долбоорлордун бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо болуп саналарын баса белгиледи»-деп айтылган президенттин кеңсесинин маалыматында. Бирок бир күн өтпөй «Кыргыз темир жолу» курулуш башталары жөнүндө билдирүүнү толугу менен өчүрүп, медиа каражаттарын жалган кабар таратты деп айыптап чыкты.

Ишкана долбоор боюнча Кыргызстандын, Кытайдын, Өзбекстандын жана Орусиянын Транспорт министрликтеринин жана темир жол администрацияларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр дале уланып жатканын кабарлаган. Ошондой эле толук макулдашуу боюнча жолугушуулар жакын арада өтөрүн белгилеп, бирок курулуштун башталыш мөөнөтүн такташкан эмес.

Ошентип, темир жол курулушуна негизги жооптуу орган ири долбоор боюнча эки ача маалымат таратып, көптөгөн суроолорду пайда кылды.

Аягына чыга элек сүйлөшүүлөр

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов жаралган абалды түшүнбөстүк деп атады. Анын айтымында, учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек:

Жамшитбек Калилов
Жамшитбек Калилов

«Курулуш баштоого жакындай элек. Учурда Кытай, Өзбекстан менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буга чейин эки жолу видеоконференция кылганбыз. Кийинки аптада үчүнчүсүн өткөрөбүз. Сүйлөшүү уланып жатат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору журналисттер анын сөзүн башкача берип коюптур деп жатат. Бир айдын ичинде курулуш баштоого эч даярдык жок. Каржылоо да чечиле элек».

Ошондой эле Калилов курулчу темир жолдун маршруту жана эни боюнча тараптар бир пикирге келе электигин кошумчалады. Ал Кыргызстан болушунча темир жолду Торугарт аркылуу өткөрүүгө аракет кыларын билдирди.

«Маршрут боюнча тактала элек. Бул жерде биздин өлкөнүн аймагынан кандай кылып өткөрсөк да, Өзбекстан бардык вариантка макул. Кытай жана Кыргызстандын бул маселеде сүйлөшүүсү маанилүү болуп турат»,-деди Жамшитбек Калилов.

Дал ушундай абалда дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков «Кыргыз темир жолунун» акыркы аракеттерин жоопкерсиздик катары баалады:

Талант Кушчубеков
Талант Кушчубеков

«Мындай чоң долбоордо ар бир айтылган сөз, таратылган маалымат бир нече жолу текшерилип берилиши керек. Биздин «Кыргыз темир жолу» ишканасы бүгүн бирди айтып, эртең аны жок дегидей баланын оюнубу? Бул чынын айтканда уят нерсе. Ал чакан, жеке ишкана эмес да. Анын үстүнө жетекчилигине таянып айтып жаткан соң абдан текшерилип берилиши керек болчу».

Негизи Кыргызстанды туңгуюк абалдан чыгарат деген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоор туурасында өткөн кылымдын аягынан бери эле кеп козголуп жүрөт. Андан бери жолдун эни, каттамы боюнча бир пикир табылбай, идея ишке ашпай турат. Айрым эксперттер бул долбоор дегеле жакын арада турмушка ашпайт деп күмөн санашат.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков бул долбоорду ишке ашырууга Орусия да катышуусу керек деген оюн билдирген. Муну өткөн айларда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да ырастап, Кытай менен темир жолду куруу боюнча ишти баштаганын айтып чыккан.

"Торугарт аркылуу өтүшү керек"

Эгемен Кыргызстандын тарыхында эң ири долбоорлордун бири болот деген темир жолдун каттамынын Торугарт аркылуу өтүшү абдан маанилүү. Анткени мындай каттам өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырат жана кен байлыктарын иштетүүгө шарт түзөт.

2000-жылдардын башында Жогорку Кеңеш темир жолду ушул каттамда куруу боюнча атайын мыйзам кабыл алган. Анын авторлорунун бири, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков учурда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого аракет кылышы керектигин белгилейт:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

«Менин оюнча, темир жол Торугарт жактан Өзгөн аркылуу Өзбекстанга өтүп кетчү каттамы бар. Бул Кыргызстанга абдан пайдалуу. Анткени Өзгөндө Кара-Кечеден кийинки эле көмүрдүн кени бар. Аны иштетүүгө жакшы болмок».

Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушунун ишке ашпай келишине Өзбекстан бийлигинин каршылыгы себеп болуп келген. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин жанданган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG