Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Темир жол долбооруна Орусия кошулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жанданып, аны ишке ашырууга Орусия да тартылып жатканы белгилүү болду.

Ташкентте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешмесинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев расмий Бишкек «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоорду тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Буга чейин темир жолдун каттамдары, туурасынын эни жана каржылоо булагы боюнча тараптар бир пикирге келе албай, долбоорду ордунан жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган

Жамшитбек Калилов
Жамшитбек Калилов

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын темир жол долбоорлоо дирекциясынын жетекчиси Жамшитбек Калилов соңку жолугушууда темир жолдун эни жана каржылоо модели боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди:

- Мурда Кытай тарап "эгерде биздин шартка макул болбосоңор анда буга катыша албайбыз" деген бир жактуу маанайда болсо, азыркы мезгилде өздөрү байланышка чыга баштады. Кечээ жакында Кытайдан келген делегация менен жолуктук. Буга чейин Кытай тарап, темир жолду кууш эни менен курууну сунуштап келсе, бул жолку сүйлөшүүдө аны бир эле учурда кең жана кууш эни менен катарлаш курууга макул болду. Бул темир жол долбоорун ордунан жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдөгү алгачкы жылыш болду. Биз бул темир жолун каржылоо моделин иштеп чыгуу боюнча да бир пикирге келип жатабыз. Бул жерде өкмөт насыя алып, кепилдик берген жол менен эмес, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде каражат тартуу маселеси макулдашылды. Инвестиция тартып келген тарап темир жолду пайдалануу укугун алып, кеткен чыгымын пайдасы менен чыгарып алган соң, кийин аны биздин мамлекетке өткөрүп берет.

Кытай "Бир алкак - бир жол" программасынын алкагында жаңы эл аралык транспорттук коридорду иштеп чыгып, ишке ашыруу демилгесин көтөргөн. Буга чейин Циндао шаарында өткөн саммитте Казакстан аны өз аймагы менен алып өтүп, Орусия аркылуу Европага кеткен жогорку ылдамдыктагы темир жол магистралын өркүндөтүүнү сунуш кылса, расмий Ташкент Кытайдан Кыргызстан аркылуу өтүп, Өзбекстан, Ооганстан, Иран аркылуу Европага кеткен жаңы темир жол куруу долбоорун колдоорун жарыялаган.


Буга чейин Казакстан жана Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жол долбоорлорунун ортосунда атаандаштык күчтүү болору айтылып келген. Анткени Кытай үчүн Кыргызстан-Өзбекстан-Иран багыты Казакстан аркылуу өткөн темир жол тоомуна караганда 950 чакырымга кыска жол болору эсептелген.

Кытай үчүн Европадан мурда Ирандын мунайына жетүү зарыл экени, ошондуктан Кыргызстан аркылуу кетчү темир жол каттамы расмий Бээжинге маанилүү экени айтылган.

Жамшитбек Калилов буга чейин үч тараптуу сүйлөшүүлөр жүрсө, эми бул долбоорго Орусия катышууга даярданып жатканын жарыялады:

- Азыр бул долбоорду Орусия тарап да кызуу колдоп, ага кошулууга даярданып жатат. "Орусиянын темир жолдору" компаниясы менен биз биргеликте аталган долбоордун биз аркылуу өтө турган тоомунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыктык. Анда аталган темир жол каттамдары каяктан өтөрү белгиленип, кайсы жаратылыш кендери иштетилип, ошол темир жолу мене ташууга ыңгайлуу боло турган мерчемдери аныкталды. Орусия тарап долбоорлоо ишине жана курулуш материалдары жагынан гана жардам бере турганы макулдашылган болсо, азыр ал тикелей каржылоо маселесин дагы кароого дагы убада берип жатат. Өзбекстан курулушка, долбоорлоого жардам көрсөтүп, каржылоого катышып, анан бул темир жол бүткөндөн кийин жылына 6 млн. тонна жүк ташып өтүүгө кепилдик берип жатат.

Каттамдардын мааниси

Бул эл аралык темир жол долбоорунун алкагында расмий Бишкек Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жол багытын аныктап, иштеп чыккан. Ал башында Эркечтам - Сары-Таш - Ош - Анжиян багыты боюнча сунушталса, кийин Кыргызстан өз аймагында Торугарт - Ат-Башы - Ак-Талаа -Тогуз-Торо-Жалал-Абад багытын сунуштаган. Үчүнчү вариант катары Торугарт-Ак-Талаа -Кара-Суу багыты каралып, бирок анда кен байлыктары темир жол каттамы өтчү аймактан алыс кала турганы көрсөтүлгөн.

Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев бул долбоордогу эң маанилүү маселе өлкө аймагы аркылуу өтчү темир жол тоомун аныктоо деп эсептейт:

- Бул темир жол долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси мурда эле даяр болчу. Бирок бизде ар бир келген жетекчи эле "мына эми баштадык, негиздемени иштеп чыктык" деп айта берет. Бирок анын иштелип чыкканына көп жыл болду. Бул багыт боюнча каттам башкасына караганда 1000 чакырымга чейин кыска болору жана Кытайдан Европага чейин бир жумада жетсе боло турганы боюнча тыянак чыккан. Ошон үчүн Кытай бул багыт боюнча темир жолун курууга кызыкдар. Орусия кызыкдар болуп жаткан Тажикстан - Кыргызстан - Казакстан - Орусия каттамы боюнча өтө турган темир жолу болчу. Анан эми Кытай тарап демилге көтөргөн жанагы багыт боюнча кимдин кызыкчылыгы үстөмдүк кылары азырынча белигсиз.

Темир жол долбоорундагы чоң саясат

Ал эми саясий аналитик Айданбек Акмат уулу Орусиянын Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбооруна катышуу далалатын анын Борбор Азия чөлкөмүндөгү геосаясий таасирин сактап калуу аракети менен байланыштырды:

Орусия кааласа, бул долбоорду ишке ашырбай коё алат. Анткени биздеги "Камбар-Ата-2" ГЭС долбоорун да өзүнө алып, бирок маалкатып, ишке ашырбай койгон.
Айданбек Акмат уулу.


- Кыргызстан тарап көп жылдан бери ниет кылып, аны ишке ашырууга аракет жасагандай болгону менен бул маселеде Орусиянын тымызын каршы болгон позициясынын айынан аны ишке ашыруу 15 жылдан ашуун убакыттан бери кечеңдеп келди. Орусия чөлкөмдү өзүнүн геосаясий кызыкчылыгындагы аймак катары карап, башка державалардын долбоорлорун ишке ашырууга тоскоолдук жасап келген. Бирок былтыр Орусиядан жоон топ делегация келгенде, "Кыргыз темир жолу" компаниясы менен "Орусиянын темир жолдору" мекемеси кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюп, ушул долбоорго анын катыша турганы айтылган эле. Эми азыр ошол нерсе ишке ашып, Кытай чөлкөмдөгү таасирин сактоо үчүн аталган долбоорго киришип жатат. Бирок Орусия кааласа, бул долбоорду ишке ашырбай коё алат. Анткени биздеги "Камбар-Ата-2" ГЭС долбоорун да өзүнө алып, бирок маалкатып, ишке ашырбай койгон. Бирок бул жерде аны ишке ашырууга Кытай, Иран сыяктуу чоң мамлекеттер жана Өзбекстан кызыкдар болуп жатат. Ошол үчүн да ал долбоорду көзөмөлдөө үчүн бул долбоорго кирип жаткан болуш керек.


Транспорт министрлигинин иштеп чыккан сунушу боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун Кыргызстан аймагы аркылуу өтчү тоомунун жалпы узундугу 433 чакырым.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси 10 жыл мурун көтөрүлүп, ага 6-6,5 млрд. доллар каражат кетери болжолдонгон болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG